Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:03

Азимжан Аскаровдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилди


Азимжан Аскаровдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:00 0:00

31-июлда укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сөөгү көзү тирүүсүндө калтырган керээзи боюнча Өзбекстанда жерге берилди. Бириккен Улуттар Уюму түрмөдө каза болгон укук коргоочунун өлүмүнүн себебин аныктоо боюнча көз каранды эмес иликтөө жүргүзүүгө чакырды. 69 жаштагы Аскаров 25-июлда №47 абактын ооруканасында каза болгон. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) ал пневмониядан көз жумганын билдирген. Аскаров 2010-жылдагы июнь коогасын уюштуруу боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилген. Укук коргоочу бир нече кайрылуу таратып, милиция бул ишти андан өч алуу максатында атайылап уюштурганын, айыбы жок экенин билдирген. Аскаровдун өлүмүнөн кийин кыргыз бийлиги эл аралык коомчулуктун кескин сынына кабылды.

31-июлда укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сөөгү көзү тирүүсүндө калтырган керээзи боюнча Өзбекстанда жерге берилди. Бириккен Улуттар Уюму түрмөдө каза болгон укук коргоочунун өлүмүнүн себебин аныктоо боюнча көз каранды эмес иликтөө жүргүзүүгө чакырды. 69 жаштагы Аскаров 25-июлда №47 абактын ооруканасында каза болгон. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) ал пневмониядан көз жумганын билдирген.

Аскаров 2010-жылдагы июнь коогасын уюштуруу боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилген. Укук коргоочу бир нече кайрылуу таратып, милиция бул ишти андан өч алуу максатында атайылап уюштурганын, айыбы жок экенин билдирген. Аскаровдун өлүмүнөн кийин кыргыз бийлиги эл аралык коомчулуктун кескин сынына кабылды.

XS
SM
MD
LG