Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:01

Чүй облустук соту 24-январда укук коргоочу Азимжан Аскаровду күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан Базар-Коргон райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.

Судьялар күбөлөрдүн, жабырлануучулардын буга чейинки көрсөтмөлөрү ырасталып, Аскаровдун күнөөсү аныкталды деген жүйө келтиришти.

Соттун өкүмү

Сот Аскаров 2010-жылдагы Базар-Коргондо "улут аралык жаңжалды козутууга катышкан, Бишкек-Ош каттамынын 550-чакырымында мыйзамсыз жол тосууга аралашкан, ал жерде топтолгон эл куралсыз милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, он чактысы жеңил, ал эми Мыктыбек Сулайманов оор жараат алып, жаалданган адамдар кылмышын жаап-жашыруу максатында анын "сөөгүн өрттөп жиберген" деп тапты. Аскаров күнөөнү "кыйноо менен аргасыз моюнга алган, тергөө калыс болгон эмес" деген укук коргоочулардын билдирүүлөрү аныкталган жок деген тыянакка келди. Соттун өкүмүндө Аскаров жолдогу кандуу окуяга катышкан эмес, жаңжал учурунда үйүндө болгон деген маалымат чындыкка дал келбестиги, анткени мындай көрсөтмөнү анын туугандары бергендиктен, ишенүүгө болбой тургандыгы белгиленген. Укук коргоочу менен сүйлөшкөн үч психиатр да ал калпка жакын маалымат берген деп тапканы айтылып, Аскаров укугум бузулуп жатат деп эл аралык коомчулукту адаштырып жатканы белгиленген. Өкүмдө БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин Аскаровдун укугу бузулган деген сунушу чындыкка шайкеш келбей тургандыгы да жазылган.

Аскаровдун соту. 24-январь, 2017-жыл
Аскаровдун соту. 24-январь, 2017-жыл

Өкүм угузуу дээрлик эки саатка созулду. Анын жарымын соттук коллегия төрагасы Кыдык Жунушпаев, калганын судья Нурбек Исаев окуп, Аскаровдун үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою абакка кескен Базар-Коргон райондук сотунун өкүмүн өзгөрүүсүз калтырышты:

- Териштирүүдө Азимжан Аскаровдун укугун эч кандай басмырлоо болбогону жана бузулбаганы, кыйноо колдонулбаганы аныкталды. Соттук коллегия адам укуктары боюнча комитеттин ой-пикирлери менен жүйөлөрү өз ордун тапкан жок деп эсептейт. Белгиленген жазаларды бири-бирине толук кошуп, үч жылдык юридикалык билимди талап кылган укук коргоо, адвокатура, нотариалдык кеңсе жана прокуратура органдарында белгилүү бир кызматтарды ээлөө жана өкмөттүк эмес уюмдарда иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен биротоло Азимжан Аскаров өмүр бою эркинен ажыратылсын. Мүлкү мамлекеттин пайдасына конфискациялансын. Өкүм жарыялангандан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет. Анын үстүнөн Жогорку Сотко даттанууга мүмкүн.

Аскаров: ачкачылык жарыялайм

Соттун өкүмүн уккандан кийин Азимжан Аскаров журналисттерге кайрылып, мөөнөтсүз ачкачылык баштарын жарыялады:

- Урматтуу журналисттер! Бүгүнкү күндөн баштап мен мөөнөтсүз ачкачылык кармайм.

Буга чейинки жараяндарда адвокаттар Аскаровдун бейкүнөө абакта отурганын, айыпты кыйноо менен моюнга алганын айтышып, аны актоону жана БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин талабын аткарууну соттон өтүнүшкөн. Аскаров да өзүн абактан бошотууну суранган. Кыргызстанда улуттук азчылык өкүлдөрүнүн укуктары тепселип жатканын жана эгер сот адилет чечим чыгарбаса, эл аралык уюмдарга даттанарын жар салган.

Судьялар болсо териштирүү маалында Аскаров күнөөсүз деген арыздар ырасталбаганын, тескерисинче, анын айыбы күбөлөрдүн, жабырлануучулардын көрсөтмөлөрү менен далилденгенин белгилешти.

Өз кезегинде укук коргоочулар жана адвокаттар буга караманча-каршы пикирде. Коомдук жактоочу Төлөкан Исмаилова бүгүнкү өкүм соттордун эркин эместигин дагы бир ирет айгинелегенин маалымдады:

- Чүй облустук соту “чөнтөк сот” экенин көрсөттү. Кыргызстанда көз карандысыз сот жок. Ошон үчүн ар кандай мотивдер менен күттүрүп, узартып атып чечим чыгарды. Аябай өкүнүчтүү. Кыргызстан 80ден ашык улуттун өлкөсү. Бирок, өкмөт аркылуу дискриминация ачык болуп калды. Сөзсүз түрдө укук коргоо жаатындагы мүмкүнчүлүктөрдү мындан ары да колдонобуз. Азыр кеңешмелер болот.

Ал эми “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын өкүлү Динара Ошурахунова сот өкүмүн “саясий шоу” катары мүнөздөдү:

- Негизи Аскаровдун тагдыры саясий болуп калган. Соттон сотко көчүп каралганы да “шоу”. Буга чейин бизде жакшы үмүт жаралган эле. Анткени, жаңы фактылар чыгып, кыйноолордун баары тең такталган. А бирок азыр мурдагы сот өкүмүнүн өзгөртүүсүз калганынан улам баары түшүнүктүү болду.

Динара Ошурахунова кошумчалагандай, укук коргоочулар эми Жогорку Сотко аппеляциялык арыз жолдошот. Анткен менен жогорку инстанция актоо чечимин чыгарат деген үмүт жок.

"Аскаров кыйноолорго кабылган"

Кыргызстандагы “Кыйноолорго каршы коалициясы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Сардар Багышбеков соттун Аскаровго кыйноо колдонулган эмес деген чечимин четке кагат. Анын айтымында, кыйноо боюнча көз карандысыз, эл аралык экспертиза жүрүп, запкыны тастыктаган материалдар прокуратурага жана сотко тапшырылган. Ал фактылар көз жаздымда калды дейт Сардар Багышбеков:

- Биз соттон бөлөк чечим күткөнбүз. Кыйноо фактылары боюнча иш ачылып, тергелиши керек болчу. Ошондой эле күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү толук такталган жок. Айрым далилдер соттук чечимден алынышы, кээ бир айыптар кыскартылышы керек эле. Бул сот да мурдагыларга окшоп, күбөлөрдүн айткандарына таянып эле чечим кабыл алып койду. Далил буюмдар көрсөтүлгөн жок. Кыйноо болгонун бир гана Аскаровдун сөзү гана эмес, медициналык жана психиатриялык экспертизалар ырастаган.

"Өкүмдү колдойм"

Ошол эле маалда калабада жабыркагандар сот өкүмүн кубаттап жатышат. Маркум милиционер Мыктыбек Сулаймановдун бир тууган эжеси Гүлнара “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Кудай бар экен. Окуяда канча деген карапайым жарандардын балдары бейкүнөө өлүм таап, канча деген эл ыйлады. Анын ичинде менин иним Мыктыбек баатырларча курман болгон. Балдарынын көз жашы төгүлүп атканда мындай чечим кабыл алганы абдан туура болду.

Базар-Коргон райондук соту 66 жаштагы укук коргоочу Азимжан Аскаровду 2010-жылы июнь окуясында “улут аралык кастыкты козуткан, калайман башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан” деген айып менен өмүрүнүн этегине чейин абакка кескен. Кийинчерээк Жалал-Абад облустук соту өкүмдү күчүндө калтырган.

Өткөн жылы апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров мыйзамсыз камакта отурат деген негизде аны бошотууга Кыргызстанды чакырган эле. Бул сунуштан кийин Жогорку Сот былтыр 12-июлда жаңы ачылган жагдайларды карап чыгып, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарган. Натыйжада, ишти Чүй облустук соту кайрадан териштирип чыкты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG