Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, шайлоодо добуш берүү үчүн Кыргызстанда 2430 тилке уюштурулган.
Эртең мененки саат 8де шайлоо бекеттери ачылары менен добуш берүү үчүн кезек күткөндөр көбөйгөнү байкалды.
Жер-жерлердеги кабарчыларыбыз айрым адамдар добуш берүүчүлөрдү чакан автобустар (маршруткалар) менен ташып келип жатканына күбө болушууда.
Ошондой эле Интернеттен алынган видеолордон белгисиз кишилер шайлоо участкаларында кишилердин тизмесин көтөрүп жүргөнүн, урналарга жакын отуруп алганын жана кичи автобустар менен шайлоочуларды добушканаларга ташып атканын көрүүгө болот.
Талас шаарында, Кара-Сууда, Ошто добуш берүү үчүн кезек күткөндөр көп болуп жатат. Алардын катары мүнөт сайын калыңдап жатат.
Таласта добуш берүүчүлөр айылдардан №2 форма менен келгендер көп болгонун, мунун айынан шаардыктардын өзү добуш бере албай жатканын айтып, кабарчыбызга даттанышты.
Күндүн биринчи жарымында Талас шаардык добушканаларда узун кезек пайда болду. Жалпы облус аймагында 117 шайлоо тилкеси, 149 058 шайлоочу бар. №2 форма менен 17151 адам катталган. Алардын жети миңден ашыгы Талас шаарынын он участогунда каттоого турган. "Азаттык" Таластагы айылдардан шаарга келип, добуш берген учурларды тартып алды.
Ошто шайлоочулардын көптүгүнөн кезек талашып урушуп жатышат.
Добушканаларда кезек күткөндөр көп
1/11Бишкек гуманитардык университетинин алдында добуш берүү үчүн кезектер тургандар.
4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Добушканалар эртең мененки саат 8:00дө ачылган.
2/11Талас шаары.
4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Добушканалар эртең мененки саат 8:00дө ачылган.
3/11Айрым шайлоо бекеттеринде урналар иштебей калып, мунун айынан кезек күткөндөрдүн катары калың болуп жатат.
4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Добушканалар эртең мененки саат 8:00дө ачылган.
4/11Биометрикалык каттоодон өткөндөр гана добуш бере алышат. Добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554 киши. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.
4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Добушканалар эртең мененки саат 8:00дө ачылган.
5/11Коронавирус пандемиясынын шартында өтүп жаткан шайлоодо Жогорку Кеңештеги 120 депутаттык орун үчүн 16 партия ат салышууда.
4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Добушканалар эртең мененки саат 8:00дө ачылган.
6/11Бишкек шаарындагы шайлоо бекеттеринин бири.
4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Добушканалар эртең мененки саат 8:00дө ачылган.
7/11Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, шайлоодо добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалды.
4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Добушканалар эртең мененки саат 8:00дө ачылган.
8/11Буга чейин №2 форма менен добуш берүү үчүн 500 миңге чукул адам арыз жазган. Алардын ичинен 42 386 жаран бир канча жолу арыз бергенин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2-октябрдагы басма сөз жыйынында билдирген эле.
4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Добушканалар эртең мененки саат 8:00дө ачылган.
9/11Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын гендердик жана жаш курагына байланыштуу маалыматын чыгарды. Ага ылайык жалпы добуш берүүчүлөрдүн 52, 26% аялдар, 47,74% эркектер түзөт. 70 жаштан улуулар 4,47%, 60-69 жаштагылар 9,67% болсо, эң көп добуш берүүчүлөрдүн курагы 18 жаштан 29 жашка чейинкилер, алар 29,67 пайызды түзөт.
4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Добушканалар эртең мененки саат 8:00дө ачылган.
10/11Саат 10:30га карата шайлоо өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын call-борборуна 52 киши телефон чалды. Өкмөттүн маалыматына караганда, шайлоочулар негизинен санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталбашына жана өздөрүн тизмеден таба албай жатканына нааразы болуп чалышкан.
4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Добушканалар эртең мененки саат 8:00дө ачылган.
11/11Бишкектеги добушканалардын бири.
4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Добушканалар эртең мененки саат 8:00дө ачылган.
Артка
Алдыга
"Азаттыктын" WhatsApp номуруна келген видеолордун топтомунда шайлоонун жүрүшүн көрүүгө болот. Анда шайлоо бюллетенин сүрөткө тарткан учур да чагылдырылган.
Ал арада Интернетке шайлоо участоктордун биринде УИКтин мүчөлөрүнүн кийимин кийгендер шайлоо бюллетендерин урнага массалык түрдө салып аткандыгын чагылдырган видео тарады. Азырынча бул факты тууралуу БШК маалымат тарата элек.
Борбордук шайлоо комиссиясы түшкө чейин 21 арыз түшкөнүн кабарлады. Арыздардын басымдуу бөлүгү жымжырттык күнү үгүт иштерин жүргүзгөнү, шайлоочуларды массалык ташуулар, партиялардын байкоочуларынын шайлоочуларды добуш берүү кабинасына чейин коштоп жүрүшкөнү, үкөктөрдүн жанына жакын отурганы өңдүү дооматтардан турат.
Мындан тышкары журналисттердин добушканаларга киргизилбей жатканы тууралуу да даттануулар көп болуп жатат. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров бүгүн, 4-октябрдагы басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, ар бир арызга Боршайком күч кызматтары менен чогуу көңүл буруп, иликтөө иштерин жүргүзөт.