Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-август, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 02:07

Азимжан Аскаровдун кыргыз өкмөтүнө каршы доосу сотто карала баштады (видео)


Арыз Бишкек шаардык административдик сотунда каралууда. 01.06.2020

Бишкек шаардык административдик сотунда укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кыргыз өкмөтүнө каршы административдик доосу боюнча алгачкы отурум башталды. «Азаттыктын» кабарчысынын маалыматына караганда, отурумга өкмөттүн, Акыйкатчынын өкүлдөрү катышууда.

Аскаров «кыргыз өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмунун сунуштарын эске албай жатат» деп Бишкектин район аралык сотуна арызданган. Сот 11-майга белгиленип, бирок район аралык сот жоюлуп кеткенине байланыштуу каралбай калган.

2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана адилет сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген.

13-майда Жогорку сот Аскаровго карата буга чейин чыккан өкүмдү күчүндө калтырган. 69 жаштагы укук коргоочу 2010-жылы июнь окуяларында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. (BTo)

Азимжан Аскаров өкмөт менен соттошууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

XS
SM
MD
LG