Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

Жазылбаган түп мыйзамдан бир жобо


Өкмөт Үйүнүн жанындагы Садыр Жапаровдун жактоочулары. Бишкек. 14-октябрь, 2020-жыл.
Өкмөт Үйүнүн жанындагы Садыр Жапаровдун жактоочулары. Бишкек. 14-октябрь, 2020-жыл.

Кыргыздар бүгүн кайрадан тарыхый сыноого туш келди. Жаӊыланабызбы же жаӊылып калабызбы? Жакынкы үч айда ар бирибизди ойго салган суроолордун туура жообун кантип табабыз? Элдин үмүтү акталабы? Бийик мүдөөгө кантип жетүү керек?

Устаранын мизиндеги кырдаал

Кашыгыӊ көлдү сузса да,

Каарыӊ тоону бузса да,

Эл менен сен бийиксиӊ,

Элден чыксаӊ – кийиксиӊ.

Арстанбек.

Убактылуу эмес, туруктуу шайланып ким келсе да азыркы туюктан мамлекетти алып чыгыш үчүн акылдуу, намыстуу, иштин көзүн билген кесипкөй (профессионал) адистерден мыкты команда түзүшү керек. Ачык да, тымызын да бут тоскон душмандар менен орчундуу каталарын байкап, ачык айткан калыс адамдарды айырмалай билишке ар кимдин эле даремети жетпейт. Ошондуктан негизги багыттан адаштырып, туӊгуюкка баштап кетишке умтулган күчтөрдүн таасиринен эркин болуу өтө кыйын. Алар дүӊгүрөк ураандар, кооз сөздөр менен элдин башын айлантып, лидерди да теӊирден тескери жолго азгырууга бар күчүн жумшайт. Булар жетекчинин ар бир сөзүн кубаттап, ашыра мактап, жаӊылыш кадамдарын, ойлорун эӊ туура деп ишендиришке аракет кылат. Дагы бир түрдүү жактоочулар, кеӊешчилер жакшы эле ниеттенип, бирок көздөгөн максатка жеткирбей турган жолго түртүп жатканын билбеши мүмкүн.

Үчүнчү бир топ – кимдин сөзү өктөмүрөөк айтылса, кимдин камчысы катуураак чабылса, ошону эч ойлонбой эле ээрчип кетүүгө даяр адамдар. Булар баарынан көп.

Эйфорияга алдырбай, Садыр Жапаровдун иш-аракеттерине сын көз менен карап, айткан сөздөрүн акыл элегине салып, убагында оӊдобосо, кесепети жалпы элге, мамлекетке тиерин, анык каталарын айткан кишилерди анын көптөгөн жактоочулары душман көрүп жатат.

Эгер эптеп эле бийликке жетишти эмес, элди туура жолго баштап, мамлекетти сактап калууну көздөсө, Садыр Жапаров жогоруда айтылган жааттарды кылдат айырмалап, коомдун ак ниет, иштин көзүн билген күчтөргө таянышы, өз кызыкчылыгы үчүн баарына даяр турган кара күчтөрдүн барымтасында калбоого умтулушу зарыл. Эгер бул колунан келбесе, жарандык коомдун колдоосуна ээ болбосо, бузуку күчтөр өз мүдөөсүн орундатыш үчүн аны бара-бара көз каранды кылып, так текедей ойнотуп, тотукуштай сүйлөтүп алат. Колу-буту арамза, зөөкүр күчтөрдүн колундагы чидерге байланса, өз элине, мекенине өтө олуттуу зыян келтириши ыктымал...

Жаман айтпай жакшы жок. Саясий чайкоочулар менен кылмыштуу топтор «өз кишисин» чоӊ кызматтарга койдуруш үчүн түркүн амалдарга барат. Булардын кысымына туруштук бериш өтө кыйын, ошондуктан Жогорку Кеӊештин жаӊы чакырылышына сабаттуу, намыстуу, чыныгы эл өкүлдөрүнүн шайланышына баардык шарттарды түзүш керек.

Төӊкөрүш эмес, революция болсун десек...

«Кылычтын мизи менен бийликке жетсеӊ болот, бирок ага отура албайсыӊ».

Испан макалы (Талейран, Наполеон ж.б. атактуу инсандар да муну кайталап айткан дешет)

Садыр Жапаров шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп толкуп чыккан элдин деми менен төӊкөрүш жасады. Жаалданган митингчилердин колдоосуна таянып, бийлигин легитимдештириш үчүн эгемендик тарыхындагы эӊ начар, арсыз, акылсыз дегидей алтынчы чакырылыштагы парламентти көндүрүүгө жетишти. Жогоруда аталган бузуку күчтөрдүн таасиринен арыла албаган мурунку президентти тийиштүү жарлыктарга кол коюуга, кызматынан кетүүгө аргасыз кылды.

Эми эмне болот? Эгер Жапаров мындан ары да ушул ач айкырык, куу сүрөөнчүл митингдерге таяна берем десе, катуу жаӊылышат. Калыс оюн айткан адамдарды акарат кылып, опузалап, уруп-сабоодон, ал түгүл өлтүрүүдөн баш тартпачудай күчтөрдүн таасиринен тез арада арылбаса, буларга биротоло көз каранды болуп, акыры «ким күчтүү болсо, ошонуку туура» деген жапайы «эрежеден» өзү мертинет. Үй-бүлөсү, туугандары куугунтукка кабылат.

Мыйзам талаасы, укуктук негиз деген түшүнүктөрдү ар бир жарандын аӊ-сезимине сиӊирип, жетекчилери таза иштеген өлкөлөр гүлдөп өнүгүүдө. Ал эми мунун баарын жөн эле кооз сөздөр катары бетке кармаган саясатчылар жана МЫЙЗАМДУУЛУК менен АДИЛЕТТҮҮЛҮКТҮ карама-каршы койгон бузукулар коомду, мамлекетти кургуйга баштайт.

Мамлекеттин сакталышы үчүн мыйзам үстөмдүгү эӊ зарыл шарт экенин баарыбыз түшүнүшүбүз керек. Бийликти формалдуу түрдө легитимдүү кылганга (Жогорку Кеӊештин токтомун чыгартууга, бийлигинен ажырап калган президентин колун койдуруп алууга) салыштырмалуу иш жүзүндөгү легитимдүүлүккө жетишүү (чын ыкластан жактагандардын үмүтүн актап, жалпы элдин ишенимине жетиш) өтө кыйын. Албетте, бул үчүн убакыт керек. Бирок эгер азыртан, дал ушул күндөрдөн баштап бийликти мыйзамдуу нукка салбаса, эртеӊ кеч болуп калат. Бүгүнкүдөн калтырбай оӊдолушу зарыл болгон каталарды бүрсүгүнү жоё албайсыӊ.

Эгер улуттун акыл-эс, рухий дареметин ойготуп, бирдиктүү, туура нукка багыттап, бөлүп-жаруучу, бүлгүнчүл күчтөрдүн таасирин тезирээк жоёлу десек, бийлик кайсы бир топтун эмес, жалпы коомчулуктун колдоосуна ээ болушу кажет. Бул үчүн мыйзамдарды (ырааттуу, өз ара тыгыз байланышкан эрежелерди) бекем сакташыбыз зарыл. Болбосо күн өткөн сайын ишеним начарлап, эч кандай революция эмес, эптеп бийликке жетүүнү гана көздөгөн мансап кулдарынын эле төӊкөрүшү болду деп ойлогондордун пикири ырасталат да, реваншисттик маанайдагы күчтөрдүн кайрадан төӊкөрүш жасашына жол ачылып калат.

Улуттук лидер эл аралык деӊгээлде расмий таанылып, кайсы бир топтун эмес, жалпы коомчулуктун колдоосуна ээ болушу үчүн өлкөдө мыйзамдар (ырааттуу, өз ара тыгыз байланышкан эрежелер) бекем сакталышы зарыл.

Пейилибиз бузулбасын

Кыргызды кыргыз бойдон сактап, далай апааттардан куткарып, туӊгуюктан чыгарып келген Конституциясы – ар сөзү алтынга бергис накыл кептер. Ошол макал, ылакаптардын эӊ кыскасы, бирок өтө маанилүүсү – «Пейилиӊден тап!». Кимге айтылганына жараша бул сөз укмуштай мааниси тереӊ, таасири күчтүү бата же эӊ оор каргыш катары кабылданат.

Жазылбаган Баш мыйзамыбыздын ушул беренесин ар бирибиз көӊүлдө туталы. Башчыбыз туура жолго баштаса, колдойлу, жардам берели, тетири кетсе, тизгинин тарталы. Жакшы иштесе, ыгы менен баалайлы, бирок мактай берип жардан ашырчу кошоматчыларды тыялы.

Элдин пейили бузулбай, популисттер менен бузукуларды ээрчибей, калыстыктан тайбаса, башчы да таза иштегенге аргасыз болот. Башчы эртеӊкисин ойлобой утурумдук пайдага, арты шектүү утушка азгырылса, элге да кесепети тиет...

Жолдош Турдубаев

(Автордун көз карашы «Азаттык» үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбашы керек)

XS
SM
MD
LG