Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:01

«Аялды асылдар баалайт, пастар кор тутат»


Ош шаарындагы базарда тартылган сүрөт. 2013-жыл.
Ош шаарындагы базарда тартылган сүрөт. 2013-жыл.

“Биз жана дин” түрмөгүндө аялдын коомдогу ордун диний көз караштан талдайбыз жана зомбулук маселесине кайрылабыз.

Маселени эксперт Канатбек Мурзахалилов менен дин таанучу Алмамбет Осмон уулу талкуулашат.

Канатбек Мурзахалилов: - Кыргыз коомунда айрым кишилер аялдардын эч нерсеге укугу жок, толугу менен эркектерден көз каранды, жеке оюн билдире албаган, үй жумушунан тышкары башка иш менен алектенбеген адамдай элестетишет. Мындай көз караш эмненин негизинде жаралып калды деп ойлойсуз?

Алмамбет Осмон уулу: - Кыргыз элинде аял асылзат катары бааланып келген. «Аял - үйдүн куту» деп аздектешкен. «Кыздын кырк чачы улуу», «аял жакшы - эр жакшы», «эрди эр кылган да, жер кылган да аял» дешкен. Аялзатын баалаган мына ушундай сөздөр жөн жерден айтылган эмес.

Кыргызда илгертеден аял менен эркек эки жарым бир бүтүн, эриш -аркак, бир бүтүндүктө, өз ара шайкештикте бири-бирин сыйлап жашап келген.

Эркектин да, аялдын да өзүнүн орду бар. Эркек-аял бирин-бири кор көргөн жорук кыргызда болгон эмес. Болсо дагы өтө аз болгон чыгар. Анан эмне болуп кетти? Баалуулуктар алмашып кеткен доорго туш келдик. Ааламдашуунун алкагында бул нерсе ого бетер күч алды. Эркектер чыныгы эркек боло албай өз нугун жоготуп, ыйман баалуулуктарынан алыстап кетти. Аялдар да өз ордун таба албай, карайлап калып жатат.


Аялзатын кандай баалашыбыз керек? Улуулук сапаттарга эгедер алсыз зат аялдын чыныгы көркү сулуулугу менен баркы, анын ар-намысы, абийири менен бааланат.

Аялзатынын эң асыл жагы - анын тарбиясында. Үйдүн куту болуп, өмүрлүк жарынын, балдарынын, коомчулуктун сыйына арзуусу менен өмүрлүк жолдошуна болгон ишенимдүүлүгүндө. Аял колунан эч түшүрбөй окуп жүрө турган коомдук тарбия китеби бар. Тилекке каршы, мындай китеп толук талапка ылыйык жазыла элек. Андай китептен аялзаты тургай эркектин да кабары жок.

«Аялды асылдар баалайт, пастар кор тутат»
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:55 0:00
Түз линк

Илим-билим азайган мезгилде жашап жатабыз. Жалпы коомчулуктун аялзатына болгон кастары, баркы, тарбиясы өз нугуна түшө элек. Эркектерге да ошондой тарбия керек. Аялзаты кадырланышы, коргоого алынышы керек экенин биз тереңден сезе албай жатабыз. Илимдүү, билимдүү Жараткандын акыйкат жолун тапкан келечек муундар аялзатын абдан аздектеринен үмүт кылабыз.

Канатбек Мурзахалилов: - Тарыхка кайрылсак кээ бир коомдордо аялзаты адилетсиздикке туш болгонун көрөбүз. Бүгүнкү ааламдашкан XXI кылымда деле аял укугу боюнча айрым маселелер чечилбей келүүдө. Күндөлүк турмушта деле аялдарга карата зордук-зомбулук, сый-урматсыз мамиле уланууда. Ушул өңүттөн алганда исламдагы аялзатынын орду, укук-милдеттери кандай каралган?

Алмамбет Осмон уулу
Алмамбет Осмон уулу

Алмамбет Осмон уулу: - Аялзаты адамзат мектебинин алгачкы мугалими десек да болот. Анткени аял үй-бүлөдөгү балдарынын тарбиясына түздөн-түз таасир эте алат. Үйдөгү бейпил өмүрдүн уюткусу да аялзаты.

Ыймандуу аял үй-бүлөдөгү бактылуулукту, тартипти, өз ара түшүнүүнү камсыз кылат. Бул сапаттардын баары биригип келип эле аялзатынын кандай болуусуна байланыштуу. Ошондуктан, аялзаты назик жан катары, эне катары да динде өзгөчө сый-урматка ээ. Башынан эле Алланын аялзатын аздектеген, өзгөчө орду бар экенин айтуу жетиштүү. Жараткандын акыйкат жолун туткан ыймандуу аял коомго үлгү. Анын ар бир кыймыл-аракетинен дүйнөгө жакшылык чачкан асылдыктын, тазалыктын, аруулуктун шооласы жайнап турат.

Ал эми жан дүйнөсүн ыймансыздыктын караңгылыгы каптаган аял баскан жерин булгап кетет. Өзүнүн асыл ордун билбеген шайкелең аялдар үй-бүлөнүн баалуулугун кайдан билсин? Алар үй-бүлө баалуулугун кыйратып бузат.

Аялды периштелерден да улуу даражага, баа жеткис алмаздай асылдыкка жеткирген улуу нерсе анын жан дүйнөсүнүн аруулугу жана ыймандан келген олуттуу аракеттери. Арсыз аялдарды курчаган начар чөйрөдөн жакшы перзент тарбияланып чыгуусун күтүү мүмкүн эмес.


Канатбек Мурзахалилов: - Аялды сыйлоо, урматтоо, алардын укуктары эркектер менен бирдей экендиги тууралуу Куран аяттары менен хадистер көп. Алардын айрымдарына токтоло кетсеңиз.

Алмамбет Осмон уулу: - Пайгамбарыбыздын доорунда кээ бир аялдар ага келип «аялзаты да эркектер сыяктуу Куранда айтылабы?» деп сурашканда пайгамбарыбыз аларга ахсаб сүрөөсүнүн 35-аятын окуп берген. Аталган аятта эркек же аял болобу бири-биринен эч айырмасыз түрдө мусулманчылыкта, ыймандуулукта, такыбалыкта, чынчылдыкта, абийирдүүлүктө, кайрымдуулукта, берешендикте, Аллага жакындыкта, ага берилүүдө жана башка ушундай асыл сапаттарда эң алдыда турса, эркек же аялдыгына карабастан, Жараткандын жакшылыктарына ээ экендигин, акыретте да орду, даражасы абдан бийик болоору ушул аятта айтылган.

Жынысына карабастан Кудайдын алдында баары бирдей. Болгону адам катары ким ыймандык, моралдык асыл сапаттарга ээ болсо, ошол мактоого татыйт деген сөз. Илгерки даанышмандар «аялдын колундагы ийне эр азаматтын колундагы найзага тете» деп айтышкан экен. Чындыгында бул сөз абдан жөндүү айтылган.

Пайгамбарыбыздын хадистеринин биринде аялзатынын эркектер сыяктуу эле орду баса белгиленип, айтылган хадистери көп. Мисалы, азирети Айша энебиздин баянына ылайык, пайгамбарыбыз «аялдар - эркектердин тең жарымы» деген. Демек, аялзаты жок жерде эркек жарым. Эркектин иши чала. Эркектин орду начар. Ал тургай пайгамбарыбыз айтып жатпайбы «аялзатын асылдар гана баалап, сыйлайт. Пас адамдар гана кор көрөт». Демек, аялзатты кор көрүп, укуктарын тебелеп жаткандар адам деген атка татыктуу эмес, пас кишилер.


Канатбек Мурзахалилов: - Имамдар үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту токтотуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын билебиз. Сиздин практикаңызда диний кызматкерлерге аялдар кандай маселелер боюнча көп кайрылышат? Кайрылуулардын негизги себеби эмнеде?

Алмамбет Осмон уулу: - Эркектердин корстугу, аялзатын сыйлабагандыгы, өзүм билемдиги жана үй-бүлөдө аялга кол көтөргөндүгү сыяктуу одоно мамилелери жөнүндө даттануулар көп айтылат. Ушул маселелерди айтып келген аялдар көп. Өзү жакшы эркек боло албай туруп, балдарынын апасына, адал никелеп алган ак никелүү жубайына, өмүрлүк жарына кол көтөрүп сабаганы - айбанчылык.

Азыркы коомчулукта ыймандуулук, тарбия дагы деле аз болуп жатат. «Эл ыйман жолуна келди. Мечиттерге жаштар батпай калды» деп айтканыбыз менен сан бар, сапат жок. Азыр кыргыз коомчулугуна мусулманчылыктын чыныгы сапаттары толу сиңе элек. Руханий дүйнөбүз толук өсүп-өнүгө элек заманда жашап жатабыз. «Көч бара-бара түзөлөт. Үмүтсүз - шайтан» дегендей уучубуз кур эмес. Ыйман жолунда жасалып жаткан жакшы нерселер көп. Ага көз жумсак болбойт. Биз акырындап жарык келечекке, тарбиялуу асыл муундардын заманына карай баратабыз десек болот.


Канатбек Мурзахалилов: - Динчил аялдар менен тыгыз иштешип, аларга жарандык, диний укуктарын, түрдүү радикалдык маанайдагы топтордун катарына азгырылып кетүүсүнүн алдын алуу үчүн мамлекеттик органдар, муфтият системасы эмне кылуу керек?

Алмамбет Осмон уулу: - Биринчиден, мамлекеттик органдар, муфтият болобу тиешелүү органдар, дегеле жалпы коомчулук аялзатынын учурдагы көйгөйлөрүн чечүүгө кам көрүүсү керек. Тарбияга, илим-билим жаатын жакшыртууга колдон келген аракеттерди жасоо зарыл болуп турат.

Эң башкысы жоопкерчиликти туура багытка салуунун аздыгы жана диний чала сабаттуулук түрдүү органдар менен тиешелүү тараптардын жоопкерчиликсиздигине барып такалат.

Азыр эркек-аял дебей ар бирибизде олуттуу жоопкерчилик бар экенин унутпасак.

XS
SM
MD
LG