Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Сузактагы үй-бүлөлүк зомбулукту өкмөт өз көзөмөлүнө алды


Аялын сабап жаткан кишинин окуясы тартылган видеодон алынган кадр.
Аялын сабап жаткан кишинин окуясы тартылган видеодон алынган кадр.

Өкмөттүн басма сөз кызматы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда катталган үй-бүлөлүк зомбулук фактысын аткаруу бийлиги көзөмөлүнө алганын билдирди.

Үрөй учурган бул окуя 15-июнда өкмөткө караштуу аялдар иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында каралмай болду. 2012-жылы түзүлгөн кеңеш гендердик өнүгүү боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну координациялаган, кеңеш берүүчү орган.

12-июнда социалдык тармактарда тараган видеодо эркек киши моюнуна эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялга башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы көрсөтүлгөн. Окуя боюнча 47 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылган.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бул факт боюнча Жазык кодексинин «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Анын алкагында аялын сабаган 51 жаштагы киши кармалып, 13-июнда Сузак райондук сотунун чечими менен 15 күнгө убактылуу кармоочу жайга камалды.

Аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап кыйнаган кишинин окуясы коомчулукта катуу сынга кабылып, Интернет колдонуучулар камакка алынган адамдын катуу жазаланышын талап кылышууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG