Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Парламент жыйыны: Карама-каршы пикир


"Ала-Арча" резиденциясындагы жыйындан бир көрүнүш.
"Ала-Арча" резиденциясындагы жыйындан бир көрүнүш.

Парламенттин алтынчы чакырылышындагы КСДП фракциясынын депутаты, вице-спикер, жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңешке шайлоодо «Биримдик» партиясынан талапкер болгон Аида Касымалиева 10-октябрдагы премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду дайындоо боюнча кезексиз жыйында коркутууга кабылганын билдирип чыкты.

10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекиткен.

Бул жыйынга катышкан депутаттар жана Садыр Жапаров өзү да кворум чогулуп, баары мыйзам чегинде өткөнүн билдиришкен. Ошол эле кезде бир катар депутаттар, коомдук ишмерлер жана юристтер парламенттин 51 депутаты катышып, 10у ишеним кат менен добуш бергени айтылган жыйында кворум чогулбаганын белгилеп жатышат.

Парламенттин алтынчы чакырылышындагы КСДП фракциясынын депутаты, вице-спикер Аида Касымалиева 10-октябрдагы премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду дайындоо боюнча кезексиз жыйында коркутууга кабылганын билдирип чыкты.

- Сиз Садыр Жапаровду премьер-министрликке шайлоо учурунда кворум болгон жок деп айтып жатасыз. Эмне үчүн мындай ойдосуз? Ошондой эле сиз Ала-Арча резиденциясындагы жыйынга келип, кайра кетип калдыңыз. Эмне себептен андай кадамга бардыңыз?

- Кечээги жыйындын күн тартибинде премьер-министрди дайындоо эмес, премьер-министрдин программасы жана өкмөттүн курамы, аны бекитүү маселеси каралды. Кворум болбогондун себеби, регламентте «депутаттардын көпчүлүгү, кеминде 61 депутат ошол жерде өзү отурушу керек» деп так жазылып турат. Ишеним кат 61 депутат жеке өзү чогулгандан кийин гана топтолот.


Кечээ мен отурганда 46 депутат, алты ишеним кат бар болчу. Бирок мен чыгып кеттим. Себеби биз ал жерде бир сааттан ашыгыраак отуруп калдык. Кворум такыр чогулбай жаткандыктан мен катышкым келген жок. Анткени башынан эле иштер мыйзамсыз болооруна көзүм жетти.

Анын үстүнө ошол жерде депутат Урмат Самаев «силер ошол жерге келесиңер, добуш бересиңер» деп коркутуп жүрдү. Менин өзүмө да коркутуу болду. Андан кийин бир топ депутаттар чыгып баратканда кайра ордуна кайтарып жатты. Ар кимге чалып «келесиңер, добуш бересиңер, каршы добуш бергендерди үйүнө чейин барып, тытмалап кетебиз» деген сөздөр болду. Мен ошондуктан ал жыйынга катышпай кетип калдым. Себеби бардыгы легитимдүү болушу керек.

- Садыр Жапаров «президент кызматтан кетүүгө даяр» деп айтты. Президент негизи кызматтан кетиши керек деп эсептейсизби? Өзүңүз акыркы күндөрү президент менен жолуга алдыңызбы?

- Президент калышы керек. Мага түнү менен эл аралык өнөктөштөр, бардык элчилер, эл аралык журналисттер, саясатчылар чалып, «президент азыр калышы керек, бийликти ОПГга (уюшкан кылмыштуу топторго - ред.) бере албайбыз, ушундай маалда президент калышы керек» деп пикирин айтып жатышат. Мен да ошондой пикирдемин. Президент кетпеши керек. Себеби бул башында биз ойлогондой стабилдешүү эмес, «каралардын» бийликке, бүт мамлекеттик түзүмдөргө келиши болуп жатат.

Акыркы күндөрү президент менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.


- Жапаров «эгер президент кызматтан кетпесе, ага импичмент жарыяланат» деп айтты. Бул президентке коюлган ультиматум, коркутуу эмеспи?

- Албетте, бул опуза жана басым жасоо, ачык эле коркутуу. Себеби кечээ да депутаттарды коркутуп-үркүтүп алып келишти. «Эгерде мага каршы добуш берсеңер, үйүңөргө чейин барып таап алабыз, эми өзүңөрдү жок кылууга чейин барабыз» деген сөздөр болду.

- Жогорку Кеңештин 10-октябрда өткөн жыйыны боюнча эки ача пикирлер, суроолор жаралып жатпайбы. Эгер кимдир-бирөөлөр арыз жазса, бул маселе сотто каралышы мүмкүнбү?

- Сотто каралышы керек. Биз азыр кагаздарды даярдап, сотко кайрылуу үчүн камылга көрүп жатабыз.

- Сизден башка кайсы депутаттар, канча депутат 10-октябрдагы жыйындын мыйзамдуулугунан шек санап жатышат? Кайсы депутаттар ишеним кат бергенин билесизби?

- Ооба, кептин баары ошондо болуп жатат. Себеби кворум болгон жок. Ал ишеним каттарды текшерип чыгыш керек. Анткени регламент боюнча жөн эле бир депутаттан экинчи депутатка бериле бербейт. Бир фракциянын ичиндеги депутаттарга гана берилет. Бир депутатта экиден ашык ишеним кат болбошу керек.

Мен чыгып кеткенден кийин «мени каттабагыла» деп, «Вотсапка» атайын жаздым. Документ катары сакталып калсын дедим. Ошентсем да болбой каттап, добушту эсептеп коюшуптур. Мен ал жерде отуруп, добуш берген жокмун да.


Бул кворум болгон жок деген маселеге тиешелүү. Андай депутаттар абдан көп. Мисалы, «Ата Мекен» фракциясы толугу менен десек болот. «Республика-Ата Журттун» «Республика» бөлүгү, КСДПнын «Социал-демократтар» деп чыгып жаткан бөлүгү.

Ошол маалыматты мен вице-спикер катары чакыртып алайын десем, мени Ак үйгө киргизбей коюшту. Бирок ал маалыматты аппарат мага ачыктап бериш керек. Эгер ачыктабаса анда мыйзамсыз.

Бакыт Аманбаев: Вице-спикердин айткандары негизсиз

Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка мурдагы депутат Камчыбек Ташиев башында турган "Мекенчил" партиясынын тегерегине чогулган күчтөр сүрөгөн.

«Мекенчил» партиясы менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиеванын Садыр Жапаровду премьер-министрликке шайлаган парламент жыйынында "депутаттар коркутууга кабылды" деген пикирин негизсиз деп эсептейт. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» берген комментарийинде билдирди.

- Бир канча депутат Садыр Жапаровдун шайланышында кворум болгон жок деп айтып жатат. Буга жообуңуз кандай болот?

- Ал жерде кворумду жасабай, эки саат күтүп отурушпадыбы. Эгер келишпесе, жыйын башталбайт эле да. Ал жерде өзүңөр көрдүңөр, медиа каражаттарынын өкүлдөрү катышып, коомчулукка түз көрсөтүп жатты. Депутаттар саат алгач экиге, үчкө деп, андан кийин саат төрткө деп, кворум болбой, жыйын улам-улам артка жылып отурду. Акыркы 64 депутат келип катталып, бир нече депутат өзүнүн ишеним катын берип, ошолордун баары катталгандан кийин кворум түзүлүп, депутаттардын отуруму башталды.

Бакыт Аманбаев.
Бакыт Аманбаев.

Муну эч ким жокко чыгара албайт го. Буга чейинкини да мыйзамсыз деп айтып жатышты эле. Азыркыны да айтып жатышса... Кыргызстан ушундай кырдаалда турганда эмне үчүн Аида Касымалиева кетип калат? Эмне үчүн катышып отурбайт? Эмне үчүн каршы добушун бербейт? Эмне үчүн Кыргызстандын ушундай абалдан чыгышына өзү баш болуп салымын кошпойт? Ал элдин депутаты го. Жогорку Кеңештин депутаты элдин өкүлү болгондон кийин жок дегенде өзүнүн жоопкерчилиги болушу керек.

- Аида Касымалиева ал жерде баары мыйзамсыз болуп жатканын көрүп, кетип калганын айтты. Ошондой эле "«Кыргызстан» партиясынан депутат Урмат Самаев башка бардык депутаттарды коркутуп жүрдү, анын ичинде мени да опузалады" деп айтып жатпайбы?

- Ар кандай сөздөрдү, ушак сөздөрү айта берет да. Далилдерин эмне үчүн алып чыкпайт? Депутат го... Эмне үчүн басма сөз жыйынын өткөрбөйт? Бул - саясий тапшырма. Мунун артында бирөөлөр турат да. Анын кантип депутат болгонун билебиз да, туурабы?

Төрт күндөн бери Кыргызстан ушундай оор абалда турат. Өлкөбүздү жоготуп алуу коркунучунда турабыз. Бирден-бир легитимдүү орган деп Жогорку Кеңеш аталып жатат. Жогорку Кеңеш жыйынга чогулуп туруп, өлкөнү укуктук талаага келтирүүгө ар бир депутат өзүнүн жарандык милдетин аткарып, отурумга катышып, каршы болсо каршы пикирин айтышы керек болчу да.

Тескерисинче отурумга келип, бирок катышпай, кетип калып, ар кандай сөздөрдү айтууну кандай деп бааласак болот? Ошондой депутатты эмне деп атасак болот? Кыргызстан ушундай акыбалда турганда... Коркутту десе, ал мектептин кичинекей окуучусу же катардагы адам эмес да. Ал деген Жогорку Кеңештин депутаты. Эмне үчүн ошол жерде маалымат жыйынын өткөрбөйт? Анткени ал жерде ЖМК өкүлдөрү көп жүрдү. Эгер коркута турган болсо ошол жерден айтат эле да.

Алардын максаты башка болчу. Алардын максаты – кворум чогултпоо, ошол күнү жыйынды өткөрбөө, Кыргызстанды укуктук талаага түшүрбөө, Кыргызстанда башаламандык кылуу, кайрадан мурдагы президентти алып келүү болгон. Аларда кайрадан бийликти узартабыз деген үмүт болгон. Бирок алардын тилегин таш капты. Эл колдогон жок.

Эл колдогон лидер келди. Алардын эмес, элдин каалоосу болду. Ошолордун баарын көрүп туруп, кайра ушинтип айтып жатышат. Бул туура эмес.


- "Президент барымтада калды" деген да сөздөр болуп жатат. Аида Касымалиева Садыр Жапаровдун «президент 2-3 күндө арызын жазып бергенге даяр, жазып бербесе ага импичмент жарыяланат» деп айтканын коркутуу, шантаж деп баалап жатат. Сиз буга эмне дейсиз?

- Президент кимдин барымтасында калыптыр? Андай эмес. Мына ушундай окуяга, элдик толкундоого президенттин жана анын командасынын аракетсиздигинен улам келдик да. Президент жана анын командасынын одоно мыйзам бузганынан улам келдик да. Шайлоодо добуштарды жапырт сатып алып, административдик ресурсту, бандиттерди колдонуп, артында коррупционер, ууру турган партияны Жогорку Кеңешке алып келем деген аракети үчүн ушундай абал түзүлдү го. Муну ким тана алат? Ошон үчүн ушундай толкундоо болду да.

Садыр Жапаров ал мезгилде түрмөдө отурду го. Ошондуктан мындай айткандарынын баары суу кечпейт. Булардын бардыгы бийликке кайра келебиз деген үмүттө отурушат. Андай болбойт. Сооронбай Жээнбеков эч убакта кайра бийликке келбейт. Келсе да анын моралдык укугу жок. Келип да иштей да албайт. Себеби анын моралдык укугу жок.

XS
SM
MD
LG