Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 00:07

Сузактагы окуя коомду козгоду


Бишкектеги акция. 15-июнь, 2020-жыл.

Бишкектеги Жогорку Кеңеш жана президенттик аппарат жайгашкан имараттын алдында аялдардын укугун коргогон активисттер акция өткөрүштү.

Отуздан ашык активист кагазга жазылган «Мени өлтүрбө!», «Зомбулукка жол жок!», «Зомбулукту токтоткула!» деген өңдүү чакырыктарды көтөрүп турду.

Пикетке чыккандардын бири, активист Элвира Калмурзаева акция акыркы кезде аялдарга болгон мамилеге бийликтин көңүлүн бурдуруу максатында өткөрүлгөнүн билдирди:

Элвира Калмурзаева.
Элвира Калмурзаева.

«Сузактагы аялды мазактоо, мыкаачылык менен уруп жаткан видео чыккандан кийин биз өкмөттүн реакциясын күткөнбүз. Жогорку Кеңештин, президенттин да бул тууралуу оюн уккубуз келген. Бирок эч ким үн каткан жок. Ошол эле кезде 8-мартта маршка чыккандарды сот айыптуу деп таап, бизди кармап кеткен милициянын ишин мыйзамдуу деп эсептеди. Биз онлайн митинг да уюштурдук, социалдык тармактарда да жазып жатабыз. Бирок мунун баары жетишсиз болгондуктан акцияга чыгууга туура келди».

Милиция пандемияга байланыштуу чогулгандарды тарап кетүүгө чакырды. Чогулгандарга Бишкек шаардык милициянын башчысынын орун басары Эрлан Атантаев баш болгон ондогон кызматкерлер көз салып турду:

«Баарыбыз эле зомбулукка каршыбыз. Аны менен күрөшүп жатабыз. Азыр бул жерде башка адамдар келип, уруш болбосун деп тынчтыкты көзөмөлдөп турабыз».

Бишкектеги Акүйдүн алдында үй-бүлөлүк зомбулукка каршы уюштурулган пикет милициянын кийлигишүүсүнөн кийин БУУнун өкүлчүлүгү жайгашкан кеңсеге чейин жөө жүрүш менен жыйынтыкталды. «Бишкек феминисттик демилгелер» коомдук фондунун өкүлү Айжамал Бектенова буларды айтты:

Айжамал Бектенова.
Айжамал Бектенова.

«Биз пикетте санитардык талаптарга ылайык беткап кийип, аралыкты сактап турганбыз. Милиция келип, биздин колубуздагы транспаранттарды алууга аракет кылганда айласыз топтолуп калдык. Ошол учурда алар «аралыкты сактабай жатасыңар» деп айыпташты. Көпкө тургузган жок. 15-20 мүнөттөн кийин эле Чүй проспекти менен Калык Акиев көчөсүндө жайгашкан БУУнун кеңсесине чейин жөө жүрүш кылып, иш-чарабызды жыйынтыктадык».

Бул боюнча маселе 14-июнда өкмөткө караштуу Аялдар иши жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйында талкууланды. Кезексиз жыйын Жалал-Абад облусунун Сузак районунда катталган үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу болду. Видео конференцияга Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик жана мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Вице-премьер-министр Аида Исмаилова аялдар зомбулукка кабылган учурлар токтобой жатканын белгиледи.

«Бүгүн биз Сузак районунун Бек-Абад айылында орун алган үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу ыкчам чогулуп отурабыз. Коомубуздагы зомбулук фактылары боюнча статистика кооптуу, балдар, аялдар жана эркектер да зомбулуктан жабыркаган учурлар катталууда. Адамдын негизги укугу – жашоого, кол тийбестикке, урмат-сыйга жана ар-намыска, мыйзам алдында тең укуктуулукка карата болгон укугу», - деди Исмаилова.

15-июнда Сузактагы күйөөсүнөн кордук көргөн аял тосмо арыз жазганы белгилүү болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы кабарлап, тосмо арызга карабай тергөө иштери уланып жатканын кабарлады.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касмалиева адатта үй-бүлөлүк зомбулук катталган учурлар тосмо арызга байланыштуу токтоп калаарын белгилеп, мыйзамдын аткарылышындагы мүчүлүштүктөргө токтолду:

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

«Мындай учурларда тосмо арыз башкы маселе болууда. Себеби жабырлануучу тосмо арыз жазгандан кийин иштин 90 пайызы токтоп калып жатат. Сузактагы окуяда иш резонанс жаратып, ал берене кыйноо катары эсептелди. Демек ага катаал чара колдонушу керек. Бирок зомбулук боюнча беренелерде анын жазасы башка болмок. Ал тургай аялын сабаган эркек айып төлөп кутулушу мүмкүн. Биз чараны күчөтүү боюнча мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргиздик».

Аялынын моюнуна дөңгөлөк илип, кыйнаган кишинин окуясы коомчулукта катуу сынга кабылды. Интернет колдонуучулар камакка алынган адамдын жазага тартылышын талап кылышууда.

Алардын билдирүүлөрү сүрөтчү Татьяна Зеленскаянын иллюстрациясы жана «Кечир бизди, аялзат» деген сөздөр менен коштолуп жатат. Сүрөтчү буларды айтты:

«Кечир бизди, аялзат»
«Кечир бизди, аялзат»

«Соцтармактан бул тасманы көрүп, адегенде көргөн көзүмө ишенген жокмун. Балким перформанспы деп ойлогом. Бир аздан кийин гана бул чыныгы окуя экенин билип, тасманы толугу менен көрө алган жокмун. Бирок ал аял көз алдымдан кетпей койду. Мен ошол окуяны эле эмес, өзүмдүн сезимдеримди сүрөт аркылуу чыгардым. Сүрөттөгү дөңгөлөктөр - аял күнүгө көтөрүп турган жүк, ошого карабай ал баш ийип турат. Бул сүрөт тез эле соцтармактарда тарап, аны бөлүшө башташты. Мен сүрөт аркылуу мага окшогон элдин сезимдерин жеткире алдым окшойт».

Соцтармактын дагы бир колдонуучусу Нургазы Аматов тасмадагыдай эки жагына кирпич салынган дөңгөлүктөрдү жонуна артып алып видео тарткан. Ал ошол учурдагы сезимдери менен бөлүшүп, зомбулукка чыдаган кыргыз аялдарынан кечирим сураган:

Нургазы Аматов.
Нургазы Аматов.

«Сузактагы окуяны интернеттен көрүп, абдан кейидим. Өзүмдү күнөөлүү сездим. Видеодогу аялдан, үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чегип жаткан бардык кыргыз аялдарынан эркектердин атынан кечирим сурайын дегем. Ошон үчүн кирпичтер салынган эки дөңгөлөктү мойнума илип көрдүм. Бул жүктү мойнума илип туруу абдан оор болду, бир мүнөттөй эле чыдадым. Эртеси белим ооруп чыкты. Ал эми Сузактагы аял 10-15 мүнөттөй турду окшойт».

Оштогу активист Акылай Каримова коомчулукта Сузактагы окуяны көнүмүш катары кабыл алып, атүгүл аялын урган эркекти кубаттагандар болгонуна кейиди:

«Мен «Инстаграмда» ушул видеонун алдына түшкөн комментарийлерди көрүп абдан таң калдым. Ал жерде тескерисинче, эркекти колдоп, «мен деле ушинтип сабайм» дегендер чыкты. Кызыгы, биздин коомдо «кыз-келиндерди тарбиялаш керек» деген түшүнүк калыптанган. Тилекке каршы, ушул сыяктуу жана буга чейин болгон окуялар коомчулукту ойгото алган жок. Биз кыз-келиндерди чыдап жашаганга үгүттөйбүз. Мындай позицияны аялдар да карманат. Алар «кыз-келиндерди тыйып, тарбиялаш керек. Эркектин сөзүнөн чыкпаш керек, көп сүйлөбөш керек» деп тыйышат. Мен ушул учурлардан кийин өзүбүз эрктүү болушубуз керек деп ойлоп калдым. Аял-эркек дебей бул маселеге кайдыгер карабашыбыз керек. Ар бир адам өзүнөн башташы керек».

Америкадагы Стэнфорд окуу жайынын бүтүрүүчүсү Чыңгыз Жуманазаров Сузактагы окуядан кийин кыздардын билим алуусуна жардам берерин жазган:

Чынгыз Жуманазаров.
Чынгыз Жуманазаров.

«Мен 21-кылымда, дүйнө жүзү алдыга умтулуп жаткан маалда, биздин өлкөдө мурдагы кылымдай жашоо болуп жатканын көрүп таң калдым. Бул абдан аянычтуу окуя. Менимче, ушундай учурда жарандык коомдун оюн билдирүүсү абдан маанилүү. Сузактагы окуядан кийин азыр биз зомбулук тууралуу жазып, сүйлөшө башташыбыз керек. «Фейсбукка» жазганымды колдоп, аны менен бөлүшүп, пикир жазгандардын көбү аялдар болгону мени таң калтырды. Ошол эле кезде ушинтип көп окулганына эркек киши зомбулук тууралуу жазганы себеп болду. Коомдо аялдар маселесин аялдар гана көтөрөт деген ой калыптанып калган. Чынында эркектер теңдик тууралуу сүйлөшү керек деп ойлойм. Биз аял кишиге ал бирөөнүн апасы, кызы болгону үчүн эмес, ал адам болгону үчүн сыйлоо менен мамиле жасашыбыз керек. Бирок эркектердин өздөрү үчүн ушундай жагдай ыңгайлуу болгону да бир себеп».

Окуяга байланыштуу «Инстаграм» аркылуу @tajadymm деп аталган баракчада 14-июнда үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы онлайн митинг өттү. Анда баяндамачылар аялдар зомбулугун, аны токтотуу маселелерин талкуулашты. Алар бул жалпы коомчулуктун көйгөйү экенин белгилеп, бийлик, жарандык коом ага каршы батыл чараларды көрүүсү зарыл экенин айтышты.

Сузактагы окуя Жалал-Абад облусунда зомбулукка кабылгандарга колдоо көрсөткөн «Каниет» реабилитациялык борборунун көзөмөлүндө турат. Борбордун жетекчиси Гүлмайрам Аттокурова зомбулук бир үй-бүлөнүн эле иши эмес, жалпы коомчулуктун жана өлкөнүн көйгөйү экенин белгиледи:

«Ал жерде аялды мыкаачылык менен сабаганын көрүп жатабыз. Ошол эле учурда тасма туугандарынын арасында тарап, аларга да психологиялык басым көрсөтүлдү. Аялды урган эркекке бир нече берене менен иш козголууга тийиш. Анын үстүнө коомчулук реакция кылгандан кийин жазасын тартууга тийиш. Элде тосмо арыз жазылса, аялды урсаң деле жазасыз калат турбайсыңбы деген ой калбашы керек. Башкаларга да сабак болсун. Бул окуя бир эле үй-бүлөнүн эмес, жалпы элдин көйгөйү. Ошондуктан соттук отурумдарга укук коргоочуларды, социалдык кызматкерлерди катыштырса жакшы болмок».

Милиция акцияга чыккан активисттерди таратты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:24 0:00

Аялдардын укугун коргоо, үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу талабы менен жалгыздап пикетке чыгуу чакырыгы «Бишкек феминизм клубунда» жарыяланган.

12-июнда социалдык тармактарда тараган видеодо эркек киши моюнуна эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялга башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы көрсөтүлгөн. Окуя Сузакта болгону аныкталган. Кийинчерээк 47 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылган. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бул факт боюнча Жазык кодексинин «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Күйөөсү сот чечими менен 15 суткага камалган.

Жогорку Кеңештин 4-июндагы сессиясында депутат Айсулуу Мамашова Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу «Бишкек Парк» соода борборунун дааратканасында 13 жаштагы секелекти зордуктоого шек саналган 22 жаштагы жаранды актап койгонун айтып чыккан.

Ошондон кийин актоо тууралуу чечим чыгарган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулун кызматтан кетирүү боюнча онлайн кол топтолуп, ал петицияга төрт миңден ашуун киши кол койгон.

Акыйкатчы Токон Мамытов Соттор кеңешине караштуу тартип комиссиясына судья Айбек Эрнис уулун, Бишкек шаардык сотунун коллегия мүчөлөрү Замир Алгожоевди, Керезбек Есекеевди жана Жамиля Сабитованы процессуалдык мыйзам бузууга жол бергени үчүн жоопко тартуу өтүнүчү менен кайрылган.

Жогорку сот бул кылмыш иши боюнча айыпталуучу үй камагында экенин билдирип, Биринчи май райондук соту «кылмыштын курамы жок» деген негизде шектүүнү актаган деген маалымат тараткан. Азыр прокуратуранын кассациялык арызынын негизинде кылмыш иши Жогорку соттун өндүрүшүндө турат.

Секелекти зордуктаган деген кишинин үй камагына алынышы боюнча маалымат жана Сузактагы аялын кордогон кишинин видеосу аял укугу, үй-бүлөлүк зомбулук сыяктуу көйгөйлөрдү күн тартибине чыгарды.

ИИМдин маалыматы боюнча, быйыл жыл башынан бери өлкөдө 2019 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул былтыркы жылга салыштырганда 65 пайызга көп дегенди билдирет.

2019-жылы өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5 миңден ашуун факты катталган. 580 иш сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG