Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:22

Риттман: Аскаровдун абакта көз жумганы кыргыз бийлигине көө жапкан иш


"Human Rights Watch" эл аралык уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Мира Риттман.
"Human Rights Watch" эл аралык уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Мира Риттман.

"Human Rights Watch" эл аралык уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Мира Риттман укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмү үчүн жоопкерчилик Кыргызстандын бийлигинин мойнунда деп эсептейт. Ал бул тууралуу «Азаттыкка» курган маегинде билдирди.

«Камактагы Азимжан Аскаровдун саламаттыгы үчүн бийлик жоопкер эле, ошол себептен анын өлүмү Кыргызстандын тарыхында кара так болуп өмүр бою кала берет. Аскаровдун иши боюнча бийликке туура чечим кабыл алганга мүмкүнчүлүк көп эле жолу болду. Бирок алар мындай жолго барышкан жок. Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдарынын бир нече жолку чакырыктарына, Кыргызстан кол койгон эл аралык нормаларга, БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин Аскаровду бошотуу боюнча берген сунуштарына карабастан бийлик аны бошоткон жок. Бул Кыргызстандын бийлигинин бетине көө жапкан иш. Кыргызстандын беделине келтирилген чоң кара так», - деди Риттман.

2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана адилет сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген. Аскаров «кыргыз өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмунун сунуштарын эске албай жатат» деп өкмөттү сотко берген. Бирок 15-июнда бул доо арыз токтотулган.

69 жаштагы укук коргоочу 2010-жылы июнь окуяларында "массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан" деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Быйыл 13-майда Жогорку сот Аскаровго карата буга чейин чыккан өкүмдү күчүндө калтырган.

Аскаров каза болгону тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы 25-июлда билдирди. Мекеме тараткан билдирүүдө ага “оң тараптуу пневмония» диагнозу коюлган.

XS
SM
MD
LG