Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

БШКда Аравандагы үгүт маалындагы мушташ талкууланып жатат (видео)


Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Араванда шайлоо үгүтү маалындагы мушташка байланыштуу маселени 24-сентябрда карай баштады. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова күч түзүмдөрүнөн тийиштүү маалыматтар алынганын билдирген.

20-сентябрда Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жаракат алган.

Мушташ «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылган. Эки партия тең муну чагым катары сыпаттаган билдирүү таратышкан.

Райондук сот Аравандагы мушташка шектүү катары төрт жарандын бөгөт чарасын 23-сентябрда карап, алар эки айга тергөө абагына камалган. Дагы эки киши кармалган, алардын бөгөт чарасы 24-сентябрда каралат.

Ички иштер министрлиги коомдук тартипти камсыз кылууда кетирген кемчиликтери үчүн райондук милициянын башчысы Сактан Исмаилов иштен алынганын билдирген.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышып жаткан талапкер-партиялардын 4-сентябрда башталган үгүт иштери шайлоого бир күн калганда токтотулат. (SE)

XS
SM
MD
LG