Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

Коогада ок жеген Мансурду үй азабы кыйнады


Мансур Жураев
Мансур Жураев

2010-жылдагы июнь окуясынын жарасы акырындык менен айыгып келе жатат. Бирок коогада жабыр тарткандардын айрымдарына болгон мамиле жүрөктү оорутпай койбойт. Бүгүн биз каргашада ок жеген Ош шаарынын 32 жаштагы тургуну Мансур Журабаевдин тагдырын айтып беребиз.

Мансур карапайым наабайчы. Төрт жүздөн ашуун адамдын башын жуткан кандуу күндөрдө анын ден соолугу талкаланган.

Мансур Жураев мындан жети жыл мурда болгон каргашада ок жеген мүнөттү эскерип отурду:

- 2010-жылы Орусиядан келип, үйдү ремонт кылгам. Наабайчылык ишти жаңы баштаган элем. Оштун Кулатов кичи районундагы сатуучу эжелер кардарларым болчу. Алар телефон чалып, "нан жаап бер" деп суранышты. Алгач тополоң болуп жатканы үчүн сунуштан баш тарткам. Бирок алар "Сен даярдай бер. Мааледен алып чыгып берсең, өзүбүз алып кетебиз" дешти. Эжем экөөбүз ошол 11-июнь күнү наабайканада иштедик. Нанды бышырып бүтүп, машинемди от алдырып эжелер айткан жерге бармай болдум. Дарбазаны ачып, көчөгө чыксам түтүн каптап турган экен. Анан эле кайдан-жайдан кара беткапчандар пайда болуп, алар аткан чачма ок башыма тийди. Көзүм караңгылап жыгылып түштүм. Бирок дароо тура калдым да маалеге качып кирдим. Мааледе адам калбаптыр. Бир кошунам жолугуп калып, машинеге салып чек арага жеткирди. Ал жерге барганда эле эстен таныпмын.

Кансыраган Мансур ошентип кыргыз-өзбек чек арасында уюштурулган качкындар лагерине жеткирилген. Өзүнүн айтымында, эстен танып, 15 күн өткөндөн кийин Кыргызстандагы ооруканалардын биринде көзүн ачкан.

Үй азабы эзип бүттү...

Мансур азыр ден соолугунан кыйналганы аз келгенсип, жашаган үйүнүн да көйгөйүн тартып жатат.

Мамдирекция курган үйлөрдүн машакаты

Мамдирекция курган үйлөрдүн машакаты

Жогорку Кеңеш 19-февралда Ош менен Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын иши боюнча депутаттык комиссиянын корутундусунан кийин токтом кабыл алган. Анда дирекциянын биринчи жетекчиси, азыркы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев баштаган жетекчилердин иши канааттандырарлык эмес деп табылган.

Ош шаардык мэриясы Мансурга 2014-жылы үй бериптир. Бирок бүгүн ал батирди кайра бошотууну талап кылып жаткан экен. Оорукчан жигит азыр 11-июнда чын эле жараат алганын далилдей албай убара.

- Документтериң толук эмес дегенинен мэрияга бардым. "Сен эмне качып жүрдүңбү?" дешти. Мен кайда качмак элем? Ооруканага жатканым эле болбосо Ошто жүрөм. Милиция ошол кезде мага эч нерсе деген эмес. Кандай документтерди топтоо керектигин да билген эмеспиз. Ооруканада жатканда берилген документтерим боюнча үй беришкен да, - деди Мансур.

Мансурдун жубайы Зулайка Салиева жолдошунун жабыркагандыгын далилдөөчү кагаздардын айынан далай эшикти кагып, таманы тешилгенин айтып берди:

- Июнь окуясында жабыркаганын ырастаган кагаз керек экен. Аны Кара-Суунун милицияканасынан издеп таппадык. Эми Ош мэриясы "Силердин үстүңөрдөн прокуратурага кайрылабыз, туура эмес документ менен үй алгансыңар" деп сарсанаа кылып атат. Бизде соттук-медициналык экспертизанын корутундусу бар. Негизи милициянын сурагынан кийин, милициянын чечими менен гана соттук-медициналык экспертиза дайындалат экен. Биз аны билбей эле соттук-медициналык экспертизадан өтүптүрбүз. Түшүнүксүз...

Мансур жараат алган күнү аны бирге нан жапкан бир тууган эжеси Хилола Журабаева аткаминерлерге нааразы экенин жашырган жок.

- Ушунча болуп калды эми ачык эле айта берейин. Бизге мыйзам талап кылган кагаздарды жасап бербей маалкатып созуп жатышат. Оорукчан инимди ээрчитип алып ар кайсы мекемеге барабыз. Күтөбүз. Башкалардын иши бүтө берет, биздики кала берет. Инимди аяп өзүм барсам, ээрчитип кел дешет. Ээрчитип барсам, күтүп тургула деп ошол бойдон кеч кирет. Күнүбүз ошентип эле өтүп жатат.

Мансурдун жубайы Зулайканын айтымында күйөөсү башына тийген октон кийин унутчаак болуп, баскан-турганы мурдагыдай болбой калган.

- Булдуруктап жакшы сүйлөй албайт. Буту чалыштап калды. Ошонун айынан көчөгө чыкса массыңбы деп сурашат, - дейт Зулайка.

Он жети адамдын документи туура эмес

Биз Мансурдун көйгөйү боюнча Ош шаардык мэриясынын Турак жай департаментинин башчысы Кутманалы Абдрахман уулуна кайрылдык. Ал 2011-2014-жылдар аралыгында өкмөттөн үй алгандардын айрымдарынын документтери толук болбогонун, анын баары азыр билинип жатканын айтты:

Июнь окуясы: эсеби чыкпаган эл аралык жардам

Июнь окуясы: эсеби чыкпаган эл аралык жардам

Эсеп палатасы 2011-жылы мамлекеттик дирекциянын ишмердигин текшерип чыгып, 44 миллион сом бюджеттик каражат максатсыз чыгымдалганын таап чыккан.

- Июнь коогалаңы боюнча 631 адамга үй берилген экен. Бирок үй ошол учурда жабырлануучуларга убактылуу ордер менен эле берилген. Учурда аларды биротоло менчиктештирип берүү иштери жүрүп жатат. Февраль айынан бери 300 документ текшерилип бүттү. Анын ичинен 17 адамдын документтери толук эместиги аныкталды. Мисалы кээ бирлеринин кагаздарында иреттүүлүк бузулган. Сурактын протоколу же милициянын жолдомосу жок эле соттук-медициналык экспертизанын корутундусун алышкан. Ушундай көрүнүштөр үйдү мыйзамдаштырып берүүгө жолтоо болууда. Биз бардык иш кагаздары толук болушун талап кылып жатабыз. Мунун баары жашаган жерин менчиктештирип берүү эле аракети.

Башынан ок жеген кезде Мансур жаңы үйлөнгөн 25 жаштагы жигит болчу. Азыр ал үч баланын атасы. Экинчи топтогу майып. Бир күнү оору, бир күнү соо экенине карабай мурдагыдай эле нан жаап үй-бүлөсүн багып келет.

2010-жылы 10- июнь күнү тутанган окуяда жалпысынан 446 адам набыт болуп, эки миңге чукулу ар кандай деңгээлде жараат алган. Элүү жети адам дайынсыз жоголуп, кийин алардын саны он тогуз адамга кыскарган. Июнь окуясында жарандарга жана мамлекетке келтирилген материалдык зыяндын өлчөмү төрт миллиард сомдон ашуун экени жарыяланган болчу.

"Азаттыктын" архиви: Оштун чуулгандуу үйлөрү. 12-октябрь, 2016-жыл
Оштун чуулгандуу үйлөрү
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:28 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG