Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:46

Жогорку сот Аскаров менен өкмөттүн соттук талашы токтотулганы боюнча түшүндүрмө берди


Азимжан Аскаров сот залында. Архивдик сүрөт.
Азимжан Аскаров сот залында. Архивдик сүрөт.

Жогорку сот укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кыргыз өкмөтүнө каршы доо арызы боюнча билдирүү таратып, медиа каражаттарындагы «сот ишти кароодон баш тартты» деген маалыматты төгүндөдү.

Мекемеден кабарлашкандай, Бишкек шаарынын административдик соту 12-июнда Аскаровдун өкмөттүн үстүнөн жазган административдик арызы боюнча ишти кароону токтотуу тууралуу чечим кабыл алган. Билдирүүдө белгиленгендей, сот бул иш өкмөт менен Аскаровдун ортосундагы административдик-укуктук мамиледен улам чыкпаганын, өкмөт тараптан укук коргоочуга карата административдик чаралар колдонулган эмес деп эсептеген.

Натыйжада аталган иштин алкагындагы талашта өкмөт административдик орган катары жооп бербейт деп табылып, иш кароого жатпайт деген бүтүм чыгарылган. Жогорку сот түшүндүргөндөй, соттун бул чечимине каршы даттанууга болот.

2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана адилет сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген. Аскаров «кыргыз өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмунун сунуштарын эске албай жатат» деп Бишкектин район аралык сотуна арызданган.

Буга байланыштуу алгачкы олтурум быйыл 1-июнда Бишкек шаардык административдик сотунда өткөн. Андан кийин соттук жараян кийинкиге жылдырылган эле.

15-июнда Азимжан Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахитов "иш кароого алынып, биринчи отурум өткөнүнө карабай 12-июнда судья Чолпон Досмамбетова доону кароодон баш тартканын" билдирген болчу.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук соту Азимжан Аскаровду 2010-жылы июнь окуясында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө күнөөлүү деп таап, 2010-жылдын 15-сентябрында өмүрүнүн акырына чейин абакка кескен. Чүй облустук соту 2017-жылдын 24-январында өкүмдү күчүндө калтырган. Жогорку сот быйыл 13-майда эки инстанциянын чечимин колдогон. (ErN)

XS
SM
MD
LG