Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:54

Абдураупова: Динге жамынган зөөкүрлөр көп


Татьяна Зеленскаянын иллюстрациясы.
Татьяна Зеленскаянын иллюстрациясы.

Мухайё Абдураупова Ош шаарында адам укугун коргоо боюнча адвокат болуп иштейт. "Позитивдүү диалог" коомдук фондун уюштуруп, коомдогу аяр катмарга укуктук жардам берүүдө. Абдураупова көбүнчө үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарын сотто коргойт. Сузактагы окуя тууралуу пикирин айтты.

“Азаттык”: Сиз көп жылдардан бери аялдардын укугун коргоп жүрөсүз. Акыркы 5 жылда аялдардын абалы жакшы жагына оодубу же?

Мухайё Абдураупова: Менимче, абал улам эле оорлошуп бара жатат. Үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу маалыматтар айтылганы менен, мындай адаттар токтобой болуп жатса да бийлик олуттуу кабыл албай, карабай жатат. Өзүн-өзү коргоп, зомбулукка каршы турган аялдар тескерисинче, колдоого эмес, жазалоого учурап жатышат.

“Азаттык”: Эмне себептен зомбулук токтобой жатат? Бул укук коргоочулардын кайдыгерлигине гана байланыштуубу же дагы башка тереңде себептери барбы?

Мухайё Абдураупова: Баары бири-бирине тыгыз байланышкан. Бийликтин кайдыгерлиги, зомбулук жасаган адамдардын жазасыз калуусу, коомдун да мамилеси буга себеп болуп жатат деп ойлойм. Биз азыр Интернетте Сузактагы окуяны талкуулап жатабыз, бирок ал адамдын туугандары аны сындадыбы? Тескерисинче, “туура кылды” дегендер көп болсо керек. Ошол кордук көргөн аялдын азыркы абалы да өтө оор го, биринчи кезекте ал катуу уялып жатат да. Мына ушул уялуу сезими зордук көргөн адамды басмырлап, үйдөгү зомбулукту элге жеткирбей, эч кимге айтпай, жашыруусун шарттайт. Анан аялдар эң жакын адамынан көргөн азап-тозогун айласы жок, элден, жакындардан уялганынан жашырат да. Сузактагы аял ушунча жыл тигил адам менен чогуу жашаптыр, бала төрөп бериптир, бирге үй курушуптур, анан ага карата жасалган кыйноолордон улам балким ал аял ичинде катылган мындан да чоң таарынычты жашырып жатабы деген суроо пайда болот.

Сотко жеткендер аз

“Азаттык”: Зомбулук фактыларынын канчасы сотко чейин жетип жатат?


Мухайё Абдураупова: Жок, жок! Сотту мындай кой, ал тургай тергөө маалында эле ачылган кылмыш иштери иликтенбей туруп жабылып калат. Тараптар элдешип алышат, болбосо эркектин туугандарынын басымы, коркутуп, опузалоосунан улам жабырлануучу тарап тосмо арыз жазат. Ошентип сотко жетпей калат. Анткени, зомбулук көргөн аял күйөөсүнүн үйүндө жашайт, ал үйгө эркектин бардык бир туугандары, ата-энеси да ээлик кылат. Аялдын бара турган жери жок. Балдары менен каякка барат? Ата-энесинин үйүнө да батпайт, Ушундан улам алар кордук көргөзгөн адамдын үйүндө кала беришет.

"Азаттык": Бир нече жыл мурда Парламент үй-бүлөлүк зомбулуктун жазасын күчөткөн мыйзам кабыл алган. Бул документ азыр иштеп жатабы?

Мухайё Абдураупова: 2017-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча мыйзам кабыл алынган. Жаңыланган редакциясында кимдир бирөө, кошунасыбы, тууганыбы же жөн эле көчөдө бараткан бейтааныш адамбы, айтор "зомбулукка күбө болсо күч органдарына кайрылса болот, бул кайрылуунун негизинде алар реакция жасашы керек" деп жазылган. Жазык жана жоруктар тууралуу кодексте, айрыкча жоруктар тууралуу кодекстин 75-беренеси, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча жаза пулдардын өлчөмүн көбөйтүштү. Бирок мурдагы кодекстер боюнча зөөкүрдү камоо тууралуу айтсак, жаңы редакцияланган мыйзамда аны 48 саатка эле камакта калтыруу каралган.

Ошондой эле бул мыйзамда аялдын, анын бала-чакасынын коопсуздугу үчүн агрессорду өз үйүнөн чыгарып салуу да жазылган. Бирок мындай тажрыйба азыр бизде ишке ашкан жок. Себеби, аны үйдөн чыгарып салуу үчүн өзүнчө иш, убакыт талап кылынат экен. Окуя болгондо эле дароо, токтоосуз чара көрө турган эч нерсе каралган эмес. Акыркы учурда зомбулук өтө күчөп кетти. Аялдар өмүр менен коштошуп, майып болуп калышууда. Аялды өзүн коргоо үчүн киши өлтүрүүгө чейин жеткирип жатышпайбы.

"Жоолук оронгонумду сындашат"

"Азаттык": Эми өзүңүзгө токтолсок, сизге аялдар укугун коргогон адвокат катары соттордо, тергөөлөрдө кысым жасашпайбы? Кандай мамиле кылышат?

Мухайё Абдураупова.
Мухайё Абдураупова.

Мухайё Абдураупова: Бейрасмий учурларда көбү эле мага "эмнеге бул аялды коргоп жатасың, баары бир элдешип алышат, эрди-катын урушат да" деп кайрылгандар көп эле болот. Бирок протокол боюнча, расмий соттордо "ооба, сиз адам укугун, аялдарды коргойсуз" деп сыйлап турушат, мага адвокат катары мамиле кылышат. Ал эми агрессор эркек же анын жакындары мени коркутуп, опузалап, каргашат. "Тарбиясыз, хижаб кийип алып, мусулман эмессиң, динге жамынып алдың" деген сыяктуу катуу сөздөр айтылат. Зордукчулар аялын менчиктей көрүп, каалаганындай мамиле жасаса болот дешет.

"Азаттык": Көбүнчө үй-бүлөлүк зомбулукка учураганы тууралуу шаардык айымдар тартип сакчыларына кайрылышат. Айылдагы аялдардын абалы кандай?​

Мухайё Абдураупова: Айылдагы аялдар ашыкча патриархалдык, исламдашкан чөйрөдө жашап жатышат. Өздөрүн исламдаштым деп ойлогон, жума намазды үзбөй окуган эркектер көбүнчө аялдарына кордук көрсөтүшүп, ажырашып кетсе алимент бербей качышат. Элеттеги аялдар чындыгында шаарга салыштырмалуу абдан эле алсыз. Милиция да айылда башкача аракет кылат. "Биз муслуманбыз, шариятты кармашыбыз керек" - дегендер өтө көп.

Жакында эле Сокулуктан мага телефон аркылуу кайрылышты, жашы улгайган аял күйөөсүнүн ур-тепкисине кабылып келиптир. Чоң эле баласы менен кошо милицияга барып, арыз жазса, тартип сакчылары "өзүңөр эле азап тартасыңар, ал азыр мас да, соолукканда баары жакшы болот. Күйөөңдү камай албайбыз", - дешип арыз жаздырбай коюшуптур. Аялдын эр жеткен эле баласы ыйлап, атасы апасын, өзүн, эжесин, кичүү бөбөктөрүн сабаганын айтып берсе милиция "бул сизердин өз ишиңер, депутаттар биздин колду байлаган мыйзам кабыл алышты", - дешип арызын кабыл албай коюшуптур.

Балким,милицияга кайрылып, бир оң натыйжа алгандар да бардыр. Бирок мына ушундай окуялардан улам тартип сакчыларга ишеним жок болуп жатпайбы. Мунун баары үй-бүлөдөгү трагедияга алып барууда. Ошол эле Сузактагы үй-бүлөнү аймактык милиция кантип тааныбасын? Кандай үй-бүлө экенин, аларга эмне жетишпей турганын айыл өкмөттөрү деле билген да. Эмнеге мындай зомбулуктун алдын алышпады? Милиция эмнеге каттоого алган жок? Зомбулук болгон үй-бүлөлөр каттоодо, көзөмөлдө болушу керек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG