Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Бурулайдын өлүмү үчүн айыпталган милиционерлердин иши каралат


Маркум Бурулай Турдаалы кызы.
Маркум Бурулай Турдаалы кызы.

Чүй облустук соту бүгүн, 19-июнда кыз ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү үчүн айыпталган милиция кызматкерлеринин ишин карайт.

Быйыл апрелде Аламүдүн райондук соту шалаакылык үчүн күнөөлөнгөн беш милиция кызматкерлерин айыпка жыгып, жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын эки өкүлүн актаган.

Маркумдун жакындары буга макул болбой облустук сотко даттанып, жараян бүгүнкүгө белгиленген.

Медициналык коллеждин студенти Бурулай Турдаалы кызы былтыр 27-майда Жайыл райондук милиция бөлүмүндө бычакталып каза тапкан. Милиция аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген. Былтыр декабрда Свердлов райондук соту бул окуя үчүн Марс Бөдөшевди айыптуу деп таап, аны 20 жылга күчөтүлгөн режимдеги түрмөгө кескен. Анын досу Акмат Сейитов «Ала качуу» беренеси менен жети жылга эркинен ажыратылган.

Азыр милиция кызматкерлеринин аракети боюнча соттук териштирүү уланууда.

XS
SM
MD
LG