Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:09

"Санпа кайгысын" китепке салган жазуучу


Бактыкан Ажымаматова маданий иш-чаралардын биринде.

Журналист жана жазуучу Бактыкан Ажымаматова Курманбек баатыр жөнүндө кино тартууга камынып жүрөт.

Бактыкан Ажымаматова ишмердигинин басымдуу бөлүгүн телевидениеге арнаган. Азыр облустук "Акыйкат" гезитинде журналист болуп эмгектенүү менен катар көркөм чыгармаларды жазып, повесть, аңгемелер жыйнактарын китеп кылып элге тартуулап келатат:

- Журналист болгонум үчүн көркөм чыгармачылыкты кошо алып кетип жаткандаймын. Журналисттер эл аралап жүрөт эмеспизби. Ошол адамдардын арасынан эле көркөм чыгарманын каармандары табылат. Тагдыры кызыктуу айрым кишилер менен маектешип, баарлашып отуруп эле жаңы чыгарманын каарманы көз алдыңа келип калат. Ал айтып берген окуялардын кай бир ирмемдерин илип аласын, ошол нерсе чыгарманын өзөгүн түзөт. Кызыктуу тагдырды угар замат ал көкүрөгүңө уялап калат. Аны чыгарма кылып жаратмайыча көөдөндө жүрө берет.

Бактыкан Ажымаматованын чыгармачылыгы, тарыхый кино тартуу дымагы тууралуу бир аздан соң айтып берели. Азыр анын салмагы оор иши жөнүндө сөз кылабыз.

Ал 2010-жылы Ош жана Жалал-Абад облустарында болгон кандуу Июнь коогасында Сузак районунун аймагындагы "Санпа" пахта тазалоочу заводунун жанында кейиштүү тагдырга туш болуп, набыт кеткен, жараат алган кишилер тууралуу "Санпа трагедиясы" аттуу эскерүү китеп чыгарган:

- Июнь окуясы тутанган кезде мен Бишкекте элем. "Бешинчи каналда" тажрыйба өтөп жүргөм. Бул жактагы калабаны угуп, чыдабай Жалал-Абадга жол тарттым. Балам мектепте окучу. Ошону ойлоп, жолго чыктым. Таксиде келатсак, "Санпа" заводу жайгашкан Топурак-Белде жалындап от күйүп жаткан. Бирок жол тынч болчу. Эмне болгонуна түшүнбөй өтүп кете бердик. Шаарга кирсек, көп жер талкаланыптыр. Ага чейин Жалал-Абад облустук телерадиоканалында 18 жыл иштедим, башкардым. Каналдын жаңы имаратын курдуруп, ички-тышкы жасалгасын жасаттым эле. Ошол имарат да өрттөнүп кетиптир. Көрүп, чыдай албадым... Анан эле "Санпада" кишилерди өлтүрүшкөнү тууралуу маалыматтар чыкты. Жолдо ары-бери каттап жаткан 19 киши күнөөсүз эле набыт болушту, 48 адам жараат алган. Ондогон машине өрттөндү. Бул кимге керек эле? Трагедия. Анан ушул окуя боюнча сот иштери жүрдү. Сотко катыша баштадым. Кылмышкер ким, ким кимди өлтүргөнү териштирилип жатты. Карап отурсам, түрдүү тагдырлар. Балдар жетим, келиндер жесир калышты. Ата-энелер боздоп отурат. Сексен-токсон жаштагы кемпир-чалдардын сотто ыйлаганын көрдүм. Баарын кагазга түшүрүп, "Санпа трагедиясы" аттуу китеп жаздым.

Китепте өтө оор учурлар жазылган. Адамдын колунан келбей турган мыкаачылыктар сүрөттөлгөн. Бишкекке бир басмаканага алып барсам, алар окуп, басып чыгаруудан баш тартты. "Мындайды чыгара албайбыз, кийин жооп бергибиз келбейт, мындай жырткычтык болушу мүмкүн эмес" деп айтышты. Ишенишпеди. Башка басмаканага алып бардым. Ал жердегилер да окуп чыгып, аябай оор жерлерин алып салуумду суранышты. Кыскартып, жумшартып отуруп, 2011-жылы китепти чыгардык.

Бактыкан Ажымаматованын китептери.
Бактыкан Ажымаматованын китептери.

Бактыкан Ажымаматова бала кезден эле чыгарма жаратууну, журналист болууну самаптыр. Айтылуу Курманбек баатыр көмүлгөн жер анын айылында экенин тээ Совет доорунда эле коңгуроо кагып, тарыхчыларды кыштагына чакыруу аракетин көргөнүн сүйлөп берди:

- Мен Курманбек баатырдын денеси көмүлгөн жерден - Калмак-Кырчын айылынан болом. "Курманбек" дастанында Кош-Аң, Аң деген жерлер айтылат эмеспи. Ошол аңдарды басып чоңойгом. Мектепте окуп жүргөн кезимде "Кыргызстан пионери", "Ленинчил жаш" сыяктуу гезиттерге, облустук, райондук басылмаларга жаза берчүмүн. Курманбек баатырдын сөөгү биздин айылда десем эч ким ишенчү эмес. Жылдар өтүп, тарыхчылар изилдешти, аныктап чыгышты. Археологдор, адабиятчылар келип, баары тастыкталды. Анан күмбөз тургузулду.

Курманбек тууралуу тарыхый кино тартууну кыялданам. Тажиктердин, өзбектердин тарыхый каармандары тууралуу тасмаларын көрүп суктанып, ошондой фильм жаратууга белсенем. Азырынча ал ишке аша элек. Бирок 2000-жылы ЖТРди жетектеп турган кезимде Курманбек тууралуу чакан фильм тартканбыз. Даректүү-көркөм тасма болду. Сценарийди Ооганбек Станбеков аттуу жазуучу жазды. Образдарды Жалал-Абад театрынын артисттери чагылдырышты. Ошону тартып алып, "өх, бир иш жасадым" деп калгам. Азыр деле облустук телерадиоканалдын архивинде турса керек.

Бактыкан Ажымаматова журналисттик жолунда көбүнчө социалдык темаларды чагылдырып, элдин кубаныч-кайгысын жазып келет. Көркөм чыгармаларында карапайым калктын турмушу көрсөтүлөт. Азыр жети китептин автору. Бир аңгемесинин негизинде кино тартылган:

- "Көк бет" деген аңгемем кино болгон. Аны Канет Касенов жаш режиссер тасма кылган. Бишкектен, Жалал-Абаддан актерлор роль ойношкон. Бирок фильмдин продюсери аварияда каза болду. Тасманын оригиналы ал кишиде эле. Ошол бойдон экранга чыкпай калды. 2009-жылы тартылган, бирок элге көрсөткөнгө жетишпедик.

Аңгеме жазууну студент кезден баштагам. Топтоп жүрө бердим. 1993-жылы бир таңгак чыгармамды "Мектеп" басмаканасына тапшырдым. Азыркы технология жок, машинкада басып, кагазга жазып тапшырабыз. Планга киргизип, 1995-жылы китеп кылып чыгармай болушту. Анан эле заман өзгөрүп, баары менчиктештирилди, талкаланды, басмакана да жок болду. Аны менен кошо менин бардык мээнетим жок болду. Анткени өзүмдө нускасы калган эмес. Издеп таппадым. Арасында бирде ыйлап, бирде күлүп жазган эки чоң аңгемем бар эле. Кайра отуруп, эстеп жазайын дедим, бирок окшободу. Кой деп, башка чыгармаларга кириштим.

Чыгармачыл кишилер арасында "көркөм адабият менен журналистика бири-бирине дал келбеген багыт, экөөнү айкалыштырып иштөө мүмкүн эмес" деген пикир бар. Бактыкан Ажымаматова бул жаатта төмөнкүдөй ойдо:

- Бир жолу акын кесиптешим "журналисттердин көркөм чыгармаларында журналистика басымдуу болуп кетет, чыгармачылык менен алектенгиси келген адам журналистикадан кетиши керек, антпесе толук жазуучу боло албайт" деди. Ошондон кийин ойлоно баштадым. Байкап көрсөм, чын эле биз жазган аңгеме-баяндарга журналистиканын элементтери аралашып кеткен учурлар болот экен. Азырынча, журналистиканы таштайм деген ойго келе элекмин. Балким акырындап адабий чыгармачылыкка өтөм. Азырынча эки багыт жуурулушуп турса да, өзүмдө кыйынчылыкты сезе элекмин...

Баянды бул жерден угуңуз:

"Санпа" окуясын китепке салган жазуучу
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:25 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG