Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:06

Жапаровдун кызматы, легитимдүүлүк талашы


12-октябрь, 2020-жыл. Бишкек шаары. Өкмөттүн gov.kg сайтына жарыяланган сүрөт.
12-октябрь, 2020-жыл. Бишкек шаары. Өкмөттүн gov.kg сайтына жарыяланган сүрөт.

Кыргызстанда Садыр Жапаровдун премьерликке шайланышы боюнча укуктук талаш уланып, саясий кырдаал дагы деле курч бойдон калууда.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын 10-октябрдагы кезексиз жыйынында парламент төрагасынын милдетин аткаруучу болгон депутат, вице-спикер жана парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон Мирлан Бакиров өкмөттүн жаңы курамы жана программасы боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу билдирип, токтом расмий жарыяланарын кошумчалады.

Буга чейин президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаровду өкмөт башчы кылып шайлаган токтом президенттин аппаратына келип түшө электигин билдирген. Ал токтомго ылайык, президент өкмөт башчыны бекитүү жарылыгына үч күн аралыгында кол коюшу керек. Эгер мамлекет башчы жарлык чыгарбаса, ал автоматтык түрдө күчүнө кирди деп эсептелет.

Анткен менен Садыр Жапаровдун премьерликке шайланышы боюнча укуктук талаш күчөдү. Вице-спикер Аида Касымалиева «Фейсбуктагы» баракчасына мындай деп жазды:

«Эгерде бул туура болсо вице-спикер Мирлан Бакировду кол коюуга мажбур кылды. Эч нерсе өзгөрүлгөн жок. Мыйзамсыз нерсе мыйзамсыз бойдон калды. Болгону бир нерсе өзгөрдү. Кылмыш ишин козгоого негиз болот», - деп жазды вице-спикер.

10-октябрда «Ала-Арча» резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында кворум болгон жок деп айтып чыккандардын дагы бири - «Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаев. Ал 11-октябрда «Азаттыктагы» маегинде регламент боюнча жыйында кеминде 61 депутат болушу зарыл экенин, жыйынга анча депутат катышпаганын айтты.

«Кворум болуш үчүн 61 депутат ошол жерде отурушу керек болчу. Алар айтып жатат, «51 депутат болгон, анан 10 ишеним кат» деп. Азиз Турсунбаевдин ишеним каты бар дейт, Турсунбаев ал жерде катышкан адамдарга ишеним кат берген эмес. Ошол эле Иса Өмүркуловдун ишеним каты Сайдулла Нышановдо болгон дейт. Жогорку Кеңештин регламенти боюнча ишеним катты өзүнүн фракциясындагы депутаттарга гана бере аласың. Демек ишеним каттар жөнүндө да маселе бар. Бирок 51 киши катышкан эмес. Камерадан санап чыгышыптыр, отургандар элүүгө жеткен эмес. Садыр Жапаровдун шайланышы күмөн жаратат».

Исаев айтып жаткан жыйынга катышкандардын бири Сайдулла Нышанов башка фракциянын депутаты Иса Өмүркуловдун ишеним катын алып барганын тастыктады. Ал кворум маселеси боюнча буларды айтты:

«Мен санаган эмесмин. Ошол жерде жыйынды алып барган жоопкерчиликтүү адамдар болот. Ошолор такташ керек болчу. Биз Баш мыйзам, мыйзамдар менен кетишибиз керек. Алар аткарылбаса болбойт. Эл аралык коомчулук да карап турат. Мен катардагы депутатмын. Уюштуруучулар тактап, мындай ызы-чуу болбошу үчүн комиссия түзүп санап көрүшсө болмок».

Саясий айдыңда укуктук талаш күчөгөнү менен Садыр Жапаров премьер-министр катары Өкмөт үйүндө жыйын өткөрө баштады.

Анын кеңешчиси катары жүргөн Бакыт Аманбаев 10-октябрдагы Жогорку Кеңештин Садыр Жапаровду шайлоо боюнча депутаттардын токтомуна вице-спикер Мирлан Бакиров кол коюп, президенттик аппаратка жөнөтүлгөнү жөнүндө кабар бар экенин билдирди.

Бакыт Аманбаев Жапаровдун 10-октябрдагы өкмөт башчы болуп шайланышы боюнча күмөн санап жаткандарга мындай жооп берди:

«Жыйынга келбей коюп же катышып отуруп чыгып кетип, анан ар кандай сөздөрдү тараткандар өзүнүн адамдык сапатын көрсөтүп жатат. Алар мындай мезгилде, артында ким турбасын, кимдин заказын аткарбасын өлкөнүн тагдыры үчүн жыйынга келип каршы сүйлөп, сын айтышы керек болчу. Алар кворум түзбөгөнгө аракет кылды. Бирок кворум түзүлүп, укуктук аянт түзүлдү».

Парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу 10-октябрда өкмөт башчыны шайлоодо 54 депутат жана 10 эл өкүлү ишеним кат боюнча жыйынга катышканы жөнүндө колго жазылган тизмени «Фейсбуктагы» баракчасында жарыялады.

Бирок ал тизмеде жыйындан кетип калган вице-спикер Аида Касымалиеванын да фамилиясы жүрөт. Касымалиева депутат Улан Примовдун да ишеним катын алып келген болчу.

Президенттин басма сөз кызматы 12-октябрда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү бардык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугуп, коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу, жарандардын саламаттыгын жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды талкуулаганын кабарлады.

Бирок өлкө башчысы Жээнбеков Жапаровдун «президент жакында кызматтан кетем деди» деген сөзүн тастыктап же төгүндөй элек. Ушул тапта саясий айдыңда президент Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшыруу боюнча кептер кызыды. Айрым саясий ишмерлер мамлекет башчыны Кыргызстан укуктук талаага толук кайтып келгиче иши уланта берүүнү сунушташса, башкалары кызматтан кетишин талап кылууда.

5-октябрда шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин акциясы массалык тополоң менен коштолгон. 6-октябрга караган түнү президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имаратты митингчилер ээлеп алышкан.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG