Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Президент импичмент маселесин талкуулоого даяр


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

8-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков парламент депутаты Мыктыбек Абдылдаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, абалды турукташтыруу боюнча бир катар сунуштар талкууланганы жарыяланды.

Парламенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта депутат Мыктыбек Абдылдаев спикер экени белгиленип, ал 8-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү кабарланды. Алар өлкөдөгү саясий кырдаалдан чыгуунун жолдорун талкуулашкан. Анда Абдылдаев президентке импичмент маселесин айтып, чукул арада саясий кризистен чыгыш керек экенин белгилеген.

«Айрым эл өкүлдөрү тарабынан президентти кызматтан четтетүү процедурасы башталгандыгын эскертти. Мыктыбек Абдылдаев президентке кабыл ала турган чечимдер канчалык оор болбосун, ушул күндөрү түзүлгөн кырдаалдан чукул арада чыгуунун жолдорун ыкчам түрдө карашы керек экенин белгиледи», - деп айтылат парламенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева да экөөнүн телефон аркылуу сүйлөшүүсү жөнүндө кабарлап жатып, Абдылдаевди спикер катары белгиледи. Стамалиеванын айтымында, Жээнбеков президент укуктук алкакка кайтууда негизги ролду спикер аткарарын белгилеп, кадрдык өзгөртүүлөрдү жана башка документтерди мыйзамдаштырууда сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген. Ал эми импичмент маселеси боюнча да позициясын айткан.

«Парламентте козголуп жаткан, президентке импичмент жарыялоо маселеси да айтылды. Бул боюнча Сооронбай Шарипович өлкөдө түзүлгөн саясий кырдаалды укуктук алкакка алып келүү маселеси зарыл экенин айтты. Ошондон кийин спикер жана башка күчтөр менен отуруп, калган башка маселелерди талкуулоого даяр экенин баса белгиледи», - деди Стамалиева.

Стамалиева президент Сооронбай Жээнбеков ушу тапта Бишкек шаарында экенин айтты.

7-октябрда Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Мыктыбек Абдылдаевди спикер катары тандап, 6-октябрдагы окуядан кийин абактан чыккан саясатчы Садыр Жапаровду өкмөт башчылык кызматка көрсөткөнү кабарланган. Бирок өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун арызын президент кабыл алганы боюнча маалымат жок. Ошондой эле спикер Дастанбек Жумабековдун кызматтан кеткени боюнча өзүнөн маалымат алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Жапаровдун талапкерлигин көрсөтүүдө мыйзам сакталдыбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:23 0:00

6-октябрдагы окуядан эки күндөн кийин расмий бийлик органдары маалымат тарата баштады. Маселен, 8-октябрда Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткарып жаткан Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңеши - учурда жалгыз легитимдүү орган экенин билдирди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматкери Рахат Сулайманов «бул милдетти Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысы жок болгонуна байланыштуу аткарып жатат» деди. Сулайманов Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев кайда экенин билбей турганын кабарлады.

8-октябрда жарандык коомдун катышуусундагы жыйында Суваналиев азыркы туңгуюк абалда Коопсуздук кеңеши жалгыз легитимдүү орган экенин, өлкөдөгү оор кырдаалды ого бетер курчутуп жибербеш үчүн Коопсуздук кеңеши укук жана тартип коргоо кызматтарынын ишин координациялоону өз колуна алганын айтты:

«Кырдаал оор. Саясий күчтөр бири-бирине карама-каршы. Ар бир партиянын тарапкерлери өзүнө тартып, митинг кылып, келише албай жатышат. Мурдагы бийлик кайра «кеткен жокпуз, иштеп жатабыз» деп чыкты. Президент «мыйзамдуумун» деп жатат. Учурда жалгыз легитимдүү орган - Коопсуздук кеңеши. Мен орун басарлык кызматымды аткарып, бардык күч кызматтары менен иштеп атабыз. Курал-жарак бар. Көп күчтөр ошол курал-жаракка жетип, кырдаалды күчөтүүнү көздөп турушат. Координация менин милдетимде жана колумда».

Өмүрбек Суваналиев учурда бир да саясий партияны колдобой турганын, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынн кеткенин, саясаттан тыш, коомдук коопсуздукту сакташ үчүн иштеп жатканын айтып, өз алдында мамлекеттик мекемелерге жетекчи болуп алгандар менен сүйлөшпөй турганын билдирди.

Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп 2019-жылы февралда дайындалган. Парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмеси аркылуу катышканына байланыштуу кызматынан убактылуу кетип, өлкөдө саясий кризис башталганда кызматына кайра кайтып келген.

Ушул эле күнү вице-премьер-министр Эркин Асрандиев кыргыз өкмөтүнүн бөлүм башчылары менен онлайн жыйын өткөргөнүн жарыялады. Анда пенсия, жөлөк пулдар маалында берилери, жугуштуу оорулардын алдын алуу, кышка даярдык талкууланды. Ошондой эле айрым жетекчилер, облус башчылары кызмат орундарына кайтып барышууда. Анын ичинде Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери да ишке кайтып келди.

Саясат таануучу Марс Сариев легитимдүү президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон айрым саясий күчтөрдүн укуктук алкакка тынч кайтып келүү аракетин оң баалайт. Сариев учурда бардык саясий күчтөр, парламент ийри отуруп түз кеңешип, өлкөдөгү башкаруу системасын укуктук талаага алып келүүнүн жолдорун талкуулоо туура деп эсептейт.

«Элиталар Жээнбеков менен сүйлөшүп кыргызча чечели деп атат. Эми мамлекеттик башкаруунун күчтөрү башкача бөлүштүрүлөт. Азыркы бийлик утулду. Бирок, аларга тийбей мыйзам чегинде чегинтип, сөз табышып, курултай сыяктуу чечкени калды», - деди Сариев.

4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG