Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:28

Аскаров менен кыргыз өкмөтүнүн соту 14-июнда уланмай болду (видео)


Азимжан Аскаров сот залында. Архивдик сүрөт.
Азимжан Аскаров сот залында. Архивдик сүрөт.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кыргыз өкмөтүнө каршы доо арызы боюнча кийинки соттук отурум 14-июнга дайындалды.

1-июндагы отурумда Аскаровдун жактоочулары БУУнун Адам укуктары боюнча комитети өкмөткө аны түрмөдөн бошотуу, зарылчылык болсо ишин кайрадан калыс териштирүү, укук коргоочуга келтирилген зыяндын ордун толтуруу тууралуу үч талап койгонун айтышты. Алар кыргыз өкмөтү анын бирин да аткарбаганын билдиришти.

Ал эми өкмөттүн өкүлү Данияр Бараков коюлган дооматка макул эмес экенин, өкмөт БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин сунуштарын аткаруу иштерин жасаганын кабарлады. Аткаруу бийлигинин демилгеси менен Аскаровдун иши 2017-жылы Чүй облустук сотунда кайра каралганын белгиледи.

БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин сунуштарын аткаруу боюнча өкмөт жасаган иштерди күбөлөндүргөн документтерди сотко алып келиш үчүн кийинки жараян 14-июнга дайындалды.

Бугүн 1-июнда Бишкек шаардык административдик сотунда Аскаровдун «кыргыз өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмунун сунуштарын эске албай жатат» деген административдик доосу боюнча алгачкы отурум башталды.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук соту Азимжан Аскаровду 2010-жылы июнь окуясында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө күнөөлүү деп таап, 2010-жылдын 15-сентябрында өмүрүнүн акырына чейин абакка кескен. Чүй облустук соту 2017-жылдын 24-январында өкүмдү күчүндө калтырган. Жогорку сот быйыл 13-майда эки инстанциянын чечимин колдогон.

2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана адилет сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген. (BTo)

Азимжан Аскаров өкмөт менен соттошууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

XS
SM
MD
LG