Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:13

Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы онлайн митинг өттү


Акция «Инстаграм» аркылуу @tajadymm деп аталган баракчада 14-июнь күнү саат 21:00дө башталды. Интернетте уюштурулган митингге модератор Алия Суранова алып баруучу Назира Айтбековага, ырчы жана активист Зере Асылбек кызына жана башка спикерлерге сөз берип, аялдар зомбулугун, аны токтотуу маселелерин талкуулашты.

Спикерлер бул жалпы коомчулуктун көйгөйү экенин белгилеп, бийлик, жарандык коом ага каршы батыл чараларды көрүүсү зарыл экенин айтышты.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда аялына зомбулук көрсөткөн 51 жаштагы тургун 13-июнда 15 күнгө убактылуу кармоочу жайга камалды.

12-июнда социалдык тармактарда тараган видеодо эркек киши моюнуна эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялга башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы көрсөтүлгөн. Окуя боюнча 47 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылган. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бул факт боюнча Жазык кодексинин «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап кыйнаган кишинин окуясы коомчулукта катуу сынга кабылып, Интернет колдонуучулар камакка алынган адамдын катуу жазаланышын талап кылышууда.

Өкмөт Сузак районунда катталган үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча жыйын өткөрдү. (TSh)

XS
SM
MD
LG