Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

Сот Азимжан Аскаровдун үйүн камактан чыгарды


Аскаровдун Базар-Коргондогу үйү
Аскаровдун Базар-Коргондогу үйү

5-сентябрда Базар-Коргон райондук соту укук коргоочу Азимжан Аскаровдун жубайы Хадича Аскарова жашап турган үйдү конфискациялоого жатпайт деп тапты. Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахитовдун маалыматы боюнча, прокуратура өздөрү ката кетиргенин мойнуна алган. Анын айтуусунда, Аскаровдун мүлкүн конфискациялоодо протокол түзүлгөн эмес жана соттолуучунун өзүнө да, жубайына да көчүрмөлөрү берилген эмес. Мына ушуну эске алган сот Азимжан Аскаровдун үйүн камактан чыгаруу жөнүндө чечим кылды. Соттук териштирүүгө эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган деп соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган. 2012-жылы анын мүлкү сот тарабынан камакка алынган.

Быйыл жазында Мамлекеттик мүлк фонду Аскаровдун үйүн алууга аракет кылган. "Бир дүйнө-Кыргызстан" уюму Аскаровдун мүлкүн конфискациялоого Мамлекеттик мүлк фонду аралашууга укуксуз деген билдирүү тараткан эле. Анда Аскаровдун сот тарабынан конфискацияланган турак жайы энесинен калган мурас катары саналып, азыр үй-бүлөсү жашап жатканы айтылат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG