Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-ноябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:15

Араванда үгүт маалындагы мушташка байланыштуу дагы эки киши кармалды


Араван районунда шайлоо үгүтү маалында чыккан мушташка байланыштуу дагы эки киши кармалды.

Алардын бөгөт чарасы 24-сентябрда каралат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жыйынында Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурдин Эшимкан уулу айтты.

Мурдараак төрт адам колго түшүп, райондук соттун чечими менен эки айга тергөө абагына камалган.

20-сентябрда Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жараат алган.

Мушташ «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылган. Эки партия тең муну чагым катары сыпаттаган билдирүү таратышкан.

БШК күч органдарынын билдирүүлөрүнүн негизинде жагдайды талкуулай баштады. Жыйында ИИМ өкүлү чатак жол курууга байланыштуу убадалардан улам чыкканын айтууда.

Мушташтан соң райондук милициянын башчысы Сактан Исмаилов иштен алынган.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышып жаткан талапкер-партиялардын 4-сентябрда башталган үгүт иштери шайлоого бир күн калганда токтотулат. (SE)

XS
SM
MD
LG