Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Шайлоо мыйзамдары кайым айтышка жол ачты


Канат Керезбеков жана Алтынбек Сулайманов. «Ала-Арча» резиденциясы. 2020-жылдын 14-октябры. Эки депутат шайлоо мыйзамын кароодогу кворум боюнча чатакташа кетти.
Канат Керезбеков жана Алтынбек Сулайманов. «Ала-Арча» резиденциясы. 2020-жылдын 14-октябры. Эки депутат шайлоо мыйзамын кароодогу кворум боюнча чатакташа кетти.

Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы шайлоого чейин парламентке өтүш үчүн босого чекти ылдайлатууну жана күрөөнүн суммасын азайтууну сунуш кылып, мыйзамдарды өзгөртүү аракетин башташты.

14-октябрда парламент премьер-министрди жана өкмөт курамын шайлаган жыйындан кийин депутат Алтынбек Сулайманов тез аранын ичинде шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүгө чакырып, бирдиктүү комитеттен өзү сунуш кылган мыйзам долбоорун биринчи окуудан кабыл алууну өтүндү.

Сулайманов шайлоо мыйзамдарындагы төрт негизги өзгөртүүнү атады:

«Мен дагы кайталайм! Күрөө суммасы 1 млн. сомдун ордуна 5 млн. сом. Босого чек 7% ордуна 3% болсун, азыр 5% деп жатат. Аны дагы талкуулайбыз. Азыр комитетте колдоп коёлу, кийин карайбыз.

№2 форма дегенди жок кылышыбыз керек. Анан мамлекеттик кызматкерлер депутаттыкка баратканда кызматтан кетсин. Өргүү алып барганды токтотуш керек. Ушуларды сунуш кылып жатабыз. Мунун эмнеси жаман? «Кагаз таркатыш керек» дейсиңер, мунун эмнесин көрөсүңөр? Ар кандай оюндарды токтоткула!».

Сулаймановдун мыйзам долбоорун комитетке киргизүү боюнча сунушун шашпай кароого чакырып, азыр кворум жок экенин айтып, бир нече депутат каршы чыкты. Сулайманов өз позициясын улам-улам кайталап, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитеттин төрагасы Канат Керезбековду «атайын созуп жатат» деп айыптады.

Ушундан улам эки эл өкүлү чатакташканга чейин барып, аларды башка депутаттар ажыратып калганына журналисттер күбө болушту.

Окуядан кийин Сулайманов мушташ болбогонун билдирди. Бирок ал парламент атайын эски мыйзамдар менен шайлоо өткөрүүгө кызыкчылыгы болуп жатканын айтып, кызматташтарын сындады.

Ал эми Керезбеков шайлоо мыйзамдары конституциялык мыйзамдардын катарына кирерин, алар өзгөчө абал учурунда каралбашы керек деген талап бар экенин, бирок ошого карабастан талкуулоо тууралуу түшкөн сунуш кворумдун жоктугунан улам каралбай калганын айтты:

«Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында карап көрүү жөнүндө сунуш киргизилди. Карап көрөлү деп баштасак кворум болбой калды. Бирок негизинен конституциялык мыйзамдар өзгөчө абал учурунда каралбайт».

Буга чейин дагы Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 7-октябрда парламентке шайлоо мыйзамдарын өзгөртүп берүү боюнча сунуштарды жөнөткөнүн билдирген.

Анда Боршайком шайлоодогу босого чекти, күрөөнүн суммасын төмөндөтүү, №2 форма боюнча шайлоочулардын тизмесин каттоого тыюу салуу жана шайлоо жыйынтыгы жараксыз деп табылган учурда анда утуп келген партиялардын кайра шайлоого барышын жөнгө салуу боюнча өзгөртүүнү сунуш кылган. Азырынча Жогорку Кеңеште шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү качан каралары белгисиз.

Ошентип, саясий айдыңда шайлоо мыйзамдарынын өзгөрүшү боюнча талкуу кызыды. Саясатчы Алмамбет Шыкмаматов алдыдагы парламенттик жарышка партиялар үчүн бирдей шарт түзүлгөн, бардык тараптардын кызыкчылыгы эске алынган жаңы эреже менен барууну туура деп эсептейт.

«Азыр депутаттардын астында тарыхый жоопкерчилик турат. Мамлекет 104 млн. сом чыгым тартып, эл жараат алып, башаламандык болду. Мунун себепкери №2 форма, босого чек, административдик ресурс болду. Эми ошолорду жоюп, таза эреже менен баралы десек болбой жатышат. Бул парламенттин былжыраганынын дагы бир белгиси», - деди ал.

Анткен менен шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүгө каршы чыккандар да бар. Алардын бири экс-депутат Исхак Масалиев мыйзам боюнча кийинки шайлоого чейин мыйзамдарды өзгөртүүгө убакыт тар экенин белгилеп, айрым саясатчылардын пикирин популизм катары баалады:

«Мыйзамды өзгөртүүгө эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Себеби, азыркы боло турган шайлоону кайра добуш берүү деп коет. Бул бир процесстин уландысы. Анан уландысында шартты өзгөрткөндө кыйшык болуп калат. Конституциялык мыйзамды үч окууда 80 депутат менен кабыл алыш керек. Эми элге жага турган сунуш, мен да ушуну каалайм. Бирок укуктук нукка түшөлү дегенден кийин аягына чейин мыйзам чегинде иш алып барыш керек».

Исхак Масалиев VI чакырылыштын депутаты болгон. Эл өкүлү убагында шайлоодо партиялардын Жогорку Кеңешке өтчү чегин 5% түшүрүүнү, күрөө суммасын миллион сом кылып азайтууну сунуш кылган мыйзам долбоорунун авторлорунун бири.

Жаңы дайындалган өкмөт башчы Садыр Жапаров да буга чейин шайлоо мыйзамдарын, андан тышкары Конституцияны өзгөртүү, бир мандаттуу шайлоо системасына өтүү тууралуу маселе козгоп жүрөт. Ал бардык аракеттер мыйзам чегинде болорун белгиледи:

«Азыр мен кандай гана чечим болбосун мыйзам чегинде болушу керек деп эсептейм».

Депутат Каныбек Иманалиев болсо кыска убакытта Конституцияны өзгөртүү мүмкүн эмес экенин, мыйзам талабына ылайык президент да, өкмөт да, парламент да андай кадамга бара албай турганын, алдыда бир гана жол - эки айдын аралыгында шайлоону кайра өткөрүү турганын айтты:

«Өкмөт чечпейт, саясий күчтөр чечпейт! Конституция гана чечет. Конституцияда бир эле жол бар, ал кайра шайлоо. Эки-үч вариант деген туура эмес. Тарыхтан сабак алалы».

БШК 6-ноябрга чейин жаңы шайлоонун датасын жарыялоо керек. Ал шайлоодон утуп келген партиялар жаңы өкмөттү курайт.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгон ондон ашык партиянын тарапташтары көчөгө чыккан. Алар жарым миллионго жакын шайлоочу добушун №2 форма менен бергенин добуш сатып алуу катары баалашкан. Азыркы мыйзам боюнча, парламенттик шайлоодо добуштардын жети пайызынан көбүн алган партиялар гана өтө алат.

"Эксперттер талдайт": Жаңы өкмөт жана жаңы шайлоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:53:20 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG