Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:40

Сатылган добуш жана катылган маалымат


Борбордук шайлоо комиссиясы.
Борбордук шайлоо комиссиясы.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров өзүнүн «YouTube» каналына шайлоо өнөктүгүндөгү мыйзам бузулган учурлар боюнча иликтөөсүн жарыялады.  

Журналисттер добуш үчүн акча сунуш кылып жүргөн Мирлан аттуу жаран менен байланышып, болгон процести жашыруун камерага тартып алышкан.

Ал добушун сатууга макул болгон адамды Ишембай Абдраимов атындагы авиациялык институтта жайгашкан №1023 шайлоо тилкесине №2 форма менен каттоого тургузган.

Бир күндөн кийин Ахунбаев жана Абай көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан «Какаду» деген ашканадан 1000 сом берип, шайлоодон кийин дагы ушунча акча берүүгө убадалашкан. Бир добушту 2000 сомго баалаган жаран «Биримдик» партиясына добуш бериш керек экенин билдирген.

Болот Темиров добуш сатып алуу фактылары менен журналисттер, активисттер гана күрөшүп жатканын айтты:

Болот Темиров.
Болот Темиров.

«Жөнөкөй жаран добушун сатып алуу аракети болгонун айта бербейт. Анткени көп учурда акча сунуш кылган адамдар алардын таанышы, тууганы болот. Бул мүшкүл менен бардык мамлекеттик органдар күрөшүшү керек. Анткени өлкө үчүн аябай маанилүү маселе».

Болот Темиров жарыялаган видео боюнча «Биримдик» партиясынын расмий өкүлү Адилет Султаналиев кыскача билдирүү таратып, добуш сатып алууга аракет кылган адам партияга тиешеси жок экенин кошумчалады:

«Мындай чагымчылдыкты ар кандай күчтөр уюштуруп, өз кызыкчылыгына колдонуп жатышат. Бөлөк бирөө эле «Биримдиктин» атынан сүйлөп коюшу толук мүмкүн да».

Жарандардын шайлоо дарегин өзгөртүү тууралуу арызы, атап айтканда №2 форма добуш сатып алууга шарт түзгөн документ катары мүнөздөлүп, шайлоонун легитимдүүлүгүнө шек жаратат деген пикирлерлер күчөдү.

Ал арада Башкы прокуратура Жазык кодексинин 192-беренеси («Шайлоочулардынг добушун сатып алуу») боюнча фактысы боюнча 40 кылмыш иши козголгонун билдирди. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев маалымдады:

«Жазык жана жоруктар боюнча иштерге токтолсок. 82 кылмыш иши, жоруктар боюнча 46 иш бар. Берене боюнча айтсам, Жазык кодексинин 191-беренеси («Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу») боюнча эки, 192-беренеси («Шайлоочулардын добушун сатып алуу») менен 40, 193-беренеси («Шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу») боюнча бир, 195-беренеси («Шайлоо документтерин бурмалоо») 25 жана башка беренелер боюнча 14 иш бар».

Башкы прокуратура массалык маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда шайлоодогу мыйзам бузуу жөнүндө жарыяланган маалыматтарга мониторинг жүргүзүп жатат. Учурда Интернетте жарыяланган 55 маалымат текшерилип, алардын 26сы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

2010-2011-жылдары башкы прокурор болуп иштеген Кубатбек Байболов күч түзүмдөрүнүн ишин сынга алды:

Кубатбек Байболов.
Кубатбек Байболов.

«Болжол менен шайлоого келчүлөрдүн 30% түзгөн 500 миңге жакын киши №2 форма менен катталыптыр. Бир да мамлекеттик орган азыркы болуп аткан көрүнүштөрдү тескей албаса, анда кимге ишенип жүрөбүз? Биз салык төлөөчүлөрдүн эсебинен миңдеген ыкчам кызматкерлерди кармап отурабыз. Алар шайлоо учурунда добуш сатып алгандарды, №2 формасын жеке кызыкчылыгына колдонгондорду таба албаса тыңчыларды кантип аныктайт? Мониторинг кылып эле отура бербей өздөрү иштебейби! Азыркы учурда кыргызстандыктар бийликтен чечкиндүү чараларды же ынанымдуу түшүндүрмө күтүп жатат».

Башкы прокуратура шайлоо учурундагы мыйзам бузуу боюнча аныкталган фактыларды өңүтүнө карап тиешелүү органдарга өткөрүп берип жатат. Алардын көбүн Ички иштер министрлиги тергөөдө. Бирок күч түзүмдөрү мыйзам бузуу фактыларынын санын айтканы менен кайсы партиялар шайлоо убагында балит ыкмаларды колдонгонун, канча адам жоопкерчиликке тартылганын ачыкка чыгарбай жатат.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев добуш сатып алуу фактылары түмөндөп саналарын бөркүндөй эле көрөт.

«Эгерде укук коргоо органдары жакшылап иштеп, үгүтчүлөрдүн артынан түшө турган болсо, анда биринчилерден эле бийликке жакын партиялардын кылмышы ачылып калуу мүмкүнчүлүгү жогору. Күч түзүмдөрүнүн жакшы иштебей жатышынын себеби да ушул болуп турат. Азыркы айтылып жаткан фактылар - жарандардын кайрылуусунун, журналисттердин материалдарынын негизинде аныкталган иштер. Ошол эле маалда оппозициялык көз караштагы партиялар мыйзам бузган жок деп айтуу да туура эмес», - деди ал.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышып жаткан талапкер-партиялардын 4-сентябрда башталган үгүт иштери шайлоого бир күн калганда токтотулат.

Добуш үчүн акча сунуштаган партиялар
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:51 0:00

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG