Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:10

Шаардык сот Аскаровдун ишин караган жок


Түрмөдө каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун байбичеси Хадича Аскарова.
Түрмөдө каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун байбичеси Хадича Аскарова.

Бишкек шаардык соту өткөн айда түрмөдө каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өкмөткө каршы апелляциялык доо арызын карап, административдик соттун чечимин күчүндө калтырды.

Бишкек шаардык соту өткөн айда түрмөдө каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өкмөткө каршы апелляциялык доо арызын карап, буга чейинки инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

12-июнда Бишкектин административдик соту Аскаровдун доо арызын өндүрүштөн кыскарткан. Буга «иштин алкагындагы талашта өкмөт административдик орган катары жооп бербейт» деген жүйө келтирилген.

Аскаровдун адвокаттары бул чечимге макул болбой шаардык сотко даттанышкан. 20-августта Бишкек шаардык соту мурдагы чечимди күчүндө калтырып, ишти өндүрүшкө алган жок.

Бул талаш Бишкек шаардык сотунда каралганга чейин укук коргоочу Азимжан Аскаров түрмөдө каза болгон. Ал 25-июлда түрмөдө пневмониядан көз жумган.

Жактоочу Валерьян Вахитов азыр иш кандай негизде уланып жатканын түшүндүрдү:

Валерьян Вахитов.
Валерьян Вахитов.

«Азимжан Аскаровдун өлгөнүнө байланыштуу сот жараянда анын мураскери катары бир адамды дайындашы керек. Административдик-процессуалдык кодекске ылайык, бир тарап каза болуп же сотко катыша албай калганда ушундай чара көрүлөт. Биз өз өтүнүчүбүздө доогер катары Хадича Аскарованы эсептеп, Азимжан Аскаровдун өкмөткө болгон доо арызын аялынын атынан улантууну сурандык».

Ал эми сотко катышкан өкмөттүн өкүлү Данияр Бараков Аскаровдун аялын сотто доогер катары кабыл алууга негиз жок деп эсептейт.

«Мындай өтүнүчкө негиз жок деп эсептейм. Ошондон улам соттон өтүнүчтү четке кагууну суранам», - деди ал.

Былтыр 23-ноябрда Азимжан Аскаров «БУУнун сунуштарын эске албай, чечимин аткарбай жатат» деген негизде өкмөткө каршы арыз жазган. 2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана калыс сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген.

12-июнда Бишкектин административдик соту Аскаровдун доо арызын өндүрүштөн кыскарткан. Буга «иштин алкагындагы талашта өкмөт административдик орган катары жооп бербейт» деген жүйө келтирилген. Аскаровдун адвокаттары бул чечимге макул болбой шаардык сотко даттанышкан. 20-августта Бишкек шаардык соту административдик соттун жогорудагы чечимин күчүндө калтырды.

Аскаровдун сот жараянындагы мураскери катары сунушталган аялы Хадича Аскарова да жараянга катышып, күйөөсүнүн арызын Жогорку сотко чейин жеткирүүгө ниети бар экенин айтты:

«Соттон мен адилеттикти күтүп жатам. Мен жолдошумду актап беришин суранам. Ал күнөө кылбай, күнөөкөр болуп өтүп кетти. Мен аны түрмөдө каза болот деп ойлогон эмес элем. Ал мен келген сайын келечек тууралуу жакшы ойлору менен бөлүшчү. Ошондуктан мен үчүн, балдарым үчүн да анын өлүмү күтүүсүз болду. Ошого карабай ал үчүн бардык сот отурумдарына катышып, күрөшүүгө даярмын».

Төлөкан Исмаилова жана Азимжан Асакаров.
Төлөкан Исмаилова жана Азимжан Асакаров.

Аскаровдун укуктарын коргоп келген «Бир дүйнө - Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова Аскаровдун өкмөткө каршы доо арызын карабай койгон Бишкек шаардык сотунун чечими менен макул эмес экенин билдирди:

«Мыйзамга ылайык Азимжан Аскаровдун укуктарын коргоону улантып, БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечиминин аткарылышына жергиликтүү жана эл аралык соттордо жетишүүгө аракет кылабыз. Эл аралык деңгээлде кыргыз өкмөтү 2016-жылдан бери эч бир кадам жасаган жок, эч кандай талаптарды аткарган жок. Киши өлсө деле анын жактоочулары жактай берет».

Ал эми акыйкатчы Токон Мамытов Аскаровдун иши тууралуу кыскача маалымат берди:

«Мыйзам боюнча адам каза болгондо анын доо арызы токтотулат. Бирок эгер жактоочулар доогерди көргөзүп жаткан болсо, анда анын жол-жобосун карап чыгыш керек. Бул мүлк же мурас маселесин чечүүдө каралат».

БУУнун Адам укуктары боюнча башкы комиссариатынын басма сөз катчысы Элизабет Тросселл Аскаровдун өлүмү боюнча көз каранды эмес иликтөө жүргүзүү зарыл экенин жана анын үй-бүлөсү бийликтен кенемте өндүрүп алууга укугу бар экенин 28-июлда Женевада билдирген. Ошондой эле Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар да кыргыз бийлигин сындаган билдирүүлөрдү таратышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков 1-августтагы маегинде түрмөдө каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаров боюнча суроого жооп берип жатып, укук коргоочунун сот иштеринде эл аралык нормалар сакталганын билдирген:

«Бул иш 2010-жылдан тартып Кыргызстандын элинин, дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп келди. Соттун ар кандай инстанцияларына эки тарап тең кайрылып жатты. Эл аралык норма да сакталды. Кыргызстанда мыйзам үстөмдүк кылышы керек. Менин сот чечимдерине комментарий бергеним туура эмес болуп калат».

69 жаштагы Азимжан Аскаров 25-июлда түрмөдө пневмониядан каза болду. Ал 2010-жылдагы июнь окуяларында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Анын сөөгү 31-июлда Өзбекстанда жерге берилген.

Аскаровдун иши: сот мурдагы чечимди күчүндө калтырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:14 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG