Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

Азимжан Аскаровдун үйү да камакка алынды


Азимжан Аскаров сот учурунда. 2017-жылы тартылган сүрөт.
Азимжан Аскаров сот учурунда. 2017-жылы тартылган сүрөт.

2010-жылдагы кандуу окуяларга байланыштуу айыпталып, өмүр бою түрмөгө кесилген Азимжан Аскаровдун үйүн сот кайра камакка алды.

Буга укук коргоочунун байбичеси Хадича Аскарованын маркум милиционер Мыктыбек Сулаймановдун үй-бүлөсүнө кун төлөп бербегени себеп болгон.

Аскарова мүлк күйөөсүнө мураска калганын, анын башка жашай турган турак жайы жок экенин эске салып даттанууда.

Кайрадан камакка алынган үй

Азимжан Аскаровго таандык үйдү камакка алуу тууралуу эки ай мурда чыккан сот чечими жөнүндө билдирүүнү анын аялы Хадича Аскарова эми колуна алды. Анын айтымында, Бишкектин Октябрь райондук сотунун мындай чечимине маркум, милициянын капитаны Мыктыбек Сулаймановдун жакындарынын өтүнүчү негиз болгон.

«Күйөөм эч себепсиз, доомат менен отурат. Аны өмүр бою камап, эми үйдү да камакка алышыптыр. Мен аларга 175 миң сом акча төлөшүм керек экен. Мен пенсионермин, айына болгону 4 миң сом пенсия алам. Аны кантип төлөйм? Үйдөн башка эч нерсем жок. Милиция кызматкерлери кезинде үйдөн күрүч, май, варенье, тооктун жемине чейин алып кетишкен. Эми башпаанек кылган жайымды да алып коюшса көчөдө калам. Күйөөмдү да камап, үйүмдү да тартып алышса, бул адамдарда ыйман-ынсап, дүйнөдө адилеттик калдыбы деги?» - деди Хадича Аскарова.

Хадича Аскарова күйөөсү тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсүндө.
Хадича Аскарова күйөөсү тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсүндө.

​Маалым болгондой, укук коргоочу Азимжан Аскаровго козголгон кылмыш ишинин алкагында анын турак жайы 2012-жылы да камакка алынган эле. Ошол учурдагы соттук отурумдарда адвокаттар үй анын мураска калган жападан жалгыз мүлкү болуп эсептелерин, айыпталып жаткан кылмыш ишине тиешеси жок экенин жүйө келтиришкен. Ошондон кийин Базар-Коргон райондук соту үйдү кайра камактан чыгарган.

Азимжан Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахитов кепке кошулду.

Валерьян Вахитов.
Валерьян Вахитов.

«​Маркум Мыктыбек Сулаймановдун аялы жана апасы материалдык жана моралдык чыгым үчүн доо өндүрүп берүүнү талап кылып алгач Базар-Коргон райондук сотуна кайрылышкан. Эгер адашпасам, биринчи инстанциядагы сот Азимжан Аскаровду алардын ар бирине бир миллион сомдон доо өндүрүп берүүгө милдеттендирген. Биз Жалал-Абад облустук сотуна кайрылып, адамдын материалдык шартына, курагына, мүмкүнчүлүгүнө карап чечим чыгарууну талап кылганбыз. Ошентип сумма 175 миң сомго түшкөн. Аскаровдун өмүр бою түрмөгө кесилгенин эске алып, бул сумманы акылга сыярлык деп тапканбыз жана андан кийинки инстанцияга кайрылган эмеспиз. Кылмыш иши боюнча үй камактан чыгарылгандан кийин ага тийбей калышкан. Бирок Хадича Аскарова күйөөсүнүн макулдугу менен үйдү өзүнө каттатууга аракет кылганы үчүн аны камакка алууга аракет кылышкан окшойт. Мыйзамга ылайык, эгер мүлк кылмыш ишинде күрөө катары катталбаса ал камакка алынбашы керек. Бул жерде үй күрөөнүн предмети болуп саналбайт. Ал үйдө Аскаровдун улгайган байбичеси балдары менен жашап турат. Сот буларды эске алууга тийиш эле»,-деди ал.

Валерьян Вахитов билдиргендей, аларда азыр эки жол бар: кайра сотко кайрылуу жана Хадича Аскаровага компенсацияга жете турган каражат таап берүү. Анын айтымында, мунун экөө тең оңой болбойт. Мурдагы соттордогу убарагерчиликти эске алуу менен келерки соттук териштирүү дагы бир нече жылга созулушу мүмкүн. Ошол эле учурда конкреттүү кирешеси жок кишиге бирөөдөн карыз суроо да кыйын.

Экинчи тараптын жүйөсү

Ал эми Азимжан Аскаров күнөөлөнгөн окуя учурунда каза болгону кеп болгон милициянын капитаны, маркум Мыктыбек Сулаймановдун жесири Чынара Бечелова кунду өндүрүш үчүн айласыз ушундай жолго барганын айтты:

«​Күйөөмдү тирилтип алып келип беришсин, мен алардан бир тыйын сурамак тургай, өздөрүнө акча карматып коём. Бул жерде жөн эле иш болгон жок, адам өлүп жатат. Тогуз жылдан бери балдарымды атасыз чоңойтуп жатам. Андан бери ыйлап жүрүп, кан басымым көтөрүлүп, жүрөк оорулуу болуп калдым. Ыйлап жатып кайненем өтүп кетти. Катуураак айтса эле алардыкы туура боло береби? Биз Аскаровдордон асманды талап кылган жокпуз, сот чечип берген эле компенсацияны төлөп бергиле деп жатабыз. Андан башка эч нерсесинин кереги жок. Тогуз жылдан бери ошону төлөп беришкен жок. Эми үйдү аялы өзүнө каттатып, кийин сатып жиберсе, мен компенсацияны кантип өндүрүп алмак элем?»

Чынара Бечелова маркум күйөөсүнүн сүрөтүн кармап турат. 2011-жылы тартылган сүрөт.
Чынара Бечелова маркум күйөөсүнүн сүрөтүн кармап турат. 2011-жылы тартылган сүрөт.

Бечелова ырастагандай, Аскаров менен кошо айыпталган сегиз кишинин ар бирин сот ар кандай суммада доо төлөөгө милдеттендирген. Бирок алардын бири да ушул күнгө дейре компенсация төлөп беришкен эмес. Жабырлануучулар ушундан улам кайра сотко кайрылган.

Ошентип, эки тараптын тең жүйөсү чындыкка окшошкон бул жагдай коомчулуктун талкуусуна түштү. Бир даары эл аралык деңгээлде резонанстуу болгон Азимжан Аскаровдун ишинин мындай өрүш алышын айыптаса, экинчи тарап жабырлануучуларды да түшүнүүгө чакырып жатат.

Укук коргоочу, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун чуулуу ишти бийлик ушундай талашка жеткирбей эле чечип коюшу керек эле деп эсептейт.

Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

«Мыктыбек Сулайманов жөн өлгөн жок, аны зулумдук менен өлтүрүшкөн, - деди ал. - Анын үй-бүлөсү да азап тартууда, алар өмүр бою атасыз калды. Албетте, мен Азимжан Аскаров аны өлтүрдү деп айта албайм. Мен анын сотуна өзүм да катышкам, анын кылмышка тиешеси бар экенин толук далилдеп бере алышкан эмес. Кандай болгон күндө да катуу жаза алып, өмүр бою кесилди. Жазасын өтөп жатат, анан ушундай шартта «дагы доо төлөп бер» дегени өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп жатат. Бул соттор тарабынан чыгарылган ашыкча чечим болуп калды да. Бул жакта анын байбичеси да коргоосуз калып, кыйналып жашайт. Кыскасы эки тарап тең жабыр тартууда. Ошон үчүн бул жерде Хадича Аскарованы да кыйнабаш керек, аны үйүн тартып алып, көчөдө калтырмак белек? Бул гумандуулукка жатпайт. Ошол эле кезде маркум Сулаймановдун жесири Бечелованы да мамлекет камкордукка алып, жардам бериши керек. Аскаровдон эмес, демөөрчү табабы, же башка жактан табабы, каржыдан көмөк кылышы зарыл. Эки жесирди тең көчөдө калтырбагандай камкордук керек».

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген айып менен соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Анын иши 2017-жылдын 24-январында БУУнун сунушу менен кайра каралып, Чүй облустук соту ошол эле өкүмдү күчүндө калтырган.

Азимжан Аскаровдун Базар-Коргондогу үйү.
Азимжан Аскаровдун Базар-Коргондогу үйү.

​Быйыл февралдын аягында Аскаровдун байбичеси Хадича Аскарова, адвокат Валерьян Вахитов жана «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жиберишкен. Алар Аскаровду эркиндикке же үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн эле.

Аскаровдун үйү Базар-Коргон районунун Комсомол айылында жайгашкан. Жери он сотых, беш-алты бөлмөлүү.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG