Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Август, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 08:48

Евробиримдик Аскаровдун өлүмүн иликтөөгө чакырды


Азимжан Аскаров.

Евробиримдик абакта каза болгон кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмүнүн чоо-жайын иликтөөгө чакырды.

27-июлда Евробиримдиктин Тышкы байланыштар боюнча Европа кеңешинин билдирүүсүндө Азимжан Аскаровду бошотуу тууралуу көптөгөн чакырыктарга карабай анын абакта каза болуп калышы өкүнүчтүү экени айтылган.

«Азимжан Аскаровдун өлүмүнүн жагдайын, өмүрүнүн акыркы айларында кандай шартта кармалганын иликтөө өтө маанилүү», деп жазылган билдирүүдө.

Евробиримдик Азимжан Аскаров камакка алынган 2010-жылдан бери ага карата соттук жараяндарга көз салып келгенин, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитетинин бүтүмүнүн негизинде Кыргызстандын бийлигин бир нече ирет укук коргоочуну бошотууга чакырганын, анын саламаттыгынын начарлашына байланыштуу тынчсыздануу билдиргенин эске салды.

Жергиликтүү укук коргоочу Динара Ошурахунова ​Аскаровдун өлүмүн иликтөө боюнча Евробиримдиктин чакырыгын кубаттайт. Ошурахунова укук коргоочунун саламаттыгы жөнүндө эскертүүлөргө карабай, анын абактан көз жумушу адам укуктарынын одоно бузулушу катары кабыл алынып, адегенде жооптуу кызматкерлер кызматтан кетиши керек деп эсептейт.

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

«Азимжан Аскаров ооруп жатканда тез жардам берилбей, ал кылмыш жасап жиберчүдөй ооруканага жаткырылбай калды. Азыр бийлик көрмөксөн, билмексен, дудук болуп койгону жарабайт. Бийлик өзүнүн түшүндүрмөсүн бериши керек, - деди Динара Ошурахунова. - Азыр Кыргызстан эл аралык коомчулуктан жардам сурайбы же кайсы жакка барбасын, Азимжан Аскаровдун өлүмүн сурашат. «Эмне болуп өлдү? Эмне үчүн эч нерсе кылган жоксуңар?» - дейт. Ошондуктан бийлик жооп бериши керек. Жооптуу кызматкерлер кызматтан кетеби же тергөө жүрөбү - жооп болушу керек. Эми адам деген кумурска эмес да, жардам бербей жатып абакта өлүп калды».

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), «Human Rights Watch» (HRW) сыяктуу бир катар эл аралык уюмдар, белгилүү укук коргоочулар Азимжан Аскаровдун саламаттыгы үчүн бийлик жоопкер экенин белгилеп, анын өлүмү Кыргызстандын адам укугун коргоо тарыхында кара так болуп каларын баса белгилешти.

Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча ассоциация өз кайрылуусунда эл аралык коомчулуктан Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу кыргыз бийлигинин тийиштүү жетекчилерин адам укуктарын бузгандардын тизмесине (стоп-лист) кошууну сунуш кылды.

«Бир дүйнө – Кыргызстан» уюму он жылдан бери Аскаровдун укугун коргоп, кыргыз бийлигинен калыс тергөө, сот уюштурууну талап кылып келген. Уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилова учурда укук коргоочулар Аскаровдун өлүмү боюнча кыргыз өкмөтү менен соттошууга даярданып жатканын билдирди. Исмаилова бул окуя адам укуктарын сактоого чакырып келген Европа өлкөлөрүнүн Кыргызстанга сыртын салып, мамилесинин бузулушуна себеп болушу мүмкүн экенин айтууда.

«Буга чейин Германия кызматташтыгын азайткан, ал дүйнөдөгү эң күчтүү мамлекет, - деди Исмаилова. - Ал эми АКШ «виза боюнча жардам бере албайбыз» деди. Муну баары кыргыз өкмөтү адам укуктары жаатында кандай иш кылып атат деген сыноо кадамдары да».

Орусиялык саясат таануучу Аркадий Дубнов «Фейсбуктагы» баракчасына «"Борбор Азиядагы демократиянын аралчасы" деп аталган Кыргызстанда бийлик башчыларынын укук коргоочуга ырайым берүүгө саясий эрки жетпей койду» деп жазды.

Азырынча кыргыз бийлиги укук коргоочунун абакта каза болгону боюнча эл аралык коомчулуктун билдирүүлөрүнө жооп бере элек. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирүүлөргө жооп болоор-болбосу жөнүндө кабары жок экенин маалымдады.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы тараткан маалыматка ылайык, Аскаровго алдын-ала «оң тараптуу пневмония» деген диагноз коюлган.

«Азимжан Аскаров алдын-ала коюлган «оң тараптуу пневмония» деген диагноз менен №47 түзөтүү мекемесине жеткирилип, кычкылтек концентраторуна жаткырылган. Анын сатурациясы 80-83 көрсөткөн. Бирок ал каршылык көрсөтүп, кычкылтек концентраторунун маскасын айрып салган. Аскаров нөөмөттөгү дарыгердин көзөмөлүндө болчу. 25-июлда эртең мененки саат 9:30да Аскаров кайра кычкылтек концентраторун өчүрүп салган. Саат 10:30да каза болгону аныкталды. Анын дарылануудан баш тартканы тууралуу тиешелүү актылар түзүлдү. Аскаровдун сөөгү Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна жөнөтүлдү жана экспертиза жүргүзүлгөн соң эмнеден каза болгону тууралуу так маалымат берилет», деп жазылат мекеменин маалыматында.

Президентке караштуу Башкаруу академиясынын ректору, саясат талдоочу Алмаз Акматалиев Азимжан Аскаровго Жогорку сот өкүм чыгарганын белгилеп, эл аралык коомчулук кыргыз сотторунун чечимин сыйлашы керек деп эсептейт. Акматалиев учурда өкмөт эл аралык коомчулукка жооп берип, айтышууга барбай койгону туура деген оюн билдирди:

«Эл аралык уюмдарга, коомчулукка жооп берип айтышкандан эч майнап чыкпайт. Азырынча эки тараптын кимиси туура экени белгисиз. Мунун баарын тарых көрсөтөт».

Активист Адил Турдукулов АКШ, Европа өлкөлөрү Аскаровдун өлүмүнөн кийин каржылык же башка колдоо көрсөтүүдөн баш тартпайт деп эсептейт. Турдукулов Кыргызстан эл аралык коомчулуктун буга чейинки Аскаров боюнча бир нече өтүнүчүн, сунушун четке какканын белгилеп, ага карабай өлкөдө эл аралык долбоорлор иштеп жатканын мисал келтирди.

«Санкция киргизип же атайын тизме түзүп катаал чара көрбөйт деп ойлойм. Анткени 10 жылдан бери Аскаров жөнүндө какшап келишти, ошол эле учурда мамлекетке каржылык жардам берип келишти, бийлик төбөлдөрү Европа өлкөлөрүнө ээн-эркин чыгып жүрөт. АКШ, Европа үчүн Кыргызстан анча деле маанилүү өлкө эмес», - деди Турдукулов.

Жарандык активист Бурул Макенбаева эл аралык коомчулук эмес, укук коргоочунун абакта каза болгону эң ириде кыргыз коомчулугуна коңгуроо болушу керек деген ойдо. Макенбаева Аскаровдун калыстыкка жетпей калган тагдырын башкалар да кайталап калышы мүмкүн экенин эскертүүдө.

«Бул бир адамдын тагдыры эмес. Бул - сот бийлигинин адилетсиздиги! Эл аралык коомчулуктун кызыкчылыгы эмес, бул биздин кызыкчылык болушу керек. Анткени ар бир адам так ушул Аскаровдой саясий жана башка кызыкчылыктын курмандыгы болушу мүмкүн, - деди укук коргоочу. - Эл аралык соттун, БУУнун чечимине карабай ак адамды соттоп ийиши мүмкүн. Атамбаев өзү Баш мыйзамда «эл аралык коомчулуктун чечими ички иштерге таасир этпейт» деп өзгөрткөн. Эми өзүнүн иши да калыс каралган жок».

«Бир дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова Аскаров байбичеси Хадича Аскаровага калтырган керээз боюнча анын сөөгүн Өзбекстанда жерге берүүнү уюштуруу боюнча кыргыз өкмөтү, Тышкы иштер министрлиги менен сүйлөшүү жүрүп жатканын маалымдады.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген айып менен соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Анын иши 2017-жылы БУУнун сунушу менен кайра каралып, Чүй облустук соту «Аскаров улут аралык чатакты козутууга катышкан, Бишкек-Ош каттамынын 550-чакырымында мыйзамсыз жол тосууга аралашкан, ал жерде топтолгон эл куралсыз милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, он чактысы жеңил, ал эми Мыктыбек Сулайманов оор жарадар болуп, жаалданган адамдар кылмышын жаап-жашыруу максатында анын сөөгүн өрттөп жиберишкен» деп тапкан. Сулаймановдун жакындары Аскаровду күнөөлүү деп эсептешет. Быйыл 13-майда Жогорку сот Аскаровго карата буга чейин чыккан өкүмдү күчүндө калтырган.

2010-жылы түзүлгөн Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, апрель окуясынан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) башкарган Кеңешбек Дүйшөбаев июнь коогасындагы Аскаровдун күнөөсү далилденген деп эсептейт.

«Анда ИИМдин, УКМКнын жана Башкы прокуратуранын биргелешкен тергөө тобу түзүлүп, ар бир адамдын күнөөсүн далилдегенге аракет кылышкан, - деди ал. - Анан сотто алар далилденип, сот чечими менен кесилишти да. Анан андай-мындай деп эле сүйлөй берсе болмок беле? Жаткан жери жайлуу болсун, жаман айткыбыз деле келбейт. Баары Кудайдын буйругунан да. Негизи баары мыйзам чегинде чечилген. Андан эч кандай күмөн санабай койсо деле болот. Укук коргоочулар тергөөчү эмес да, алар тергөөгө катышкан эмес. Эми анын өлүмү эмне себептен болду, дарылаганбы же дарылаган эмеспи - муну тиешелүү органдар текшерип чыгат болуш керек».

Азимжан Аскаров көзү тирүү кезинде бир нече кайрылуу таратып, өзүнүн иши атайылап, милиция кызматкерлери тарабынан өч алуу максатында уюшулганын белгилеген.

Аскаров аны милиция кызматкерлери кыйнашканын, соттор өздөрүнө тагылган милдетти аткарбай, мурунтан чечилген өкүмдөрдү чыгарып келишкенин белгилеп, оор беренелер менен соттолгонун ошол кездеги бийлик башындагылардын буйругу деп билдирген. Укук коргоочу акыркы кайрылууларынын биринде «Кыргызстандын эли менин Кудай, эл, мыйзам алдында таза экенимди билсе дейм» деп айтканы бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG