Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:27

Сот Аскаровдун өкмөткө каршы арызын токтотту


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

Бишкек шаарынын административдик соту "өкмөт Аскаровдун укугун бузган эмес" деген бүтүмгө келген.

15-июнда Жогорку сот укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кыргыз өкмөтүнө каршы доо арызынын токтотулганы боюнча билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын административдик соту 12-июнда Аскаровдун өкмөткө каршы жазган доо арызын кароону токтоткон.

Буга “иштин алкагындагы талашта өкмөт административдик орган катары жооп бербейт" деген жүйө келтирилген. Соттун бул чечими акыркы эмес. Нааразы тарап жогорку инстанцияга даттанса болорун Жогорку соттун басма сөз кызматынын өкүлү Чынара Мамытканова билдирди.

2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана адилет сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген. Аскаров «кыргыз өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмунун сунуштарын эске албай жатат» деп Бишкектин район аралык сотуна арызданган.

Бул инстанция жоюлганына байланыштуу ишти быйыл 1-июнда анын ордуна түзүлгөн Бишкек шаардык административдик соту карай баштаган.

Валерьян Вахитов.
Валерьян Вахитов.

Азимжан Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахитов иш кароого алынып, биринчи отурум өткөнүнө карабай, 12-июнда судья Чолпон Досмамбетова доону кароодон баш тартканы туура эмес деп эсептейт. Ал Жогорку соттун түшүндүрмөсүнөн кийин Бириккен Улуттар Уюмуна кайра кайрылуу үчүн тийиштүү документтерди даярдап жатканын айтты.

“Бул чечим мыйзамсыз. Биз бул боюнча Бириккен Улуттар Уюмуна кайра кайрылабыз. 70ке чыккан аксакалды өмүр бою абакта калтырышка негиз жок. Жогорку сот мыйзамга баш ийиши керек. Аскаровго карата чечим акыйкатсыз жана мыйзамсыз чыкты”.

Аскаровдун коомдук жактоочуcу, «Бир дүйнө - Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова Кыргызстан эл аралык келишимдерди так сактабай, сот бийлиги өкмөттүн жактоочусуна айланганын айтууда.

Төлөкан Исмаилова.
Төлөкан Исмаилова.

“Сот чечти, каралбайт” деп Жогорку сот билдирүү таратып жатат. Сот өкмөттү актайбы? Бул кандай коррупциялык схема? Сот өзүнчө бийлик катары чечим чыгарышы керек. Ал эми өкмөт өзүнүн милдетин эл аралык деңгээлде жана конституциялык негизде аткарбай жатат. БУУнун чечимдерин аткаруудан баш тартууда. Сот өкүм чыгарышы керек. Бирок алар өз милдетин аткарбай жатат. Алар өкмөттү калкалап, алардын айтканын гана аткарууда”.

Укук коргоочу, Жалал-Абаддагы “Справедливость” уюмунун юристи Уткир Жаббаровдун пикиринде, мыйзам боюнча өкмөт административдик орган катары сот алдында жооп бериши керек.

“Жарандык кодекстин 61-беренесине ылайык өкмөт аткаруу бийлигинин жогорку бутагы болуп эсептелет. Ошондуктан ал жоопкер катары сотто суралат деп жазылып турат. Жогорку соттун билдирүүсүн түшүнө албай турам”.

13-майда Жогорку сот 2010-жылдагы июнь окуясына байланыштуу Аскаровго каршы негизги кылмыш ишин карап, укук коргоочуну өмүр бою түрмөгө кесүү тууралуу буга чейинки соттук инстанциялардын чечимин күчүндө калтырган.

Укук коргоочулар жана бир нече эл аралык уюмдар Аскаровго коюлган айыпка макул болбой, анын бейкүнөө абакта отурганын билдирип келишет.

Эл аралык коомчулук жана Аскаровдун адвокаттары укук коргоочунун ден соолугу начар экенин, коронавирус пандемиясында 70ке таяп калган адамды түрмөдө кармаганга болбой турганын айтып жатышат.

Кыргызстанда 8-майда Улуу Жеӊиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, 60 жаштан ашкан эркектер жана 55 жаштан ашкан аялдар абактан бошотулат. Бирок бул мунапыска Аскаров илинген эмес.

Акыйкатчы Токон Мамытов Азимжан Аскаровдун ишинин каралышы үчүн көргөн аракеттеринен натыйжа чыкпаганын белгиледи.

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

“Жогорку сот караган соң, жаңы жагдайлар болбогондон кийин кайра карашка мүмкүнчүлүк жок экен. Бирок ошого карабай Аскаровдун ишин кайра карагыла деп канча кат жөнөттүк. Укук коргоочулардын каттарын да ташыдык. “Эл аралык уюмдар кайрылып атыптыр, эми мыйзамды анча-мынча бузуп койгула” деп айтканга чейин барбадыкпы. Эми биздин колубуздан ушул эле келет экен”.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук соту Азимжан Аскаровду 2010-жылы июнь окуясында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө күнөөлүү деп тапкан. Ошол жылдын 15-сентябрында өмүрүнүн акырына чейин абакка кескен.

Чүй облустук соту 2017-жылдын 24-январында бул өкүмдү күчүндө калтырган. Жогорку сот быйыл 13-майда эки инстанциянын чечимин өзгөрткөн эмес.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG