Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Мушташтын айынан эки талапкер шайлоодон чыкты


Аравандагы мушташ учуру. 20-сентябрь, 2020-жыл
Аравандагы мушташ учуру. 20-сентябрь, 2020-жыл

Борбордук шайлоо комиссиясы Ош облусунун Араван районунда «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыккан мушташка байланыштуу тизмедеги эки талапкерди шайлоодон четтетти. Ошондой эле жаңжалга катышты делген алты киши кармалды. 

Борбордук шайлоо комиссиясы 24-сентябрда (БШК) Араванда үгүт маалындагы мушташка байланыштуу талапкерлер Шүкүрулло Файзуллаев менен Илхом Маннановду шайлоодон четтетүү чечимин бир добуштан кабыл алышты. Файзуллаев “Биримдик”, Маннанов “Мекеним Кыргызстан” партияларынан талапкер болуп катталышкан.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Нуржан Шайлдабекова жаңжал үчүн эки талапкердин тең күнөөсү бар деген оюн жыйында билдирди:

“Мындай шартта жогорку кызматка талапкер болуп жаткан адамдар жөнөкөй жарандардын кызыкчылыгын карап гана аракеттениши керек болучу. Мен бул кырдаал үчүн талапкерлердин түздөн-түз жоопкерчилиги жана күнөөсү бар деп ойлойм”.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында партиялардын да жоопкерчилигин кароо сунушу айтылды. БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев ал сунушун мындайча негиздеди:

“Мен партиялар түздөн-түз бул окуяга тиешеси бар деп ойлойм. Факты катары биз мунун баарын көрүп жатабыз. Тергөө бүтсө да бул нерсе ырасталат деп ойлойм. Менимче, партиялардын жоопкерчилигин да кароо керек. Мен эки партияга эскертүү берүүнү сунуштайт элем”.

Кайрат Осмоналиевди колдогон БШКнын дагы бир мүчөсү Атыр Абдрахматова Аравандагы жаңжал шайлоонун коопсуздугуна коркунуч жаратты деп эсептейт:

“Сөзсүз түрдө эки партиянын жоопкерчилигин да карашыбыз керек. “Үгүт маалында эле ушундай чыр чатакка барып, элдин коопсуздугуна коркунуч жаратып жатышса, добуш берүү күнү атышабы” деген да сөздөр айтылып жатат соцтармактарда. Ошондуктан мен эки партияга тең эскертүү беришибиз керек деп ойлойм”.

«Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын БШКдагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жаңжал боюнча ишти укук коргоо органдары акырына чейин чыгарышы керек деген оюн айтышып, ошол эле кезде жаңжалга эки партиянын тарапкерлери катышты деп айтууга болбойт деген ойлорун билдиришти.

Талкуудан кийин БШК мүчөлөрү «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын талапкерин шайлоодон четтетти. Ал эми партияга эскертүү берүү сунуштары колдоо тапкан жок.

“Биримдик” партиясынын талапкери Шүкүрулло Файзуллаев да, “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер Илхом Маннанов да аларды шайлоодон четтеткен чечим тууралуу маалымат берише элек. Алар мүчө болгон партиялар да үн катышкан жок. Мыйзам боюнча Шүкүрулло Файзуллаев менен Илхом Маннанов БШКнын чечимин сотто талашууга укугу бар.

20-сентябрда Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Илхом Маннанов үгүт жүргүзүп жатканда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жараат алган. Ага катышкандар «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын өкүлдөрү экени айтылган. Эки партия тең муну чагым катары сыпаттаган билдирүү таратышкан.

Ал эми 24-сентябрда Шүкүрулло Файзуллаев менен Илхом Маннанов элдешип, чатак үчүн бири-бирин кечиришкени тууралуу маалымат тарады. Алардын кол алышып түшкөн сүрөтү социалдык тармактарга чыкты.

Деген менен милиция жаңжал боюнча алты кишини кармап, сотко чейинки өндүрүш ишин баштап, жаңжалдын чоо-жайын иликтеп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурдин Эшимкан уулу Борбордук шайлоо комиссиясы аталган маселени карап жаткан жыйында айтты:

"Азыркы күндө тергөөдө алты адам шектүү катары аныкталды. Төрт адам соттун чечими менен тергөө абагына камалды. Ошондой эле дагы эки адам кармалды, жакында соттун чечими менен алардын баш коргоо чарасы аныкталат. Иш боюнча элүүдөн ашык адам күбө катары суралды. Бүгүнкү күндө ар кандай жаракат алган 12 адам ооруканаларда дарыланууда. Соттук медициналык экспертизалар дайындалган. Мындан тышкары, окуя болгон жерде беш машина талкаланган. Материалдык чыгымдарды тактоо үчүн эсептөө жүрүп жатат".

Нурдин Эшимкан уулу “жаңжал улут аралык мүнөздө болгонбу” деген суроого “жок” деп жооп берди. Анын айтымында, кармалгандар “бейбаштык” беренеси боюнча шектелүүдө жана тергөөдө бул жаңжалга талапкерлер өздөрү да катышканы тууралуу маалымат жок.

«Биримдик» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон аравандык Шүкүрулло Файзуллаев Юсупова айыл өкмөтүн 14 жылдан бери жетектеп келет. Тизмеде ал 74-орунда турган. Коомчулукта анын бир туугандары эт багытында иш жүргүзүп келатышканы, Араванда таасирдүү үй-бүлөлөрдүн бири экени айтылат.

Ал эми «Мекеним Кыргызстан» партиясынан ат салышып жаткан аравандык Илхом Маннанов тизмеде 33-орунда болчу. Ал катардагы участкалык милициядан Өзгөн, Араван, Ноокат райондук ички иштер бөлүмдөрүн жетектеп, 2015-жылы Жогорку Кеңешке КСДПдан депутат болгон. Ал Араван айылындагы базардын айрым бөлүктөрүнүн бейформал ээси экени айтылат.

Байкоочулар «Мекеним Кыргызстан» партиясын да, «Биримдик» партиясын да бийликчил күч катары сыпаттап келишет. Аравандагы жаңжалда алардын аттарынын аталышы эки партиянын тымызын тирешинин, добуш талашуусунун ачыкка чыгышы катары да бааланган.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Үгүт иштери 4-сентябрдан тартып башталган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG