Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Лолор: Кыргыз бийлиги Аскаровго таш боор мамиле жасады


Мэри Лолор, Улуттар Уюмунун укук коргоочулардын абалы тууралуу атайын баяндамачысы.
Мэри Лолор, Улуттар Уюмунун укук коргоочулардын абалы тууралуу атайын баяндамачысы.

БУУнун укук коргоочулардын абалы тууралуу атайын баяндамачысы Мэри Лолор түрмөдө көз жумган Азимжан Аскаровдун иши тууралуу "Азаттыкка" маек берди.

- Лолор айым, ишемби күнү таанымал укук коргоочу Азимжан Аскаров түрмөнүн ооруканасында көз жумду. 10 жыл бою темир тор артында адилеттик үчүн күрөшүп жатып, тилекке каршы, ага жетпей бул дүйнөдөн кетти. Аскаровдун ишинен кыргыз бийлиги эмне сабак алышы керек?

Мэри Лолор: - Ишембиде эртең менен ойгонуп эле кайгылуу кабарды алгандан кийин кабыргам катуу кайышып, көңүлүм чөктү. Бул киши адилетсиз соттолуп 10 жыл бою абакта отуруп, азап тартып, көз жумду. Анын ден соолугу өтө начарлап кеткен, муну кыргыз өкмөтү өзү да документтештирген. 10 жыл деген өтө узак мезгил, мына ошол маалда укук коргоочунун абалы кандай экенин өкмөт билип турган.

Келечекте качан болбосун Кыргызстанды эстегенде Азимжан Аскаровдун элеси көз алдыма тартылмакчы. Ал сиңирген эмгеги менен эсте калса, кыргыз өкмөтү өзүнүн беделине көө жапты. Укук коргоочу абакта кандай кыйналып жатканы, ден соолугу талкаланганы айдан ачык көрүнүп турса да кыргыз бийлиги ага таш боор мамиле жасады. Кыргызстандын өкмөтү аны жөн эле таштап койду.


- Азимжан Аскаровго келгенде кыргыз бийлиги “таш боор болду” деп атасыз. Эмне үчүн бүтүндөй бир мамлекеттик система ден соолугун жоготкон улгайган кишиге ырайым бербей, тескерисинче каршылашып турду?

Мэри Лолор: - Анткени Аскаровдун иши саясий маселе айланган. Бул күч органдарынын зомбулугу жана түрмөдөгү шарттарды документтештирип жүргөн кишиден арылуунун аргасы болгон деп айтар элем. Эгер ал чыкса, күч органдарынын зордук-зомбулугун иликтеп, алардын андан ары кызматын аркалоосуна айгак болмок.

Андыктан алар бул саясатташкан иш экенине көздөрү жетип, Азимжан Аскаровду адвокатынан, үй-бүлөсүнөн ажыратып салышкан. Мындай иштер эч бир демократиялык өлкөдө келишкис нерсе. Бирок Кыргызстандын бийлиги Аскаровдун кыйноого кабылганын такыр иликтеген эмес.

- Ушул тапта Кыргызстанда коронавирус илдети жайылып, кырдаал курч. Анан ушундай маалда Азимжан Аскаровдун тагдырын башкалар да кайталабашы үчүн кыргыз бийлиги эмнени эске алуусу керек?

Мэри Лолор: - Улуттар Уюмунун Адам укуктары комитети баштаган уюмдар бийликти түрмөдөгүлөрдү гуманитардык негизде эркиндикке чыгарууга үндөшкөн. Алардын катарында биз да Аскаровду акыры түрмөдөн чыгаргыла деп кайрылганбыз. Эгер дүйнөнү карасаңар, COVID-19 кризиси маалында бир катар алгылыктуу мисалдар бир. Маселен, Бахрейнде абактарда отургандарга альтернативалык жаза чегерилип, түрмөдөн бошотулган.

Бирок өзүм тууралуу айтсам, менин мандатым укук коргоочулардын абалына көз салуу менен гана чектелет. Аскаров Кыргызстанда символикалык фигура болуп калды. Укук коргоочу өзү адилетсиздиктин туткунуна айланып, түрмөдө өлдү. Мындай жүрөк өйүткөн иш эч качан кайталанбашы керек. Андай нерсе болбошу үчүн сот адилеттиги, кимдир бирөөгө каршы жасалма иш токулбашы абзел. Эгер кимдир бирөө кыйноого, зордук-зомбулукка кабылса, ал сөзсүз иликтенсин. Эл аралык стандарттарга ылайык, адамды кыйнап, сот жообуна тартууга жол берилбейт. Бардык өлкөлөр, анын ичинде кыргыз бийлиги да бул стандарттарды сактоого милдеттүү.


- Азимжан Аскаров Кыргызстанда “символикалык фигура” болуп калды деп жатасыз. Анын укук коргоочуларга, деги эле адам укуктарын коргоо системасына калтырган мурасы эмнеде?

Мэри Лолор: - Ал ак ниет, боорукер, акыл калчаган адам болчу. Ал өзү башкаларга жакшылык кылуу үчүн болгон күчүн жумшады. Мен Дублинде киши колдуу болгон укук коргоочулардын жаркын элесине арналган эскерүү иш-чарасын өткөрөм. Ошол жерде Азимжан Аскаровду да эскерип, кыргыз өкмөтү эч кандай аракет көрбөй койгондуктан, ал аянычтуу жагдайда каза тапканын белгилейм. Ошол жерде бийликтин жоопкерчилигин көтөрөм.

Азимжан Аскаров өлдү деп ойлобойм. Анын мурасы жашай берет. Дүйнөнүн булуң-бурчундагы сансыз киши, карапайым адамдар анын элесин эстен чыгарбайт. Европа Биримдигинде, Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунда, Улуттар Уюмунда Азимжан Аскаровду билишет. Кыргызстандын бийлиги гана эл аралык коомчулуктун үнүнө караманча кулак салбай койду.

Канча киши ушунча жылдан бери Аскаровду абактан чыгарууну өтүнүп келсек да кыргыз бийлиги укук коргоочуну “ага чегерилген жаза туура” деп кара күчкө салып туруп алды. Алтургай кыргыз өкмөтү анын өмүрү кылдын учунда турганын моюнга алып, ден соолугу кескин начарлап кеткенин документтештирсе да эч кандай аракет кылган жок.

- 2012-жылы кыштын кыраан чилдесинде түрмөгө барып Азимжан Аскаровго жолугуптурсуз. Ошондо ал өзү акыры эркиндикке чыгам деген ишенимин, же бир кыялын айтты беле?

Мэри Лолор: - Анда кездешкенибизде ал эркиндик тууралуу деле эч нерсе айткан эмес. Ал көбүнчө өзү кабылган адилетсиздик жана ага кандай мамиле жасалып жатканын айтып, абдан көңүлү чөгүп, ачууланып турду. Албетте, менин барганым анын ишине оң таасир этип, эркиндикке чыгышына өбөлгө болушу мүмкүн экенине үмүттөнгөн. Ал ошол маалда эмне үчүн анын иши ушундай болуп калганын талдап, ошону көп ойлонуп жатканы сезилген.

Мен абакта аны менен сүйлөшүп отурганда жер титирегени эсимде. Кар жаап, чыкылдаган аяз эле. Азимжан дем алган сайын калтырап жатканы байкалды, сыртта болсо аны медайым күтүп отурган. Бирок ага карабай анын көздөрү жанып турду, ошол бажырайган көздөр менин эсимден чыкпайт. Ал бир сөз менен айтканда жакшы киши эле.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG