Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:50

Азимжан Аскаровдун иши кайра каралат


Жогорку Сот
Жогорку Сот

Азимжан Аскаровдун иши кайра кароого жөнөтүлдү. Мындай чечим бүгүн Жогорку Сотто жарыяланды. Ишти кароо Чүй облустук сотуна берилди.

Аскаровдун адвокаты Нурбек Токтакуновдун аны бошотуу тууралуу өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылды. Жогорку Сот чечимин жарыялагандан кийин жабыркаган тарап нааразылыгын билдирди.

Азимжан Аскаровдун иши каралып жаткан сотто июнь окуясында жабырлаган милиционерлер жана каза болгондордун жакындары катышты. Сотто Мыктыбек Сулаймановдун аялы Чынара Бечелова сөз сүйлөдү.

Ал Аскаровдун күнөөсү далилденгенин, сотторго басым болуп жатканын билдирди. Эл аралык уюмдар, укук коргоочулар Аскаровдун гана укугун коргоп, каза болгондордун укугун коргобой жатканына нааразы болду.

Бечелова Аскаров камактан бошотулса, нааразылык чыга турганын эскертип, соттон чечимди өзгөртүүсүз калтырууну суранды.

Жогорку Сотто милиция кызматкерлери да көрсөтмө беришти. Алар Азимжан Аскаровдун 2010-жылдагы июнь окуя учурунда мыйзамдуу бийликтин талабына көнбөй, кылмышка катышканы далилденгенин билдиришти.

Ал эми сотто көрсөтмө берген мамлекеттик айыптоочу Аскаровдун кыйноого кабылганы тууралуу маалыматтар далилденбегенин, бул боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы барын жана Аскаров өзү да көрсөтмөсүндө муну бышыктаганын айтты.

"Чогулган далилдерди эске алуу менен Аскаровдун жазык ишин кайрадан кароого эч кандай негиз жок болчу. Бирок БУУ чечиминин негизинде Жогорку Сот өз ыйгарым укуктарынын негизинде кароону чечкен соң, Аскаровду камактан бошотуу өтүнүчүн канааттандырбоону суранабыз", -деди мамлекеттик айыптоочу.

Аскаров сотко катышкан жок (11.07.2016)

Жогорку Сот өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин жаңы жагдайларга байланыштуу кайра каралып жатат. Жаңы жагдай катары Аскаровдун иши боюнча БУУнун Адам укуктары боюнча берген чакырыгы каралууда.

Сот ачык өтүп, жараян катышуучуларынан башка ага эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, укук коргоочулар жана журналисттер катышты. Соттук жараянга Германия, Британия, Швейцария жана Франциянын элчиликтеринин өкүлдөрү көз салды.

Жогорку Сот
Жогорку Сот

Жараянда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн тартипте каралып, катышуучулар тыкыр текшерүүдөн өткөрүлдү.

Соттук процесске Азимжан Аскаров өзү катышкан жок. Аны катыштыруу боюнча адвокаттарынын өтүнүчүнө ишти караган судьялар бул маселе ачык каларын, муктаждык болсо соттолуучу алып келинерин билдирди.

Жараян жүрүшүндө “Бир дүйнө Кыргызстан" кыймылынын негиздөөчүсү, укук коргоочу Төлөкан Исмаилованы Азимжан Аскаровдун коомдук жактоочусу катары сотко катыштыруу өтүнүчү келтирилип, судьялар бул өтүнүчтү канааттандырды.

Жабырлануучу тарап бүгүнкү жараянга катышкан жок. Буга байланыштуу сот 12-июлга жылдырылды.

Жогорку Сотто Аскаровдун иши каралууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:14 0:00

Ишти караган Жогорку Соттун соттук курамынын мүчөсү Лепес Темирбеков буга чейин сот чечимдеринде Аскаровдун оор кылмыштарга катышы аныкталганын, бирок жазык ишинде жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу каралып жатканын билдирди:

- Соттолгон Аскаров арызында БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин 2016-жылдын 21-апрелиндеги чечими менен аны кармоо учурунда, тергөө жүргүзүүдө жана соттук териштирүүдө адам укуктары жаатындагы эл аралык келишимдер жана Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери бузулганы үчүн жазык ишти жаңы жагдайлар боюнча кайрадан кароону жана өндүрүштү кайра козгоп, аны камактан бошотууну сураган.

Соттор жаңы жагдай катары БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин быйылкы жылдын 21-апрелиндеги Аскаровду бошотуу боюнча өтүнүчүн атоодо. Бул өтүнүчтүн негизинде укук коргоочу жана анын адвокаттары Жогорку Сотко арыз жолдошкон.

Ошондуктан адвокат Нурбек Токтакунов БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров мыйзамсыз кесилгенин таанып, аны бошотууну суранган соң Кыргызстандын соту муну аткарышы керектигин билдирүүдө. Анын айтымында, Улуттар уюмунун чечими аткарылбаса, өлкөнүн кадыр-баркына доо кетиши мүмкүн:

- Кыргыз Республикасы Жарандык жана саясий укугу боюнча пактка кошулган. Бул пакт адамдын укугун жана эркиндигин коргоого милдеттендирет. Бул милдеттердин аткарылышы БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимдеринин аткарылышы менен каралат. Ошондуктан бул чечимди аткаруу менен Азимжан Аскаровдун укугун калыбына келтирип, камактан бошотууну суранабыз.

Аскаровдун адвокаттары
Аскаровдун адвокаттары

Ошондой эле Аскаровдун жактоочулары бул иш өлкөдөгү сот реформасынын жүрүшүнүн көрсөткүчү экенин билдирип, эгер БУУнун чечими эске алынбаса, өлкөдө адам укуктарын бузуу, кыйноолор улана берет деген пикирин айтты.

Ушул жылдын апрель айында Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигин Аскаровду абактан бошотуп, сот өкүмүн жокко чыгарууга чакырган. Анда укук коргоочу мыйзамсыз камалганы, кыйноого туш болгону, сот адилеттүү чечим чыгарбаганы жана өзүн коргоого мүмкүнчүлүк берилбегени, абакта оор шартта отурганы айтылган.

Анткен менен Аскаровду күнөөлүү деп эсептеген тарап аны бошотууга каршы болуп келет.

Мыктыбек Сулаймановдун жубайы Чынара Бечелова
Мыктыбек Сулаймановдун жубайы Чынара Бечелова

Маркум милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун жубайы Чынара Бечелова БУУнун чечимин Кыргызстанга кийлигишүү катары санайт:

- Жогорку Соттун чечими бузулса туура эмес болот. Тышкы күчтөр Кыргызстанга кийлигишип жатат. Тыштан киришип жатканына байланыштуу сот бузулууда. Мындай окуя боло берсе, Жогорку Соттун чечиминин эч кандай кадыр-баркы калбайт го.

Азырынча соттун кандай чечим кабыл алары белгисиз бойдон калууда. Жараянга байкоо салуу үчүн келген орусиялык “Мемориал” укук коргоо уюмунун юристи Кирилл Коротеев Азимжан Аскаровго байланыштуу сот чечими өлкө кадыр-баркына таасирин тийгизерин айтат:

- БУУ Адам укуктары боюнча комитетинин чечимин мажбурлап аткарта албайт. Бирок Кыргызстан бул чечим үчүн ар дайым жооп берүүгө туура келет. Мисалы, Женевада Адам укуктарынын сакталышы боюнча пакттын аткарылышын талкуулоодо бул маселе көтөрүлүшү мүмкүн. Ошондуктан бул маселе эл аралык күн тартиптен алынбастан, Кыргызстандын кадыр-баркы үчүн ар дайым айтылып турмакчы.

Азимжан Аскаров
Азимжан Аскаров

Ошол эле учурда Аскаровдун ишинин Жогорку Сотто каралышы Германия канцлери Ангела Меркелдин Кыргызстанга сапарына туш келүүдө. Айрым серепчилер муну Меркелдин сапарынын алдында атайын уюштурулушу мүмкүндүгүн болжолдоодо. Бирок президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков соттук иштин Меркелдин сапары менен эч кандай байланышы жоктугун билдирди.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жашаган Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь коогасына байланыштуу камакка алынган. Ага "улут аралык жаңжалды козуткан, калайман башаламандык уюштурган жана адам өлтүрүүгө аралашкан" деген айып тагылып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Буга чейин Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Азимжан Аскаровду “абийир туткуну” деп атаган. 65 жаштагы Аскаров Бишкектеги №47 абакта жазасын өтөп жатат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG