Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:12

Чүй облустук соту 10-январда июнь окуясында “улут аралык кастыкты козуткан жана милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан” деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин териштирүүнү улантты.

Буга чейинки жараяндарда күбөлөр суралып, тараптардын жарыш сөздөрү аяктагандыктан Аскаровго акыркы сөз берилди. Бүгүн сот өкүмү чыгаары күтүлүп жаткан. Бирок, соттук коллегия 17-январга чейин тыныгуу жарыялап, кеңешүүгө кетти. Мындай чечимге Аскаровдун адвокаттары жана укук коргоочулар нааразы болууда.

Аскаров күнөөсүн четке какты

Териштирүү учурунда адвокаттар Аскаровдун бейкүнөө жерден абакта отурганын, айыпты кыйноо менен моюнга алганын билдиришип, соттон аны актоону жана БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин бул багыттагы талабын аткарууну суранышты. Аскаров да акыйкат өкүм чыгарып, өзүн абактан бошотууну өтүндү. Кыргызстанда улуттук азчылык өкүлдөрүнүн укуктары тепселип жатканын жана эл аралык уюмдарга даттануу ниетин белгиледи:

- Кыргызстан эл аралык уюмдар алдындагы милдетин аткарбаса, учурдан пайдаланып БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине, Коопсуздук кеңешине кайрылам. Кыргызстандагы этникалык негиздеги кылмыштарды иликтөөчү атайын орган түзүүнү өтүнөм. Кыргызстандын өкмөтүнө эң катаал санкцияларды киргизүүнү үндөйм. Эгер сот акыйкат чечим чыгарбаса, мындан башка арга жок.

Аскаровдун соту. 10-январь, 2017-жыл
Аскаровдун соту. 10-январь, 2017-жыл

Аскаров 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн буйругу менен камалганын, анткени ага чейин интернет аркылуу бийликтин дарегине бир топ сын айтканын маалымдады. Милиция кызматкери Мыктыбек Сулайманов ташбоорлук менен өлтүрүлгөн окуяга катышпаганын кабарлап, күнөөсүз экенин далилдөө үчүн калпты аныктоочу детектордон өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү суранды:

- Эгерде полиграф менин күнөөмдү далилдесе, анда эң жогорку жаза тартууга макулмун. Эгерде детектордо күнөөм аныкталбаса, жалган көрсөтмө берген күбөлөргө кылмыш иш козгоону суранам. Дагы кайталагым келет, мен кылмыш жасалган жерде болгон эмесмин. Алланын аты менен карганам, мен окуя болгон жерде жүргөн болсом, өзүмдү, үй-бүлөмдү, бала-чакамды Алла-Таала каргасын. Мына, Куран, нан турат.

Азимжан Аскаров калпты аныктоочу детектордон өтүүгө даяр экенин мурдагы жараяндарда да айтып келген. Бирок, мамлекеттик айыптоочулар Кыргызстандын мыйзамдарында мындай ыкма жазылган эмес деген жүйө менен полиграф тестке уруксат берилбесин деп жооп кайтарды. Мындан тышкары Аскаровдун айыбы күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү аркылуу далилденгенин билдиришти.

Прокурорлор.
Прокурорлор.

"Тыныгуунун кереги жок болчу"

Ошол эле кезде соттун 17-январга чейин тыныгуу алып, кеңешүүгө кеткени укук коргоочу, адвокаттардын нааразылыгын жаратууда. Аскаровдун коомдук жактоочусу Төлөкан Исмаилова муну өкүмдү бурмалоо аракети катары баалады:

– Сот өкүмүн чыгаруу үчүн жети күн кеңешеби? Көп болсо бир күн тыныгуу алып, чечимди жарыялаш керек. 17-январга чейин жомок токуса болот.

Бирок, Акыйкатчы Кубат Оторбаев “Азаттык” радиосуна комментарий берип жатып, бүгүнкү чечим туура деген ою менен бөлүштү. Анын айтымында, өкүмдү дароо эле жарыялап коюу ал күн мурун даярдалган деген сындарга жем таштамак:

- Азыр 10 мүнөт тыныгуу деп туруп, андан кийин өкүмдү дароо окуп берсе, “даяр эле чечим чыкты, демек буйрук болгон” деген шек туудурмак. Сот калыс, бейтарап, мыйзамдуу чечим чыгарат деп ишенем.

Кубат Оторбаев сотто Аскаровдун күнөөлүү же бейкүнөө экени так аныкталбай, көптөгөн суроолор бүдөмүк жана ачык калганын да кошумчалады:

- Аскаров өзү Куран, нан кармап айыбы жоктугун айтып жатат, ал эми мамлекеттик айыптоочу тараптын айткандарын уктуңуздар. Он жети милиция кызматкери тополоңдо аны көрдүк дешүүдө. Бул жерде бир нерсе ачык, Аскаров милиционерди өлтүрүүгө түздөн-түз катышкан эмес. Анткени, башаламандык маалында 90 адамдын арасында ал барбы-жокпу деген маселе суроо жаратат. Азимжан Аскаров акыркы сөзүндө окуя болгон жер видеотасмага тартылган деди. Эгер видео болсо, аны алып чыгыш керек болчу. Мыйзамдуу толук тергөө болушу үчүн детекторду деле колдонуп көрсө болмок. Ушул маселелердин баары көп суроо туудурат.

Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь окуясында “улут аралык кастыкты козуткан, калайман башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан” деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин соттолгон. Өткөн жылы апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети ал мыйзамсыз камакта отурат деген негизде бошотууну Кыргызстандан талап кылган. Бул сунуштан кийин Жогорку Сот былтыр 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап чыгып, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарган. Ишти кайра териштирүүнү Чүй облустук сотуна тапшырып, 4-октябрдан тартып ар аптанын шейшемби күндөрү карала баштаган. Ал эми маркум милиция кызматкеринин жакындары Аскаровдун актоо тууралуу БУУнун талабына каршылык билдирип келе жатышат. Мыктыбек Сулаймановдун жубайы Чынара Бечелова буга чейинки сотто Аскаровду абакта калтырууну суранган:

- Эгер бир ок менен эле кыйналбай өлүп калган болсо, ушинтип чыркырап жүрбөйт болчумун. Өзү милиционер болуп иштегенден кийин жумушу ушул экен деп коймокмун. Ушунчалык кыйналып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Алдын ала даярданбаган болушса мындай кыла алышмак эмес.

Аскаровдун иши боюнча сот өкүмү эми 17-январда чыгарылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG