Линктер

шейшемби, 19-июнь, 2018 Бишкек убактысы 18:08

400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган 2010-жылкы апаат мындан толук сегиз жыл мурда болгон. Бул күнгө карата Ошто жана Жалал-Абадда маркумдарды эскерүү иш-чаралары өттү. Бирок коогалаңда жакындарын жоготкондор калабадагы кылмыштарга айыптуулар дагы деле жазага тартылбай жатканына даттанып келишет. Ошол эле кезде июнь окуясына саясий баа берилбей калды деп сынга алгандар да бар.

Көз жаш менен коштолгон эскерүүлөр

Ош шаарындагы “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексиндеги эскерүү иш-чарасы коогалаңда каза болгондорго багыштап куран окуу менен башталды.

Андан кийин ынтымактын символу катары “Тынчтык коңгуроосу” кагылды. Чогулган энелер жакындарын жоктоп, бир сыйра ыйлап-сыктап да алышты.

Митинг реквиемге бийликтин атынан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов катышып, жакындарын жоготкондорго көңүл айтышты.

Кубатбек Боронов баштаган топ эстелик алдында
Кубатбек Боронов баштаган топ эстелик алдында

Кубатбек Боронов июнь окуясынын сабагы Кыргызстандын элине жана бийлигине өтө маанилүү экенине токтолду:

- Сегиз жыл мурда болуп өткөн окуяны баарыбыз башыбыздан чогуу өткөрдүк. Ал күн дале көз алдыбызда турат. Ошол кезде мамлекетибиздин бүтүндүгүнө доо кетип жаткан. Азыр эстегенде ар бирибиздин кабыргабыз кайышып, жүрөгүбүз сыздайт. Айрым күчтөр мамлекеттин келечегин эмес, өз кызыкчылыгын ойлоп, коомго улуттар аралык кастык мамилени козуткан жалган маалыматтарды таратып, ынтымагыбызга доо кетирүүгө, эзелтен биримдикте жашаган эки элди бөлүп-жарууга аракет жасашкан. Ошол оор күндөрдө карапайым элдин даанышмандыгы, сабырдуулугу жалындаган өрттү өчүрүүгө себеп болду. Эл бири-бирин тыйып, кандуу кагылышты токтотту. Ынтымак өзүбүздөн башталарын ар бирибиз өз учурунда сезе билдик. Кыргыз-өзбек элинин кылымдар бою келаткан тарыхый боордоштугу, достугу адам өмүрүн алган бул сыноого туруштук бере алды. Бүгүн жергебизде улуттар арасында достук орноп, ынтымак жана биримдикти көздүн карегиндей сактоо керектигин баарыбыз түшүнө алдык. Мындан ары баарыбыз элибизди түндүк-түштүккө, улутка, урууларга бөлбөй ынтымакта жашайлы.

Июнь окуясында курман болгондорго арнап куран түшүрүү жөрөлгөсү Анар жана Манас-Ата (ХБК) кичи райондорундагы жабыр тарткандар жашаган үйлөрдө уланды. Мындагы кыргыз жана өзбек үй-бүлөлөрү 10-июндан башка күндөрү деле түлөө өткөрүп, коогалаңда мерт болгондорду эскерип турушат. Алардын бир гана “калабалуу күндөр, этностор аралык кагылыш Кыргызстанда эч качан кайталанбаса экен” деген тилеги бар.

Манас-Ата кичи району, коогалаңдан жабыр тарткандар жашаган үй.
Манас-Ата кичи району, коогалаңдан жабыр тарткандар жашаган үй.

Манас-Атанын Раззаков көчөсүндө жашаган өзбек тектүү Сахиба Хурулбоева мындай деди:

- Бир подъездде, бир үйдө кыргыз-өзбек чогуу жашап жатабыз. Эски күндөрдүн жарасын эстен чыгарганбыз. Таарынычтар жазылган. Сегиз жылдан бери ушул жерде жашап келем. “Сен өзбексиң же башкасың” деп бирөө кемсинткен жок. Той-топур же башка нерселер болсо бири-бирибиздикине барып, катташып турабыз. Эми эл бузарларга эч качан жол бербейбиз. Ошол апаат күндөрдөгү окуялар эч качан кайталанбасын. Коогалаңды эл бузарлар чыгарбаса, карапайым эл чатакташмак эмес. Эми да ошондой жаман топтордун азгырыгына алдырбай, элдин ынтымагын бузбашыбыз керек. Жерибизде жаңжал болбосун, ар дайым ынтымак гүлдөп турсун.

Бийлик өкүлдөрү куран окуп жатышат. 10-июнь, 2018-жыл.
Бийлик өкүлдөрү куран окуп жатышат. 10-июнь, 2018-жыл.

Жалал-Абадда “Санпа окуясы” катталган Ош-Бишкек жолунун жээгине курулган “Эненин көз жашы” эстелик монументине гүлчамбарлар коюлуп, Куран окулду.

Унутта калган кылмыш иштери

Бирок коогалаңда жабыр тарткандар үчүн эскерүү иш-чараларынан мурда тополоңду баштагандар жана кылмышка күнөөлүүлөрдү жазага тартуу көбүрөөк маанилүүдөй. 2010-жылдын июнь айындагы урушта жакындарын жоготкондор бул жаатта бийлик жана күч кызматтары жетиштүү иш алып барбаганына капа. Алар бул үчүн милицияны, прокуратураны жана сотторду айыптап келишет.

“Ош шейиттери” коомдук бирикмесинин жетекчиси, коогалаңда күйөөсүн жоготкон Насипа Жанузакова буларга токтолду:

- Июнь окуясына күнөөлүүлөрдүн жарымы гана жазасын алды. Көбү кармалган жок. Алардын көбү Орусияга, Казакстанга жана башка чет өлкөлөргө качып кетти. Жыргатып деле издешкен жок. Абакта отурган жеринен бошотуп жиберген, “күнөөсүз экен” деп актаган учурлар толтура болду. Боздогон энелердин, көз жашын төккөн балдардын убалынан коркуп күнөөкөрлөрдү кармап, жазасын беришсе болмок.

Шаани Топчубаева оң четте турат.
Шаани Топчубаева оң четте турат.

Коогалаңда каза болгондордун жакындары түптөгөн “Дайынсыздар коомунун” төрайымы Шаани Топчубаева да кылмыш боюнча буларды айтып кейиди:

- Сөөгү табылгандардын ДНКсы аркылуу тек-жайы аныкталган. Ал эми 13 адамдын ДНКсы аныктала элек. Биз биринчи кезекте ушул маселени аягына чыгарууну талап кылып келебиз. Экинчи маселе күнөөлүүлөр акыйкат жазаланбай жатат. Маселен, менин эле баламды өлтүргөн адамга Ош облустук соту жети жыл берип, кийин Жогорку Сот аны 13 жылга түрмөгө кескен. Анан Бишкектен Токтогулга которуп, Токтогулдан Жалал-Абадга которуп, ал жерден документ жасап туруп Орусияга качырып жиберишти. Соттолгон адам, өмүр бою кесилген адам кантип чек арадан өтүп кетти, кантип учуруп жиберишти? Бул боюнча арыз жаздык, бир да жыйынтык чыккан жок. Ушинтип, сыздап-боздоп эле отурабыз. Коогалаң учурунда Ош облусун жетектеп турган Сооронбай Жээнбеков азыр президент болду. Ал өзү да кан кечип жүргөн, биздин ыйыбызды көргөн. Эми ошол киши бул иштерди кайрадан чукуп, июнь окуясына күнөөлүүлөрдүн баарын жазалатат деп үмүт кылып жатабыз.

Маалым болгондой, июнь окуясына байланыштуу 2010-жылы 5646 кылмыш иши козголгон. Алардын көпчүлүгү талап-тоноо, уурдоо, карактоо, бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү, өрттөө, зордуктоо жана адам өлтүрүү сыяктуу оор кылмыштар. Ортодо миңдеген иштер кыскарып, бир тобу бириктирилип кеткен. Бирок жалпы көрсөткүчтү алганда бул кылмыш иштеринин дээрлик 70% бети ачылбай калган. Муну күч кызматтары шектүүлөрдүн табылбагандыгы жана айрым иштер башында туура эмес козголгондугу менен байланыштырып келет.

Дайынсыз жоголгондордун аты жазылган бешик эстелик.
Дайынсыз жоголгондордун аты жазылган бешик эстелик.

Ички иштер министринин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди:

- 2010-жылкы июнь окуясы боюнча 5 жарым миңден ашуун кылмыш иши козголгон болсо, мунун көбү Ош шаарындагы кылмыштарга тиешелүү. Анан кийин Ош облусундагы жана Жалал-Абад облусундагы окуялар боюнча да иштер бар. Иликтөөлөрдүн жүрүшүндө 500дөн ашык адамдарга карата 330дан ашык иш сотко өткөн. Аларга сот аркылуу ар кандай жаза чегерилген. Ошол эле кезде көп кылмыш иштери убактылуу токтоп турат. Ага шектүүлөрдүн кайсы жерде экени белгисиз болуп жатканы жана башка жагдайлар себеп болду. Бирок бул иштерди иликтөө дагы деле улантылып жатат, шектүүлөрдү кармоо уланууда. Шектүүлөр чет жакта кармалып жаткан фактылар да бар, аларды экстрадициялап алып келүү үчүн иштер жүрүп жатат.

Массалык башаламандыкка байланыштуу жүздөн ашуун адамга издөө жарыяланган. Мындан сырткары этникалык кагылышты уюштурду деген шек менен Интерполдун линиясы боюнча 37 адам эл аралык издөөгө берилген. Алардын арасында Кадыржан Батыров, Иномжан Абдирасулов, Карамат Абдуллаева, Жалолиддин Салахудинов сыяктуу өзбек улуттук маданий борборунун өкүлдөрү жана саясатчылар бар. Бирок алар ар кайсы жагдайлардан улам ушу күнгө чейин кармалып, алынып келе элек.​

Кадыржан Батыров
Кадыржан Батыров

Бул арада чет жакта жүргөн кыргызстандык өзбек саясатчылары К. Батыров, Х. Худайбердиев, Р. Эгамбердиев, Б. Ахмедов, Х. Каримов, Й. Салимов, Д. Хайдаров июнь окуясынын сегиз жылдыгына карата президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоп, коогалаңга байланыштуу кылмыш иштерин калыс иликтөөнү камсыз кылып берүүсүн өтүндү. Алар ошондой эле 2010-жылкы коогалаңдан кийин камалган укук коргоочу Азимжан Аскаров жана башкаларга мунапыс берүүнү суранышкан.

Коогалаңга жетиштүү саясий баа берилдиби?

2010-жылкы июнь окуясына биринчи баа коогалаңдан бир жылдан кийин бериле баштаган. Киммо Кильюнен башында турган Эл аралык комиссия 2011-жылдын май айында корутундусун жарыялап, июнь окуяларын “аскердик кылмыш же геноцид эмес” деп тааныган. Тыянакта комиссия “айрым жагдайларды адамзатка каршы кылмыш” деп баалаган. Көз карандысыз комиссия ошондой эле “коогалаң апрель окуясынан кийинки саясий кырдаалдан улам чыгып кеткенин, бирок өзбек коомчулугу тарабынан жикчил маанай тастыкталбаганын” билдирген. Ошол кезде бул баага өкмөт менен Жогорку Кеңеш макул болбой, Кильюненди өлкөгө киргизүүгө тыюу салган.

Ош, 14-июнь, 2010-жыл
Ош, 14-июнь, 2010-жыл

Ошол эле 2011-жылы Абдыганы Эркебаев башчылык кылган Улуттук комиссия да коогалаң боюнча иликтөө жасап, "куралдуу кан төгүүгө Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик күчтөрдү, качкын президент Курманбек Бакиевдин жактоочуларын жана кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар сырткы күчтөр себепкер болду" деген корутунду чыгарган. Улуттук комиссия мындан сырткары окуянын алдын албаганы үчүн Убактылуу өкмөттү күнөөлөгөн.

Ошо кездеги Улуттук комиссиянын мүчөсү, саясатчы Накен Касиев окуяга кайсы бир деңгээлде баа берилди деп санайт:

- Июнь окуясына тарых алдында баа берилген. Эми ал толук кандуу берилдиби, ага эки тарап канааттандыбы же канааттанган жокпу, бул башка сөз. Бирок 1990-жылкы, 2010-жылкы коогалаңдарга баа берилген. Мен мүчө болгон Улуттук комиссия окуяга радикалдуу көз карашта жүргөн адамдар, ошол убактагы өйдө-ылдый болуп турган саясий кырдаалдар себеп болгон деп тапканбыз. Бийликтен да күнөө кеткен. “Тилибизди расмийлештиргиле, автономия бергиле” деген Кадыржан Батыров сыяктуу саясатчыларды дароо четке какпай, аларды кээ бир бийликте тургандар кабыл алып жиберишкени да ачыкка чыккан. Иликтөө учурунда ушулардын баарын аныктап, мына ушулардын баары ошол тополоңго алып келгенин айтканбыз. Мен билгенден күнөөлүүлөрдүн көпчүлүгү жоопко тартылган. Бирок кээ бирлери, көмүскөдө калгандары да бар болушу мүмкүн.

Кийин Токон Мамытов жетектеген Жогорку Кеңештеги комиссия да коогалаң боюнча иликтөө жүргүзүп, “окуянын чыгышына Кадыржан Батыров, Иномжан Абдрасулов, Жалалиддин Салахуддинов, Карамат Абдуллаева сыяктуу сепаратисттик саясатчылардын аракеттери себепчи болгон” деп тапкан. Депутаттар ошондой эле “кооганын башталышына уюшкан кылмыштуулук, наркобизнестин да салымы бар” деп жыйынтык чыгарган. Бирок комиссия мүчөлөрү бири-бири менен макул болбой, үч бүтүм жарыялашкан.

17-июнь, 2010-жыл
17-июнь, 2010-жыл

Канткен күндө да “2010-жылкы окуяга жетиштүү саясий баа берилбей калды” дегендер арбын. Талдоочу, тарыхчы Сыдык Смадияров көз карашын мындайча түшүндүрдү:

- Ошол эле комиссиялардын түзүлүшү, алардын иликтемиш болушу элди жооткотуу үчүн жасалган. “Окуя адилет иликтенип жатат, ал эмес мына эл аралык көз карандысыз комиссия да карап жатат” дегендей саясат болгон. Бул ошол учурдагы оор кырдаалга да байланыштуу болушу мүмкүн. Бирок кандуу окуяга саясий баа толук берилген жок, буга чекит коюла элек. Ал тургай акырындап коогалаң темасы унутулуп калды. Менин оюмча июнь коогасын апрель окуясынан ажыратып кароо мүмкүн эмес. Анткени апрель окуясы болбосо, июнь окуясы да болмок эмес. Бул жерде бийликтин начарлаганын айрым адамдар пайдаланып кеткен. Биринчи кезекте окуянын чыгышына 2010-жылы бийликтен кеткендер жана бийликке келгендер күнөөлүү болгон. Муну мындай үстүртөн, кыйытып айтпай, ачык айтышыбыз керек. Ошондо окуяга так саясий баа берилген болот. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү деле моралдык күнөөбүз бар дегендей кылышты. Бирок айрым адамдар үчүн бийликтин баасы, элдин, адамдын өмүрүнөн кымбат турат экен. Буга мына ушундай ачык баа бериш керек. Төңкөрүштөрдү мен жасадым дегендер, анын кесепетинен чыккан июнь окуясы үчүн да жоопкерчиликти алышы керек.

Сыдык Смадияров ошондой эле бийликти мындай окуялардын алдын алуу чараларын токтотпоого чакырат:

- Эгер биз окуя “бул адамдардын айынан чыккан, тигилер айыптуу болгон, мындай жагдайлар себеп болгон” деп аныктап албасак, андан сабак албайбыз. Башкача айтканда, оорунун себебин иликтеп, тактоо зарыл. Чатактын тамырын жеринен кыркыш керек. Антпесе мындан кийин да бул окуялар кайталанып кетпейт деп ким кепилдик берет? Негизи кагылышуу ушунчалык тереңдеп кетишине кайсы бир деңгээлде эл ичинде болгон кыртыш себеп болгон да. Андай болбогондо бир ууч адам мындай масштабдагы чатакты чыгара алмак эмес. Эми мына эсибизге келгенден кийин ошол нерсе менен иштеп, ошол кыртышты жок кылууга аракет кылуубуз зарыл.

Расмий маалыматтар боюнча, 2010-жылдагы июнь окуясында 446 адам каза болуп, эки миңге чукул жаран ар кандай деңгээлде жараат алган. Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын он тогузу табыла элек.

20-июнь, 2010-жыл, Ош
20-июнь, 2010-жыл, Ош

Коогалаң учурунда укук коргоо органдарынан жана аскер бөлүктөрүнөн 1058 ок атуучу курал жана жүз миңден ашуун ок-дары жоголгон. Мындан сырткары алты чопкутталган аскер техникасы тартылып алынып, кийин кайтарылган. Көрүлгөн чаралардын негизинде 632 курал-жарак жана ар түрдүү калибрге түшчү 90 миңге чукул ок-дары кайра кайтарылган.

Курал-жарактарды тартып алуу жана шалаакылык боюнча 66 кылмыш иши козголуп, анын 52си ачылган. Сотко мына ушундай мүнөздөгү 38 кылмыш иши берилип, 55 аскер адамына айып коюлду. Алардын арасынан куралды тарттырып жиберүүгө өбөлгө түзгөн кырдаалга жараша деген негиз менен 27 аскер адамынын кылмыш иши кыскарганы белгилүү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG