Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-октябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Кыргызстан терроризмге каршы күрөштүн борборуна айлангысы келет


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 23-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында кайрылуу жасады.

Кыргызстан БУУнун Адам укуктарын коргоо кеңеши менен Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болууга талапкерлигин койду. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 23-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясындагы кайрылуусунда билдирди. Кыргыз президентинин БУУдагы сөзү жана демилгелери ар кандай талданууда.

Сооронбай Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясындагы кайрылуусунда Кыргызстан адам укуктарын бекемдөө принциптерин карманарын белгиледи.

Мамлекет башчы өлкөнүн өнүгүү жолун аныктаган стратегиялык документ 2040-жылга чейин түзүлгөнүн белгилеп, стратегияда ар бир жарандын укуктарын коргоо каралганын билдирди. Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан уюмдун Адам укуктарын коргоо кеңешине жана Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болууга талапкерлигин койгонун жарыялады:

«Айымдар жана мырзалар, Кыргызстан бул позицияларга алдыдагы мөөнөттөргө талапкерлигин көрсөтүүдө. Биздин талапкерлигибиз колдоо табат деген үмүтүбүздү билдиребиз. Кыргызстан - өзөктүк программадан тышкары өлкө. Борбор Азия аймагына коркунуч туудуруп жаткан терроризм менен экстремизмге каршы күрөштө эл аралык коомчулуктун ишин уюштурууда негизги ишти БУУ жасоого тийиш. Биз БУУнун глобалдык терроризмге каршы стратегиясынын эффективдүү жүзөгө ашырылышына кызыкдарбыз. БУУнун Терророизмге каршы башкармалыгынын регионалдык координаторунун дайындалышын жана анын Бишкекте жайгашуусун кубаттайбыз. Ага ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даярбыз".

Мамлекет башчы БУУдагы видео кайрылуусунда пандемиянын экономикага тийгизген таасири, терроризм, Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгы, экология маселелеринде Бишкек өзүнө коюлган милдеттерин так аткарып жатканын да айта кетти.

Ошондой эле Кыргызстан БУУну реформалоо боюнча баш катчы Антониу Гутерриштин жасаган аракеттерин колдой тургандыгын, Климаттын өзгөрүшү боюнча Париж келишимин ратификациялап бергендигин белгиледи.

Экономикалык маселелер тууралуу айтып жатып, „Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан"темир жолун куруу жана ишке киргизүү Азияны Европа менен байланыштырууга кошкон салымыбыз болот" деди. Тышкы карыз маселесине да токтолду:

«Биз "Чоң жыйырмалыктын“ жана эл аралык каржы институттарынын карыздар боюнча төлөмдөрдү токтото туруу чечимин кубаттайбыз. Үстүбүздөгү жылдын май айында БУУнун жогорку деңгээлдеги иш-чараларында туруктуу өнүктүрүү долбоорлорунун ордуна тышкы карызды терең реструктуризациялоо механизмин колдонууну сунуш кылганбыз. Биздин демилгебиз активдүү колдоого алынарына үмүт кылабыз».

Кыргыз президенти 4-октябрда боло турган парламенттик шайлоого да учкай токтолуп, ага эл аралык байкоочулар чакырылганын айтты.

«Биз шайлоонун заманбап технологияларды колдонуу менен ачык-айкын жана атаандаштыкта өтүшү үчүн бардык күч-аракеттерибизди жумшайбыз», - деди президент.

Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болгон өлкөлөрдүн ондугуна кирүү дымагы жөнүндө президент Жээнбековдун сөзүнө жергиликтүү укук коргоочулар менен эксперттер баасын берип жатат.

Конституциялык укук боюнча эксперт Сания Токтогазиева президенттин эл аралык трибунадан көтөргөн маселерин талдады.

Сания Токтогазиева.
Сания Токтогазиева.

«Жалпысынан Жээнбеков Кыргызстан лидер боло алчу маселелерди көтөрдү десек болот. Мисал катары ошол эле мөңгүлөрдүн эриши, биологиялык ар түрдүүлүктү сактап калуу сыяктуу экологиялык маселелерди айтсак болот. Бирок булар жөн гана билдирүүлөр болуп кала берет. Башкы ассамблеянын аянтчасынын негизги максаты көтөрүлгөн маселелерди колдоп берүүгө башка өлкөлөрдү ынандыруу. Башкы ассамблея конференциянын форматында иш алып барат. Ал эми конференциядан сырткары өлкөлөр өз кызыкчылыктарын сүрөп, алар көтөргөн маселелер Башкы ассамблеянын негизги күн тартибине киргизилишин камсыз кылыш керек. Жээнбеков тышкы саясат үчүн жооп берген командасы менен аны кыла алган жок. Бул биздин БУУнун алкагындагы мүчөлүгүбүздү толук кандуу жана натыйжалуу колдоно албай жатканыбызды билдирет. Бул айланып келип эле чабал кадр саясатына такалат. Тилекке каршы биздин кызыкчылыктарды БУУда коргоп келген дипломаттардын иши канааттандырарлык болбой келет».

Укук коргоочу Динара Ошурахунова Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы коронавирус пандемиясы учурунда ачык билингенин айтты. Ал медицина тармагындагы маселени ачык айтып койгон медицина кызматкерлерине чейин куугунтукка кабылганын белгиледи.

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

«Карантиндик чектөөлөр киргизилип, эпидемиологиялык абал күчөп турган учурда медицинадагы кыйынчылыктарды ачык айтып чыккан дарыгерлерди кандай кылып жатышты? Көрүп аттык. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аларды чакырып алып, кечирим суратып, ооздорун басып атты. Мындай кысымга дарыгерлер эле эмес, башка адамдар да кабылды. Пандемия учурунда сөз эркиндиги катуу тебеленди. Саясий куугунтук уланып жатат. Болгону учурда азыр эл шайлоо менен алек болуп, аларга көп көңүл бурулбай калды. Ал эми маселелердин айтылбай калганы - анын чечилип калганын билдирбейт. Президенттин эл аралык коомчулук алдында «баары жакшы» деп айтышына негиз жок».

Пандемия шартында жабык жайларда кармалып тургандардын укуктары сакталбай жатканын укук коргоочулар айтып чыгышты. Аларга коргонуучу каражаттар жетишсиз болгону, ооругандардын дарыланышына мүмкүнчүлүк түзүлбөй жатканы улам кабарланып жатты.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы андай маалыматтарды четке кагып, жабык жайларда коронавируска чалдыккандар катталбаганын маалымдады. 2010-жылдагы июнь окуяларында жапырт башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 69 жаштагы укук коргоочу Азимжан Аскаров быйыл 25-июлда түрмөдө пневмониядан каза болду.

Аскаровдун укуктарын коргоп келген «Бир дүйнө Кыргызстан» уюму кыргыз өкмөтүн «БУУнун сунуштарын эске албай, чечимин аткарбай жатат» деп күнөөлөп келет. Уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилова кыргыз бийлигин абактардагы айрым адамдарды бошотууга чакырды.

Төлөкан Исмаилова.
Төлөкан Исмаилова.

«Быйылкы пандемия учурунда БУУнун башчысы жабык жайлардагы оорулуу, карыя адамдарды бошотууга чакырган. Биз дагы президент Жээнбековго, өкмөт башчы Бороновго кайрылып, Улуттар Уюмунун чакыруусун ишке ашырууну өтүндүк. Азыр дагы мамлекет жетекчилигинен маркум Азимжан Аскаровду актоону, анын үй-бүлөсүнө кенемте төлөп берүүнү, ал эми жабык жайлардагы жашы жете элек балдарды, аялдарды жана карыя, оорукчан адамдарды да Мандела принциптери менен бошотууга чакырабыз. Биздин бийлик буларды ишке ашыруу менен дүйнөлүк коомчулукка жакшы оюн, жакшы демилгесин көрсөтүшү керек».

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен 2020-жыл Кыргызстанда Балдарды коргоо жана колдоо жылы деп жарыяланган. Расмий маалыматтар быйылкы жарым жылда Кыргызстанда 44 бала уруп-сабоого , 24 өспүрүм жыныстык зомбулукка кабылганын көрсөттү. Андан тышкары дагы 12 бала психологиялык зордук-зомбулукка кабылган. Жарым жылда 32 бала өз жанын кыйган, 32 өлүмдүн 13ү коронавируска байланыштуу жарыяланган карантин убагында катталган. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда бүгүнкү күндө чет жакка мигрант болуп кеткен кыргызстандыктардын алты миңдей баласы аларга эч кандай тууганчылыгы жок адамдардын колунда жашайт.

«Балдардын укуктарын коргоо лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекованын пикиринде, акыркы жылдары балдардын укуктарын коргоо жаатында мамлекеттик деңгээлдеги бир топ жылыштар болду. Алардын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды башка балдарга аралаштырып, инклюзивдүү билим берүү системасын ишке ашыруу, майып баласын баккан энелерге төлөнүп жаткан айлык акы тууралуу долбоорлор бар.

«Президент 2018-жылы майыптуулугу бар балдардын укуктарын коргоо боюнча биздин кайрылуубуздун негизинде өкмөткө 14 сунуш жиберген, - деп жүйө келтирди ал. - Анын ичинде аймактарда айыл өкмөттөрдүн деңгээлинде атайын балдарды коргоо жаатында социалдык кызматкер дайындоо; майыптуулугу бар балдарга инклюзивдүү билим алышына шарт түзүү, интернаттарда жана балдар үйлөрүндө жашап жаткан балдарды биологиялык үй-бүлөсүнө кайтаруу боюнча сунуштар да бар. Бүгүнкү күнү мына ушулардын баары ишке ашты. Быйылкы жаңы окуу жылында мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар башка балдарга аралашып кадимки мектептерде окуй башташты. Пандемия болбогондо бул иш алдыга жылып, көп максаттар ишке ашмак. Тилекке каршы пандемия биздин демилге-максаттарыбызды ишке ашырууга жолтоо болду. Сиздер билесиздер, 2019-жылдан тартып майып, дайыма кароону талап кылган балдарды караган адамдар - ата-энеси, жакын тууганы ал үчүн айына беш миң сомго чейин айлык ала баштады. Мындан тышкары Кыргызстандын жер-жерлеринде жетим балдар үйлөрүндөгү биологиялык ата-энеси бар 12 миң бала кайра үй-бүлөсүнө кайтарылып, үй-бүлөдө чоңоюшуна шарт түзүлдү. Жылыш бар, адам укуктарын коргоо жаатында көп мыйзамдар кабыл алынды».

Оштогу «Ак жүрөк» кризистик борборунун негиздөөчүсү, укук коргоочу Дарика Асилбекованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, Кыргызстанда гендердик теңчилик, аялдардын укуктарын коргоо мыйзамдары болгону менен, коомдогу көрүнүш башка.

«Мыйзам бар, - дейт ал. - Бирок ал аткарылбайт. Мыйзам иштебеген соң, аялдардын укуктары толук корголбой жатат. Анткени зомбулук көргөн аял колдоо таппай жалгыз калууда. Зомбулук кылган адамдан кетип кала албайт, ажырашса бара турган жери жок, ата-энесинин, бир туугандарынын өз жашоосу бар, эч жерге батпайт. Ошондуктан аял кайра тосмо арыз жазып, зомбулукка чыдап жашоого мажбур. Ажырашып, мүлк бөлүшүүдө жана балдарына алимент төлөтүп алууда да аялдардын укуктары көбүнчө тебеленип калып жатканы жаңылык эмес. Кыскасы абал оңолуп кеткен жери жок».

БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү августта өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялаган. Анда үй-бүлөлүк зомбулукка туш болгон аялдардын жана кыздардын иши иликтенген. Натыйжада, былтыркы тогуз айда «Зордуктоо» беренеси боюнча 269 иш сотко чейинки териштирүүгө алынса, 200ү сотко жетпей токтотулган, 17 иш гана сотко жеткен. 54 иш «Жашы жете электерге жыныстык ыдык көрсөтүү» беренеси менен катталган. «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси менен көп учурда кыз-келиндер күйөөсүнөн, атасынан же өгөй атасынан токмок жеген учурлар катталган. Дээрлик бардык токтотулган иште тараптар келишип алышкан, негизинен сабалган аялдар тосмо арыз жазышкан.

БУУӨП аялдардын укуктары тиешелүү деңгээлде корголбой жатканына күч органдарындагы кайдыгерлик себепкер экенин белгилеген. «Укук коргоо системасында да стандарттык каталар бар: далил заттар убагында алынбайт, милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барбайт. Ошол эле учурда жабырлануучулар да милицияга мөөнөтүнөн өткөрүп, зомбулукту далилдөөгө мүмкүн болбой калганда кайрылышат. Тергөөчүлөрдүн шалаакылыгынан улам убакыт өтүп кетет. ИИМ ишти уюштурбай жаткандыктан, тергөөчүлөрдүн компентентсиздигинен улам зомбулук жана анын кесепеттери азайбай келатат», - деп жазылган билдирүүдө.

ИИМдин маалыматы боюнча, быйыл жыл башынан бери өлкөдө 2019 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул былтыркыдан 65% көп. Былтыр өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу беш миңден ашуун факты катталса, анын ичинен 580 иш гана сотко чейинки териштирүүгө алынган.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын жылдык жыйыны 21-сентябрда башталган. Уюмдун тарыхында биринчи жолу жыйын онлайн өтүп жатат. Башкы Ассамблеянын жыйыны 29-сентябрда соңуна чыгат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG