Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:25

Front Line Defenders: абактагы Азимжан Аскаровдун абалы оор


Азимжан Аскаров соттук отурумда. Архивдик сүрөт.
Азимжан Аскаров соттук отурумда. Архивдик сүрөт.

Front Line Defenders уюму абакта жаткан кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаровдун саламаттыгы тууралуу билдирүү таратып, анын абалы оорлошуп кеткенин эскертти. Бул жөнүндө аталган уюм Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахитовдун маалыматына таянуу менен кабарлады.

Уюмдун маалыматында адвокат 22-июлда укук коргоочу менен жолугуп чыкканы, Азимжан Аскаров өз алдынча баса албай калганы, кездешүүгө аны абактын сакчылары жөлөп алып келгени белгиленет. Вахитов анын өңү кумсарып, көп жөтөлгөнүн жана дээрлик сүйлөй албай калганын айтканы жазылган.

Front Line Defenders уюму Азимжан Аскаровдун ден соолугу кескин начарлап кеткенине камтамачылыгын билдирип, БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин рекомендациясына ылайык аны чукул арада бошотууга бийликти чакырды. Дүйнөдөгү укук коргоочулардын укугун коргоо менен алектенген, баш кеңсеси Дублинде жайгашкан бул мекеме өз билдирүүсүндө соттун өкүмүн жокко чыгарууга үндөгөн.

21-июлда Кыргызстандын Акыйкатчы аппаратынын адистери Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №19 абагында жаткан Азимжан Аскаровдун абалы менен таанышып чыкканын, анын дене табы көтөрүлүп жатканын маалымдаган.

20-июлда эл аралык «Фергана» басылмасынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Даниил Кислов Аскаровдун саламаттыгы оорлоп кеткенин билдирип, аны бошотууга чакырган. 13-июлда Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахитов аны ооруга чалдыкканына байланыштуу абактан чыгарууну Жаза аткаруу кызматынан талап кылган. Эки учурда тең ЖАМК маалыматты төгүндөп, укук коргоочунун саламаттыгы жайында экенин айткан.

13-майда Жогорку сот Аскаровго карата буга чейин чыккан өкүмдү күчүндө калтырган. 69 жаштагы укук коргоочу 2010-жылы июнь окуяларында "массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан" деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Эл аралык уюмдар ишти кайра карап, укук коргоочуну эркиндикке чыгарууга бийликти үндөп келет. Аскаров өзүнүн күнөөсүз экенин билдирип жүрөт. Ал камалганга чейин Жалал-Абадда күч органдарынын мыйзамсыз иштерин ашкерелеп жүргөнү менен белгилүү болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG