Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:09

Адвокат: Азимжан Аскаров түрмөнүн айынан өлдү


Азимжан Аскаров
Азимжан Аскаров

Абакта каза тапкан укук коргоочу Азимжан Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахитов Аcкаров акыркы күндөрү катуу ооруп жатканын билдирди. Ал 22-июлда абакка барып, Аскаровду тезинен медициналык кароодон өткөрүүнү талап кылганын айтты:

“22-июлда мен №19 абакка келип, айнек аркылуу телефондон сүйлөшкөн элем. Ошондо жөтөлүп, сүйлөшө албай жаткан. Өңү сапсары эле. Мен ошол жерден дароо түрмөнүн жетекчисинин орун басарына “мындай болбойт, тезинен консилиум кылып, медициналык кароодон өткөрүңүз” деп арыз жазгам. Ал эмнеден каза болушу мүмкүн? Албетте, түрмөнүн айынан өлдү. Гуманитардык жагын карап 70 жаштагы адамды бошотуп койсо болот эле да. Үйүндө өтүп кетсе бир жөн эле. Чыгарып коюшканда эң көп жашаса дагы жарым же бир жыл жашамак. Ага да макул болушкан жок да. Мен биздин чоңдорго түшүнбөй жатам", - деди Вахитов.

Июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров 25-июлда каза болду.

Бул тууралуу маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы да ырастады.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы тараткан маалыматта 10 жылдан бери темир тор артында отурган Азимжан Аскаровго алдын ала “оң тараптуу пневмония” деген диагноз коюлган.

“Алдын ала коюлган “оң тараптуу пневмония” деген диагноз менен №47 түзөтүү мекемесине жеткирилген Азимжан Аскаров кислороддук концентраторго жаткырылган. Анын сатурациясы 80-83 көрсөткөн. Бирок ал каршылык көрсөтүп, кислороддук концентратордун маскасын айрып салган. Аскаров нөөмөттөгү дарыгердин көзөмөлүндө болчу. 25-июль эртең мененки саат 9:30да Аскаров кайра кислороддук концентраторду өчүрүп салган. Саат 10:30 каза болгону аныкталды. Анын дарылануудан баш тартканы тууралуу тиешелүү актылар түзүлдү. Аскаровдун сөөгү Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна жөнөтүлдү жана соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөндөн соң эмнеден каза болгону тууралуу так маалымат берилет”, - деп жазылат мекеменин маалыматында.

Мекеме буга чейин да Аскаров медициналык дарылануудан баш тартып келгенин кошумчалады.

Бишкектин четиндеги №19 абакта жазасын өтөп жаткан Азимжан Аскаровду «Тез жардам» кызматы 24-июлда №47 абакка жеткирген.

Укук коргоочу катуу ооруп жатканын буга чейин анын адвокаты Валерьян Вахитов, эл аралык «Фергана» басылмасынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Даниил Кислов, дүйнөлүк Front Line Defenders уюмдары кабарлаган. Алар Азимжан Аскаровду ооруканага чыгарууну, ал боюнча соттун чечимин жокко чыгарып биротоло бошотууну талап кылышкан.

21-июлда Кыргызстандын Акыйкатчы аппаратынын адистери Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №19 абагында отурган Азимжан Аскаровдун абалы менен таанышып чыкканын, анын дене табы көтөрүлүп жатканын маалымдаган.

13-майда Жогорку сот Аскаровго карата буга чейин чыккан өкүмдү күчүндө калтырган. 69 жаштагы укук коргоочу 2010-жылы июнь окуяларында «массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан» деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Эл аралык уюмдар бийликти ишти кайра карап, укук коргоочуну эркиндикке чыгарууга чакырган. Аскаров өзүнүн күнөөсүз экенин билдирип келген. Ал камалганга чейин Жалал-Абадда күч органдарынын мыйзамсыз иштерин ашкерелеп жүргөнү менен белгилүү болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG