Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:49

Үй-бүлөнүн тынчын алып, зомбулук көрсөткөн адамды эми эки сутка камай турса болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда үй-бүлөдө зомбулук кылган адамды убактылуу камоо тууралуу мыйзам кабыл алынды. Президент Сооронбай Жээнбеков 5-июнда «Жазык-процессуалдык кодекске өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Быйыл февраль айында мыйзам долбоору парламентте дароо үч окууда каралып, колдоого алынган.

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган адамдардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган жаңы нормага ылайык, кылмышка шектүү адамды эми милиция 48 саатка чейин камакта кармай алат.

Бул үчүн төмөнкүдөй негиздер болушу зарыл:

1) эгерде жабыркаган адамдын жана үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн өмүрүнө, ден соолугуна карата шектүү адамдын реалдуу коркунучу бар болсо;

2) эгерде шектүү адам алкоголго же башкага мас болуп, коркунуч келтирип жатса;

3) эгерде шектүү адам кордоосун, коркунуч келтиришин, уруп-сабоону, мазактоону, басмырлоону улантат деген божомол бар болсо.

2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапты. 1-январда Кочкордо 37 жаштагы келин, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган. 4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. 12-февралда Сокулукта 42 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып, өрттөп жиберген. 6-мартта Бишкекте мурда сот болуп иштеген адам аялын бычактап өлтүргөн. 3-апрелде Бишкекте бир келин төртүнчү кабаттан секирип кетип, ооруканага түшкөн. Социалдык түйүндөрдө ал зордуктоодон качканы айтылган.

2018-жылы ала качуудан куткарылган Бурулай милициянын имаратында бычакталып өлтүрүлгөн.

Мыйзам долбоорунун демилгечилердин бири, депутат Наталья Никитенко коронавируска байланыштуу өзгөчө абал жарыялангандан бери бир эле Бишкек шаарында күйөөсүнүн кордугуна кабылган аялдар 62% көбөйгөнүн белгилеген.

Азыркы мыйзамдар боюнча, милиция үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн адамды дароо камоого укугу жок. (RK)

XS
SM
MD
LG