Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Парламенттин мөөнөтү талашка түштү


Жогорку Кеңештин жана президенттин администрациясынын имараты 6-октябрга караган түндө болгон окуялардан кийин.
Жогорку Кеңештин жана президенттин администрациясынын имараты 6-октябрга караган түндө болгон окуялардан кийин.

Азыр иштеп жаткан VI чакырылыштагы парламенттин шайланганына туура беш жыл болду. Эми Кыргызстандагы саясий кризистин тушунда Жогорку Кеңештин мөөнөтү качан бүтөрү тууралуу кайчы пикирлер жаралды.

Депутаттардын бир бөлүгү «парламент жаңы депутаттар ант бергиче иштеши керек» десе, айрым юристтер мыйзам чыгаруу бийлигинин мөөнөтү аяктаганын жүйө келтирип, «алар ишин жыйынтыкташы зарыл» деп эскертип жатышат.

Парламент ишин качан жыйынтыктайт?

Кыргызстанда президенттин жана премьер-министрдин кызматы боюнча талаш-тартыштар бүтүп-бүтө электе Жогорку Кеңешке байланыштуу дагы бир маселе чыкты. Себеби, октябрь айында парламенттин VI чакырылышынан шайланганына туура беш жыл болду. Ушундан улам кээ бир юристтер менен саясатчылар азыркы парламенттин мөөнөтү бүткөнүн, ал ишин жыйынтыкташы керек экенин айтып чыгышты. Алардын бири - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов.

«Парламент беш жылга шайланганын баары билет, - деди ал. - Демек, алар беш жылдан ашык бир күн да отурбашы керек. Конституциянын «беш жылдык гана мандат бер» деген эң принципиалдуу нормасы бар да. Азыркы депутаттар болсо «жаңы парламент келгиче отурабыз» деп жатышат. Жаңы парламент алты айга, бир жылга чейин келбей калса жүрө беришеби? Мындай болбойт. Ал узурпация».

Кыргызстанда парламенттин VI чакырылышына 2015-жылы 4-октябрда шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 15-октябрда шайлоону өттү деп таап, алты партия Жогорку Кеңешке келген. Ошол жылдын 28-октябрында VI чакырылыштагы парламент алгачкы жыйналышын өткөрүп, конституциялык ыйгарым укуктарын аткарууга киришкен.

Боршайком быйыл 4-октябрдагы шайлоону өттү деп тапса ушундай эле тартип менен азыркы парламент ишин жыйынтыктап жаңы шайланып келген эл өкүлдөрүнө ордун бошотуп бермек. Бирок 5-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтына ондон ашык партия мөөнөтсүз митингге чыгып шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган. Көп өтпөй БШК ушул жолго барды.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев азыркы парламент жаңы депутаттар шайланып келгиче иштеш керек деген пикирде. Өз жүйөсүн ал мындайча негиздеди:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«Жаңы чакырылыш биринчи жыйынын өткөрмөйүнчө парламенттин VI чакырылышы иштей берет. Бул юридикалык жактан да туура. Ал Конституцияда жана шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамда да жазылган. Ал эми беш жылдык мөөнөт дегенди Жогорку Кеңеш беш жыл иштейт, беш жыл сайын шайлоо өтөт деп түшүнүш керек. Шайлоо болбой калса кайра жаңы шайлоо өтөт, ал да болбой калса кайра шайлоо жарыяланат. Бирок Конституцияда «эски парламент ишин токтотушу керек» деп жазылган эмес да. Кээ бир юристтердин «15-октябрдан баштап парламент ишин токтотуш керек» дегени - туура эмес пикир».

БШКнын жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматовдун сөзүнө караганда, Боршайком шайлоо боюнча чечимди бир ай ичинде чыгарып, анын күнүн белгилеши керек. Кайра шайлоо эки ай ичинде өтүүгө тийиш. Ага чейин мыйзамга ылайык азыркы парламент легитимдүү бойдон кала берет.

«Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинин үчүнчү бөлүгүндө жазылган. «Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып мурдагы чакырылыштагы парламенттин ыйгарым укуктары токтотулат» деп турат», - деди Бекматов.

Сындан башы чыкпаган парламент

Конституциянын 70-беренесинин 2-бөлүгүндө «Жогорку Кеңеш пропорциялуу система боюнча беш жылдык мөөнөткө шайлануучу 120 депутаттан турат» деп жазылып турат. Баш мыйзамдын 71-беренесинин 3- бөлүгүндө «Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып мурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары токтотулат» деп жазылган.

Ушул жерде кайчы пикирлер жаралды. «VI чакырылыштагы парламент ишин жыйынтыкташ керек» деген да, «ишин улантышы зарыл» деген да тараптар ушул эки беренеге таянып жатышат. Жана аны эки башкача чечмелешүүдө. Депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин азыркы депутаттары жыл аягына чейин иштеши керек экенин айтып, ага мыйзам жол берерин билдирди:

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

«Конституцияда «Жогорку Кеңештин мөөнөтү беш жыл» деп жазылган. Ошондуктан беш жылда бүтүш керек. Андыктан бизге аз гана, эки айдай убакыт калды. Эки айдын ичинде биз парламенттик шайлоону өткөзүп, жаңы чакырылыш келгенден кийин VI чакырылыш ишин токтотуш керек. Мындан башка жол жок».

Бул чакырылыш коомчулукта жана саясат талдоочулар арасында олигарх-ишкерлерден турган, чөнтөк парламент деген сынга кабылды. Жоопкерчилиги жок, президенттин көзүн караган парламент деп бааланып, өкмөттүн, президенттик аппараттын юридикалык бөлүмү катары сыпатталды. Муну айрым депутаттар да өздөрү моюнга алып, Жогорку Кеңеш мыйзамдарды кабыл алып берген нотариус болуп калганын айткандар болгон. Ушул эле чакырылыш Бишкек Жылуулук электр борборундагы коррупцияны иликтеп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-президент деген макамын алууга макул болгон. Эми Сооронбай Жээнбековдун да отставкасын кароо алдында турат.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев парламенттин коомдогу ордун эске алып азыркы чакырылыш өзү эле таркап кетиши керек деп эсептейт.

«Мыйзамда «парламент жаңы чакырылыш келгенге чейин иштейт» деп жазылып калган, - деди ал. - Бирок моралдык жактан караганда депутаттар тарап кеткени оң. Парламенттик шайлоону президент менен өкмөт өткөрүш керек. Жаңы келген парламент жаңы өкмөттү курап иш алып барышы зарыл».

Сулаймановдун сунушу

«Бир Бол» фракциясынын лидери, депутат Алтынбек Сулайманов VI чакырылыш ишин аяктап баратканда шайлоо мыйзамдарын өзгөртүп, жаңы саясий күчтөргө жол ачып бериши керек экенин айтып жатат:

Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

«Парламенттин VI чакырылышына түрдүү сын айтылып келет, ар түрдүү аттар коюлган. «Биз иштеп жатсак деле эмнеге сындай беришет?» деп аябай терикчү элем. Бүгүн менин ички жан дүйнөм ушундай кыйналды. Себеби, мен «шайлоонун негизинде акыркы окуялар болду, эми шайлоонун эрежесин жеңилдетели» деп айттым. «Парламенттик шайлоодогу беш миллион сомдук күрөөнү бир миллион сом кылалы, 7% чек да көп экен аны 3% түшүрөлү, №2 форма олигархтарга иштейт экен ушуларды жоюп таштайлы» деп сунуш кылдым. «Жаш партияларга да шарт түзөлү» дедим. «Парламентке керек болсо 10 партия келсин, жаңы адамдар келсин» дедим. Мен ушуларды айта баштаганда депутаттар жыйындан чыгып кетип, 15тей эле депутат калды. Бул депутаттардын кайдыгерлиги жана алар эски системага көнүп калышкан».

Депутат Акылбек Жапаров парламенттин өз алдынча боло албай жатышынын себептерин мындайча түшүндүрдү:

«Парламенттик республика болуп, Жогорку Кеңеш өзү чечим кабыл ала албаганы көрүнүп калды. Президенттин администрациясына, өкмөткө көз каранды болуп жүрүп ушундай кырдаал жаралды. Эгерде бардыгын ордуна келтирели десек Конституция боюнча иштешибиз керек. Парламенттик президенттик өлкө болгондон кийин парламент өзүнүн ыйгарым укуктарын пайдаланып тынчтыкты камсыз кылып, оңдой алчу мыйзамдардын баарын оңдоп, өкмөткө болгон шартты түзүп берип туруп иштей алгандарын иштетип, иштей албаганын кетириш керек. Анан шайлоону тынч өткөрүү жоопкерчилигин парламент моюнга алыш керек».

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеште КСДП, «Республика – Ата Журт», «Кыргызстан», «Өнүгүү Прогресс», «Бир Бол» жана «Ата Мекен» фракциялары бар.

XS
SM
MD
LG