Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 17:15

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовду колдогондор беш боз үй тигишти


Ош шаарынын борбордук аянтына тигилген боз үйлөр.

Ош шаарынын борбордук аянтында мэр Таалайбек Сарыбашовду колдогондор беш боз үй тигишти. Учурда аянтта болжол менен 400дөн ашуун киши жүрөт. Алар тынчтык митинг өткөрүүгө камынууда.

Мындан тышкары президент Сооронбай Жээнбековду колдогондор да облустун борборунда чогулууда.

7-октябрда Таалайбек Сарыбашовдун тарапташтары митинг өткөрүп, Сарыбашов сөз сүйлөгөн соң мэриянын имаратына киргизип мэрдин бөлмөсүнө отургузушкан. Мэр журналисттерге интервью берип, мыйзамдуу шаар башчысы экенин айткан.

6-октябрда болсо күн бою митинг болуп ал арада Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов өзүн мэр деп жарыялаган. Андан көп өтпөй Сарыбашов кызматын тапшырганын базма сөз кызматы билдирген эле. (ErN/DU)

XS
SM
MD
LG