Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:58

Акыйкатчы: Азимжан Аскаров дене табы көтөрүлүп жатканын айтты


Азимжан Аскаров соттук отурумда. Архивдик сүрөт.
Азимжан Аскаров соттук отурумда. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытовдун тапшырмасы менен Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкерлери Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №19 абагында жаткан Азимжан Аскаровдун абалы менен таанышып чыгышты. Бул тууралуу Акыйкатчы институту 21-июлда кабарлады.

Анда айтылгандай, аталган түзөтүү колониясынын санитардык бөлүм башчысы Э.Курманалиев Аскаровдун дене табы бир нече күн бою өөдө-ылдый болуп, 38,5 градуска чейин жеткенин, кан басымы нормадан бир аз төмөн болуп жатканын билдирген. Жолугушуу учурунда соттолуучу Азимжан Аскаров өзү да денеси теңселип жатканын, муундары ооруп, табити жоголуп, көңүлү айланганын айткан.

Акыйкатчы институтунун өкүлдөрүнүн катышуусунда текшерүү учурунда Аскаровдун дене табы 36,9 градус, кан басымы 100/60 бирдигинде чыкты. Укук коргоочунун саламаттыгын жакшыртуу үчүн тиешелүү дары-дармектер берилип жатканы такталды.

Камакка алынгандар коронавирус инфекциясына ПЧР-анализден өткөн-өтпөгөнүн тактоо учурунда абактын дарыгери «алар камерада жалгыз отурарын жан эч ким менен байланышта болбой турганын, ошондуктан анализге зарылдык жоктугун» билдирген. Мекеменин санитардык адиси Азимжан Аскаровдун абалы канааттандырарлык экенин да маалымдаган.

Баарлашуу учурунда Аскаров «дарылануу үчүн №47 абакка которулууга макул эмес экенин, аялына акча которууга уруксат берилсе, №19 колонияда эле дарыланарын» айткан.

20-июлда эл аралык «Фергана» басылмасынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Даниил Кислов Аскаровдун саламаттыгы оорлоп кеткенин билдирип, аны бошотууга чакырган. 13-июлда Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахитов аны ооруга чалдыкканына байланыштуу абактан чыгарууну Жаза аткаруу кызматынан талап кылган. Эки учурда тең ЖАМК маалыматты төгүндөп, укук коргоочунун саламаттыгы жайында экенин айткан.

13-майда Жогорку сот Аскаровго карата буга чейин чыккан өкүмдү күчүндө калтырган. 69 жаштагы укук коргоочу 2010-жылы июнь окуяларында "массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан" деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Эл аралык уюмдар ишти кайра карап, укук коргоочуну эркиндикке чыгарууга бийликти үндөп келет. Аскаров өзүнүн күнөөсүз экенин билдирип жүрөт. Ал камалганга чейин Жалал-Абадда күч органдарынын мыйзамсыз иштерин ашкерелеп жүргөнү менен белгилүү болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG