Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:58

Шайлоо-2020: КМШ байкоочуларынын баасы


4-октябрдагы шайлоодон бир көрүнүш.
4-октябрдагы шайлоодон бир көрүнүш.

Кыргызстандагы парламенттик шайлоого көз салган КМШ байкоочулары 5-октябрда өз баасын беришти. Шайлоого 300гө жакын эл аралык байкоочу көз салып турду.

КМШ байкоочулары «бардык партияларга шайлоо өнөктүгү, үгүт учурунда бирдей шарт түзүлүп берилди. Маалымат каражаттары аркылуу программаларын тааныштырууга бирдей мүмкүнчүлүк алышты» деп билдиришти.

КМШ Байкоочулар миссиясынын өкүлү Виктор Глуминский шайлоого талапкер катары катышуудан БШК тарабынан четтетилген эки партия: «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары жеңишке жетишкени өлкөдө шайлоо калыс жана таза өткөнүн көрсөтүп турат деп айтты.

КМШ байкоочулары шайлоо автоматтык саноо системасы аркылуу өткөнү - аны таза өтүүсүнө шарт түзгөнүн белгиледи. Байкоочулар миссиясы шайлоодогу мүчүлүштүктөр тууралуу айтып, добуш берүүчүлөрдүн дарегин алмаштыруусун мисал келтирди. Миссия буга байланыштуу сунуштарын Боршайкомго бермекчи.


14-сентябрдан бери Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн 151 байкоочусу Кыргызстандын бардык аймактарында иштеп жатат.

Кыргызстандагы парламенттик шайлоо «мыйзамдарга ылайык, ачык жана таза өткөнүн» Парламент аралык ассамблеянын байкоочулар миссиясынын жетекчиси Мухтар Ирман да кошумчалады.

Оппозиция шайлоо ыпылас өткөнүн билдирди

Бир катар партиялар шайлоодо административдик ресурс колдонулганын, добуштар сатылып алынганын белгилеп, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын билдиришүүдө.

4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышкан «Ата Мекен» жана «Республика» партияларынын талапкерлери дүйшөмбү, түнкү бирде орток басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алар 5-октябрда кыргызстандыктарды Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдына саат 14.00гө тынчтык акциясына чакырышты.

«Олигархиялык топтордун, криминалдардын, уурулардын парламентке келишине жол бербешибиз керек. Ошондуктан ушул шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча эртең бүтүндөй кыргызстандыктарды чакырабыз», - деди «Ата Мекендин» тизме башындагы талапкери Жанарбек Акаев.

Оппозиция шайлоону тааныбайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:03 0:00


«Уурдалган арам акчаны эл арасына бүлүк салып жумшагандарды эртең БШКга далилдеп бергибиз керек. Ошондуктан эртең Кыргызстандагы Опера жана балет театрынын астына чакырабыз», - деди «Республиканы» баштаган Мирлан Жээнчороев.

«Кыргыздын тарыхындагы эң ыпылас шайлоо өттү. Азыркы бийлик байлардын, базаркомдордун, криминалдын барымтасында калды. Уурулардын барымтасында калды. Мындай шайлоого биз макул болбошубуз керек», - деди Рыскелди Момбеков.

4-октябрдагы шайлоого катышкандардын дагы бири, эски саясатчыларды таптакыр тазалоо, люстрация урааны менен чыккан «Реформа» шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди.

«Бийликчил партиялар жана олигархтык-бандиттик партиялардын жасаган жапырт добуш сатып алуулары, коркутуп-үркүтүүлөр менен, элдин алсыздыгын колдонуу менен, административдик ресурсту жана жарым миллионго жакын шайлоочунун форма №2 аркылуу жасалган добуш алуулары бул шайлоону эң ыпылас кылды. Ошондуктан, биз, «Реформа» саясий партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз. Бул шайлоону уюштурган бийликти да легитимдүү эмес деп эсептейбиз», деп жазылат партиянын билдирүүсүндө.

Партия бул кырдаал үчүн жоопкерчилик өлкө президенти менен премьер-министринде экенин белгилеп, «келечек үчүн» күрөштү улантууга чакырат. «Биз өлкөнү кылмышкерлер жана уурулар башкарышына жол бербейбиз» деп жазылат кайрылууда.

Тизмени текшергендер, бюллетенди сүрөткө тарткандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:39 0:00


Баштапкы маалыматтар боюнча «Биримдик» партиясы 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо эң көп, 24,5% добушка ээ болду. Андан кийин «Мекеним Кыргызстан» 23,9%, «Кыргызстан» 8,7%, «Бүтүн Кыргызстан» 7,0% алып, жети пайыздык босогодон өттү. «Мекенчил» партиясында добуштардын 6,8%, «Республикада» 5,8%, «Ата Мекенде» 4,0%, «Ыйман Нурунда» 3,3%, «Бир Болдо» 3,0%, «Чоң Казатта» 2,3%, «Замандашта» 2,1%, «Социал-демократтарда» 2,1%, «Реформада» 1,6%, «Мекен Ынтымагында» 0,6%, «Ордодо» 0,2% жана «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясында» 0,1% бар. Шайлоочулардын 1,8% баарына каршы добуш беришти.

Шайлоо: Төрт партия кечеде, калганы көчөдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:55:24 0:00

XS
SM
MD
LG