Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-декабрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 07:33

Аскарова: «Азимжан Кыргызстандан калыстык таппаганына капаланчу»


Хадича Аскарова.

25-июлда Бишкекте түрмөнүн ооруканасында көз жумган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун байбичеси Хадича Аскарова «Азаттык» менен учкай маектешти. Ушул тапта жакындары Аскаровдун сөөгүн Өзбекстанга алып кетүүгө бийликтен уруксат күтүп турушат.

- Хадича апа, көңүл айтабыз. Акыркы жолу күйөөңүз менен качан жолуктуңуз эле? Ден соолугу кандай эле?

- 23-январда үч күндүк жолугушууга кирип, 27-январда чыккам. Төшөктө жатпаганы менен буттары ооруп, абалы жакшы эмес болчу. 70 жашка таяп абактагыдай шартта калган кишинин ден соолугу эми кандай болору белгилүү эмеспи. Кулагы анча укпай, көзү да начарлап калган, көз айнек тагынчу.

- Балдары атасын акыркы жолу качан көрүштү эле?

- Балдарын акыркы жолу мурдагы жылы көргөн. Ошондон бери көрө элек болчу. Анан быйыл март айында сотко эки уулум, келиним келди. Мен да Бишкекке кошо бардым. Анан эки уулум менен кошо түрмөгө барсак, «мурунку жолугушуудан бери бир эле ай өтүптүр (мен баргандагыны айтышкан), эки ай өтүшү керек» деп, уулдарымды атасына кездештирген жок. Анан биз алып барган тамак-ашты таштап, кайра кайтып келдик. Ошондо катуу ачууландым. Түрмөдө бир жылда эки-үч жолу жолугушууга уруксат берет го, мурда мен бир жылда үч жолу кыска, үч жолу узагыраак жолугушууга барчумун. Ошентип балдарына жанагы шылтоону айтып киргизбей койду.

- Телефондон сүйлөшө алчу белеңиз?

- Телефондон кээде сүйлөшүп турчумун. Андан да бири-бирибизге почта аркылуу тез-тез кат жазып турчубуз. Телевизор көрүп, радиодон «Азаттыкты», Би-Би-Сини жана «Америка добушун» такай угуп, бар-жоктон кабардар эле. Ал отурган камерада Интернет жок болчу.​

- Азимжан Аскаров өмүрүнүн акырында жазып кеткен эмгектери барбы? Сизге күйөөңүздүн жеке буюмдарын бериштиби?

- Азыр Азимжандын түрмөдөгү жеке буюмдарын ала элекмин. Азыр адегенде сөөктү балдарына жеткирип берсем, анан келип алам да.

Ал көп жазчу, жаңы чыгармалары да бар. Буга чейин 2018-жылы «Мен бактылуумун» деген китеби өзбек жана орус тилдеринде жарык көргөн. Ал китепте өзүнүн бала чагынан тартып, түрмөдө отурганына чейинки башынан өткөргөндөрүн чыпчыргасын коротпой жазган. Бирок редактору «юридикалык бир маселелер чыгышы мүмкүн» деген кооптонуу менен 40% жакынын кыскартып салган. Эми ошол бөлүктөрүн кошуп, толуктап чыгарсам деген тилегим бар. Аз нускада эле чыккан, китеп эң жакын адамдарына жана Азимжандын ишине көз салган эл аралык уюмдарга эле берилген.

Ал Базар-Коргондо жүргөндө өтө чуулгандуу иштерде адам укуктарын коргогон, ошолор жөнүндө жазган. Мекенине, кыргыз элине болгон сый-урматын билдирген. Китептин бир бөлүгүндө кыргыз-өзбек элинин мамилеси, эки эл эзелтеден бири-бирине жардам берип, чогуу турмуш өткөргөнүн баяндаган. «Менин маселем - айрым саясатчылардын колунан келген эле иш» деген оюн билдирген.

Түрмөдө такай жазган күндөлүгү бар. Ал ошол жерде отуруп, кимге жардам бергенин, ким менен эмне тууралуу сүйлөшүп, талашып-тартышканынын баарын жазып жүргөн. Мага жазган каттары, жолугушууга барганда берген жазуулары менин колумда.

Эми ошол эмгектерин жыйнап, мүмкүнчүлүк болсо баарын толуктап, көп нускада чыгарсам деген оюм бар.


- Эмне үчүн «сөөгүмдү Өзбекстанга койгула» деп айтты экен, балдары ошол жакта болгондуктанбы? Качан алып кетчүдөйсүңөр?

- Азыр эми Азимжандын сөөгүн алып кеткенге уруксатты күтүп жатабыз. 2010-жылы ал «эгерде бир нерсе болсом мени балдар өздөрү жашаган жерге алып кетсин» деп айткан керээзи бар. Түрмөдө маанайы бузулса, мага да «сен бул жерден кет, мени карап эле кыйналып жатасың» деп айтып калчу. Досторуна, балдарына жазганы да бар. «Кыргызстандан калыстык таппадым» деп капаланып калчу.

Төрт балабыз тең Өзбекстанда. Мен өзүм да ошол жакта туулгам. Азимжан окууга барганда таанышып, 1977-жылы турмушка чыгып, Кыргызстанга келгем. 2010-жылдан бери 10 жыл «Азимжанды таштап каякка кетем, эркиндикке чыкса чогуу жашайбыз» деп, жалгыз жашап, ушул кезге чейин күттүм. Азимжан болсо Базар-Коргондо туулган, ошол жерде өскөн. Көпчүлүк туугандары Ферганада жашайт. Балким ошон үчүн да туугандарынын арасына барып жаткысы келгендир.

2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечими чыккандан кийин үмүтүм чоң эле. «Мына-мына аткарылат, эми коронавирус апаатынын айынан деле эркиндикке чыгарышы мүмкүн» деп күттүм. Анан абактардагы 65 жаштан өйдө курактагылар түрмөдөн чыксын деген мунапыска үмүт арттык. Адам үмүт менен жашайт тура. Азимжан өлөм деп ойлочу эмес, эркиндикке чыгам деген үмүтү чоң эле. Үч уул, бир кыз, 10 небереси бар.

- Азыр сөөктү алып кеткенге эмне тоскоолдук болуп жатат?

- Биз адегенде Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылып, абалыбызды айттык. Алар түшүнүү менен кабыл алышты. Кечээ Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылдык. Уулубуз Кыргызстандын Ташкенттеги элчилигине «атамдын сөөгүн алып кеткенге уруксат бергиле» деп өтүнүч кат жазды. Эмне себептен билбейм, иш бир аз кетенчиктеп, чечилбей турат. Азыр Тышкы иштер министрлигинин жообун күтүп отурабыз.

Азимжанды көзү тирүүсүндө эркиндикке чыгарышпады, эми сөөгүн берип коюшса деп суранат элем.

Күтүү менен өткөн 10 жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:13 0:00

XS
SM
MD
LG