Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:44

Мурдагы мэр Мырзакматов президент Жээнбековду абал турукташкыча кызматтан кетпөөгө чакырды


Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов
Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов президент Сооронбай Жээнбековду Кыргызстанда абал турукташканга чейин кызматын тапшырбай турууга чакырды. Бул тууралуу Мырзакматов "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

«Кыргызстандын көп улуттуу калкы акылмандык жана өлкөнүн тагдыры, тынчтык, тартип үчүн жоопкерчиликти күтүп жатат. Кыргызстанда туруктуулук камсыз болгонго чейин мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын тапшырбашыңыз керек» деп жазган Мырзакматов.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бир топ саясатчыларды, анын ичинде Садыр Жапаровду жактоочулары камактан чыгарып алышкан.

2014-жылдан бери бозгунда жүргөн мурдагы мэр Мелис Мырзакматов да массалык нааразылыктардын маалында, 7-октябрда Түркиядан Ош шаарына кайтып келген. Ага Кылмыш кодексинин 304-беренеси боюнча ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") боюнча күнөө коюлуп, 2015-жылы жети жылга сыртынан кесилген. Муну Мырзакматов өзү саясий куугунтук деп келатат.

5-6-октябрдагы окуялардан бери өлкөнү мыйзам талаасына кайтаруу боюнча орток пикир табылбай, саясий кризис орун алды. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө мыйзамдуу бийлик калыбына келгенден кийин кызматтан кетерин билдирген.

10-октябрда легитимдүү орган саналган Жогорку Кеңештин депутаттары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекиткени кабарланган. Бир катар депутаттар, саясатчылар бул жыйындын чечимдери легитимсиз деп, парламенттик жыйынды кайра чакыруу демилгелерин көтөрүп жатышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG