Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:11

БУУнун атайын баяндамачысы Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу билдирүү таратты


Мэри Лолор, Улуттар Уюмунун укук коргоочулардын абалы тууралуу атайын баяндамачысы.
Мэри Лолор, Улуттар Уюмунун укук коргоочулардын абалы тууралуу атайын баяндамачысы.

25-июлда Улуттар Уюмунун укук коргоочулардын абалы тууралуу атайын баяндамачысы Мэри Лолор өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмүнөн кийин билдирүү таратты.

“Азимжан Аскаров Кыргызстанда түрмөдө каза болду. Абактарда дагы бейкүнөө адамдар өлүшү мүмкүн. Аскаров ушул маалда түрмөдө отурбашы керек эле. Бийлик аны эркиндикке чыгарбаса, укук коргоочунун өмүрүн кандай коркунуч тооруп турганын билген. Башка өлкөлөрдө мындай үрөй учурган ката кайталанбашы керек. Азыр боорукер болуунун маалы”, – деп айтылат БУУнун атайын баяндамачысынын билдирүүсүндө.

“Азимжан Аскаровдун дүйнөдөн кайтканы тууралуу кабардан кийин кабыргабыз кайышып турат. Мен аны менен жолугуп, анын эч кандай күнөөсү жок экенин билчүмүн. Кыргызстан анын бийликтин дарегине айткан жөндүү сынын басуу үчүн соңку 10 жыл абакта кармады. Укук коргоочунун ден соолугунун начардыгына жана COVID-19 дартынын чоң тобокелдигине карабай, бийлик аны түрмөдөн чыгарган жок. Биз жакында эле Аскаровду эркиндикке чыгарууга үндөгөнбүз”, – деп айтылат Лолордун билдирүүсүндө.

2010-жылы Аскаров камалып, ага өкүм чыккандан бери эле эл аралык коомчулук аны бошотууну кыргыз бийлигинен өтүнүп келген. Улуттар Уюмунун Адам укуктары комитети Кыргызстанга атайын сунуштама да берген. Бирок кыргыз бийлиги өз жүйөсүн келтирип, андай өтүнүч-сунуштарды аткарган жок.

2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана адилет сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген. Аскаров «кыргыз өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмунун сунуштарын эске албай жатат» деп өкмөттү сотко берген. Бирок 15-июнда бул доо арыз токтотулган.

69 жаштагы укук коргоочу 2010-жылы июнь окуяларында "массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан" деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Быйыл 13-майда Жогорку сот Аскаровго карата буга чейин чыккан өкүмдү күчүндө калтырган.

XS
SM
MD
LG