Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:43

Аскаровдун соту: күбөлөр өз сөзүн айтты


Азимжан Аскаров сотто.
Азимжан Аскаров сотто.

Июнь окуясы боюнча айыпталган Азимжан Аскаровдун соту бүгүн уланды. Анда Базар-Коргон районундагы күч кызматкерлери, коогалаңдын тушунда жергиликтүү бийликте тургандар күбө катары көрсөтмө беришти.

Азимжан Аскаров күбөлөрдүн айткандары чындыкка дал келбесин белгилеп, 2010-жылдагы тополоңдо милиционердин өлүмүнө тиешеси жоктугун белгиледи.

Соттогу кайым айтыш

11-октябрдагы соттук териштирүүдө негизинен айыптоочу тарап чакырган күбөлөр көрсөтмө берди. Алардын дээрлик баары 2010-жылдын 13-июнундагы окуяга Азимжан Аскаровдун тиешеси бар деп айтып жатышты. УКМКнын Базар-Коргон райондук башкармалыгын ошол убакта жетектеп турган Садыбакас Жолдошев Аскаровду Базар-Коргондогу көпүрөнүн үстүнөн көргөнүн бекемдеди. Буга Аскаров каршы болуп, ортодо кайым айтышуу орун алды:

- Мен Азимжан Аскаровду 13-июнда көпүрөнүн үстүндөгү 300 чамалуу кишинин арасынан көргөм. Мен бул кишини ага чейин деле таанычумун, укук коргоочу катары билчү элем. Экөөбүздүн ортобузда эч кандай пикир келишпестик болгон эмес.

- Садыбакас мырза, сизди минтип калп айтууга ким мажбурлап атат? Айтыңызчы, эгер көргөнүңүз чын болсо, мен кандай кийимчен элем?

- Мени эч ким мажбурлаган жок. Мен көргөнүмдү айтып жатам. Ал күнү сиздин кийимиңиз кандай экенин эмес, өзүмдүн үстүмдө кандай кийим бар экени эсимде жок. Анткени, кырдаал ошондой болчу.

- Сиз калп айтып атасыз. Кудай өзү жазалайт.

Аскаровдун соту. 4-октябрь
Аскаровдун соту. 4-октябрь

2010-жылы тополоң уюштурууга шектелип, Азимжан Аскаров менен чогуу камалган күбө Мавлянбек Махмуджанов 13-июнда көпүрөдө Аскаров менен чогуу болгонун айтты. Күбөнүн сөзү боюнча, ал жаңжал болгон көпүрөнүн жанында жашайт, ошол күнү Аскаров “жол тособуз, паркты атабыз” деп элди үгүттөп, чогултуп жүргөнүн көргөн:

- Азимжан Аскаров, Маматкары Карабаев баш болгон ушул адамдар элди чогултуп алып, "Портер" машинасынын үстүндө жүрүштү. Анан биздин үйдүн жанына келип, тополоң кылып, бизге окшогон карапайым адамдардын үйлөрүн өрттөтүштү. Мен чыккан эмесмин. Неге чыгат элем? 12-июнда мен талаада иштеп аткан жеримен иним телефон чалып, “сенин тракторуңдун чиркегичи менен жолду тосуп салышты” деп айтты. Келип, чиркегичтин үстүндөгү кишилерди түшүрүп, четке алып койдум. Эртеси күнү эртең менен чиркегичти кайра жолго чыгарып, аңтарып коюшуптур. Кайра ала алган жокмун. Менин бир тууган агам ушулардын айынан өлдү.

Мавлянбек Махмуджанов 15-июнда кармалып, Базар-Коргон ички иштер бөлүмүнүн убактылуу камоочу жайында Азимжан Аскаров менен чогуу отурган. Ошол кезде алар чатакташып, Махмуджанов Аскаровду сабап салган. Махмуджановдун айтуусунда, ал Аскаровду “силердин айыңардан менин бир тууганым өлдү” деп айыптап, ошондон чатак чыккан.

Бул күбөнүн көрсөтмөсүнө да Азимжан Аскаров каршы чыгып, анын сөздөрү “атайылап даярдалган” деп айтты.

Адвокаттын тасма боюнча өтүнүчү

Мурунку соттук жараяндарда айыптоочу тарап Азимжан Аскаров 2010-жылы 13-июнда Базар-Коргондогу жаңжалда болгонун тастыктаган видео тасма бар деп бекемдеген. Аскаровдун адвокаты Нурбек Токтакунов 11-октябрдагы соттук териштирүүдө мына ушул видео тасманы сотко алып келип, көрсөтүүсүн талап кылууну өтүндү:

- Биз билебиз, тергөөдө ошол күнкү окуя боюнча үч сааттык видео бар. Муну өздөрү да айтышкан. Ошол видеону алып келип, сотто көрсөтсүн. Эгер жок болсо, ачык, расмий түрдө “андай тасма жок” деп айтышсын. Урматтуу судья, мына ушул тасманы алып келип, көрсөтүүсүн талап кылыңыз.

Аскаровдун соту. 4-октябрь,
Аскаровдун соту. 4-октябрь,

Азимжан Аскаров видео тасмада өзү жоктугун белгилеп, күч кызматтары аны көрсөтө албайт деп билдирди:

- Мен 2010-жылы 12-13-июнда кайда жүргөнүмдү далилдеп берүүчү адамдар бар. Ошолорду да сотко алып келип, күбө катары сурагыла. Мен ал күнү көпүрөнүн үстүндө болгон эмесмин, эгер видео тасма болсо, анда ачык көрүнөт. Аны алып келе алышпайт, анткени, ал тасмада менин көпүрөдө жок экеним билинет.

Ошондой эле айыпталуучу тарап жана анын адвокаты кийинки соттук жараянда Азимжан Аскаровдун ишин тергеген Туражанованы, Аскаров менен чогуу соттолгон бир нече кишилерди жана июнь коогасы учурунда күч кызматтарына кураторлук кылган Азимбек Бекназаровду да алып келүүнү айыптоочу тараптан талап кылууну соттон өтүндү.

Судья адвокаттын өтүнүчтөрүн канааттандырды. Азимжан Аскаровдун иши боюнча соттук териштирүү 18-октябрда уланат.

Сотко нааразылык

Ошентсе да Азимжан Аскаровдун адвокаты Нурбек Токтакунов азыркы соттук териштирүү мурункусунан айырмасы жок өтүп жатканын белгилөөдө. Ал буга бүгүнкү күбөлөрдүн бир жактуу берген көрсөтмөлөрүн, айыпталуучу тараптын айрым өтүнүчтөрү сот тарабынан четке кагылып жатканын жүйө келтирди:

- Сот мурункусунан айырмасы жок. Мурдагы чечимди эле чыгарат деп көзүм жетип турат. Анткени, биз берген өтүнүчтөрдүн көпчүлүгү четке кагылып жатат. Мисалы, Азимжан Аскаровго жаңы кылмыш-процессуалдык кодекси боюнча айыптоо корутундусун көрсөтүп, тааныштырып, кол койдуруп бериши керек болчу. Азыр бул иш боюнча айыптоо корутундусу жок. Бул деген түздөн-түз мыйзам бузууга жатат. Мен бул боюнча сотко өтүнүч келтирип, ишти кошумча тергөөгө жибергиле деп соттон сурадым. Сот болсо, өтүнүчтү канааттандырган жок. Айыптоо корутундусу Аскаров үчүн пайдалуу болмок, анткени ал жерде коюлган айыптын баары ийне-жибине чейин көрсөтүлмөк.

11-октябрдагы соттук жараянга катышкан укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова соттон Азимжан Аскаровду үй камагына чыгарууну өтүндү. Бирок сот ишти териштирүү учурунда бул өтүнүчтөр караларын айтып, азырынча аны ачык калтырды.

Базаркоргондук укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь окуясында “улут аралык кастыкты козуткан, калайман башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан” деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин соттолгон.

Быйыл апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети аны камоо мыйзамсыз болгонун айтып, бошотууну талап кылган. Бул сунуштун негизинде Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап чыгып, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарган. Ишти кайра кароону Чүй облустук сотуна тапшырган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG