Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Адвокат Валерьян Вахитов Азимжан Аскаровду оорусуна байланыштуу абактан чыгарууну талап кылды


Азимжан Аскаров сот залында. 2017-жыл.
Азимжан Аскаров сот залында. 2017-жыл.

Июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахитов кардары ооруга чалдыкканына байланыштуу абактан чыгарууну Жаза аткаруу кызматынан талап кылды.

«Азаттыкка» берген билдирмесинде адвокат укук коргоочунун температурасы көтөрүлүп, жөтөл жана башка оорулары күчөп кеткени тууралуу кабар алышканын, «жок дегенде аны ооруканага чыгаруу керектигин» белгиледи.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Самат Калыков Азимжан Аскаровдун саламаттыгы жайында экенин билдирип, ага кошумча дарылануунун зарылдыгы жоктугун маалымдады. Мекеме өкүлү ошондой эле абактан чыгаруу өтүнүчүн адвокат сотко жолдооосу керектигин, ЖАМК жөн гана чечимди аткаруучу орган экенин тактады.

13-майда Жогорку сот Аскаровго карата буга чейин чыккан өкүмдү күчүндө калтырган. 69 жаштагы укук коргоочу 2010-жылы июнь окуяларында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Эл аралык уюмдар ишти кайра карап, аны эркиндикке чыгарууга үндөп келет. Аскаров өзү күнөөсүз экенин билдирип жүрөт. Ал камалганга чейин Жалал-Абадда күч органдарынын мыйзамсыз иштерин ашкерелеп жүргөнү менен белгилүү болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG