Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Дүйнөлүк медиа: «Кремлдин үнсүз макулдугу»


Орус президенти Владимир Путин менен президенттик кызматтан кеткенин жарыялаган Сооронбай Жээнбеков, Ала-Арча, 28-март 2019-жыл.
Орус президенти Владимир Путин менен президенттик кызматтан кеткенин жарыялаган Сооронбай Жээнбеков, Ала-Арча, 28-март 2019-жыл.

Дүйнөлүк айрым басылмалар Кыргызстандын президенти “кан төгүүнү алдын алуу” үчүн кызматтан кеткенин белгилешсе, кайсы бири эми эки тизгин бир чылбыр премьер-министр Садыр Жапаровго өткөнүнө көңүл бурууда.

Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековдун отставкага кетиши 15-октябрда дээрлик бардык эл аралык телеканалдардын, интернет басылмаларынын башкы жаңылыгынын бирине айланды. Алардын көбү Жээнбековдун «Мен Кыргызстандын тарыхында кан төгүп кеткен, өз жарандарына каршы ок аткан президент катары калгым келбейт» деген сөзүнө басым жасашты.

CNN телеканалы Жээнбеков 2005-жылдан бери элдик толкундоолордон улам бийликтен кеткен үчүнчү кыргыз президенти болуп калганын белгиледи.

«Кыргызстанда Орусиянын аскердик базасы бар. Канадалык компания ири алтын кенин иштетет. Мурдагы советтик мейкиндикти өзүнүн таасири алдындагы аймак деп эсептеген Москва Кыргызстандагы туруктуулукту камсыз кылууга жооптуу экенин билдирип, абал башаламандыкка айланып кетиши мүмкүндүгүн эскертти. Орусия ошондой эле мурдагы үч советтик өлкөдөгү: Беларус, Армения жана Азербайжандагы туруксуз абал менен алпурушуп жатат», - деп кабарлады америкалык CNN телеканалы.

Катар мамлекети каржылаган «Аль-Жазира» телеканалынын кабарчысы Кыргызстанда талаштуу парламенттик шайлоодон бери туруксуз абал өкүм сүрүп жатканын, алгач президент Жээнбеков жаңы шайлоо өткөндөн кийин гана кызматтан кетерин билдиргени менен бейшемби күнү чукул арыз жазууга аргасыз болгонун маалымдады.

«Конституцияга ылайык, президент отставкага кеткенден кийинки үч айдын ичинде жаңы шайлоо өткөрүлүшү керек. Президенттин милдетин аткарууга киришкен премьер-министр ага талапкер катары катыша албайт. Андыктан өтө татаал кырдаал түзүлдү. Эки жума мурда эле абакта жаткан жаңы премьер-министр Жапаров президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү үчүн конституциялык реформа өткөрүшү мүмкүн деген айың кептер айтылууда», - деп кабарлады «Аль-Жазиранын» Кыргызстанда жүргөн кабарчысы Чарльз Стратфорд.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан «The Economist» басылмасы Кыргызстандагы талаштуу шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу митингдер күтүлгөн жыйынтык бербегенин жазды. Ошондой эле Жээнбеков «үмүтү үзүлгөнү үчүн» баштапкы оюн өзгөртүп, күтүүсүз кызматтан кеткенин белгиледи.

АКШдагы «The Washington Post» гезити «Кыргызстандын президенти кызматтан кетүү менен саясий туңгуюкту токтотту» деген макаласын жарыялады.

«Батыш дипломаттары Борбор Азиядагы жалгыз демократиялык өлкөдөгү уюшкан кылмыштуу топтор деп мүнөздөлгөн тараптардын саясий күрөшкө таасир этүү аракетине тынчсыздануусун билдиришкен», - деп белгиленген ал макалада.

«The New York Times» гезити «Борбор Азиядагы жападан жалгыз демократиялык өлкөнүн башчысы жашынып турган жеринен кетип баратканын билдирди» деген макаласын чыгарды. Анда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун «Орусия Бишкектеги окуяларга жакындан көз салып жатат» деген сөзү келтирилген. Ошондой эле Москва Кыргызстандагы башаламан кырдаалды улай бул өлкөгө финансылык жардамды токтоткону жазылган.

Түркиялык башкы маалымат каражаттарынын көбү кыргыз президентинин чукул кызматтан кеткени тууралуу кабарды көз жаздымда калтырышкан жок. "TRT Haber" мамлекеттик телеканалы түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун 15-октябрдагы сөздөрүн келтирди. Анда министр Кыргызстандагы болуп жаткан окуяларда Түркияда тыюу салынган ФЕТО тобунун жактоочуларынын ролу бар экенин ишара кылган.

Орусиянын мамлекеттик «Биринчи телеканалы» өз репортажында Бишкектеги кырдаалды «тынч башаламандык» деп мүнөздөдү. Ошондой эле Жээнбековдун кетишин талап кылган Садыр Жапаровдун тарапташтарына кенен сөз берди.

«Митингге чыккандар ар бир жеңишке жеткен сайын Кыргызстанда саясий кризис тереңдеп жатат. Алдыда бардык институттардын урап калуу коркунучу турат», - деп айтты телеканалдын кабарчысы.

«Известия» гезити да «Кыргызстандын лидеринин отставкасы саясий кризисти күчөтөт» деген макаласын жарыялап, айрым адистердин пикирин келтирди. Макалада Москва Кыргызстанда кырдаал турукташканга чейин финансылык жардамды токтотуп жатканы белгиленген.

Басылмага пикирин билдирген орусиялык мурдагы дипломат Василий Корчмарь Сооронбай Жээнбеков камалышы мүмкүндүгүн айткан. Ал эми Борбор Азия боюнча эксперт Андрей Грозин Жээнбековдун «кызматтан кетүү тууралуу билдирүүсүн убакыттан утуу, өлкөдө көзөмөлдү колго алуу аракети» катары мүнөздөгөн.

Ал эми орусиялык «Независимая газета» басылмасы «Кыргызстанда үчүнчү революция ишке ашты» деген макаласын жарыялап, Жээнбеков кызматтан кетүүгө мажбур болгонун кабарлады.

«Жээнбековдун четтетилиши Кремлдин үнсүз макулдугу менен ишке ашты деген версия бар. Экс-президенттин Кремль менен байланышы жакшы түзүлбөй келди», - деп белгиленген макалада.

«Независимая газетага» пикирин билдирген саясат таануучу Аркадий Дубнов үчүнчү аракеттен кийин шайланган премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстандагы отставкалардын башкы бенефициарына айланганын, ал өзүн келечектеги президент катары көрөрүн белгилеген.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG