Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

БШКда «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын жоопкерчилигин кароо маселеси көтөрүлдү


Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) Араванда үгүт учурунда чыккан мушташ үчүн партиялардын жоопкерчилигин кароо боюнча маселе талашка түштү.

БШКнын мүчөлөрү Атыр Абдрахматова, Кайрат Осмоналиев, Гүлнара Журабаева партиялардын жоопкерчилигин карап, чара көрүүнү сунуш кылышты.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана анын орун басары Абдыжапар Бекматов партияларга эмес, ошол аймактан тизмеге кирген талапкерлер Шүкүрулло Файзуллаев («Биримдик») менен Илхом Маннановдун («Мекеним Кыргызстан») жоопкерчилигин кароону сунуш кылышты.

20-сентябрда Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Маннановдун үгүтү учурунда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жараат алып, ооруканага түшкөн.

Мушташ «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылган. Эки партия тең муну чагым катары сыпаттаган билдирүү таратышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG