Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Бюджеттеги ар бир төртүнчү сом мамлекеттик карызды төлөөгө кетүүдө


2020-жылдар Кыргызстандын бюджети үчүн эң оор учур болот, анткени бул он жылдыкка мамлекеттик карыздарды төлөөнүн туу чокусу туура келет.

2020-жылдын жети айында республикалык бюджеттин чыгымдары 74,6 млрд. сомду түздү, анын 18 млрд. сому мамлекеттик карыздарды жабууга кетти. Башкача айтканда, өкмөт болгон акчанын 24,2% карыздарды жабууга сарптады.

Жыл башынан билим берүүгө канча акча сарпталса, карыздарды төлөөгө дээрлик ошончо каражат кетти, ал эми саламаттык сактоо тармагына жумшалчу каражаттан 12 эсе көп сарпталды.

Карызды кайтарууга жыл сайын оңбогондой акча сарпталууда. Акыркы он жыл ичинде карыздарды кайтарууга кетчү каражаттар төрт эсе көбөйдү. Ал эми республикалык бюджеттин жалпы чыгымдары эки эсеге гана арбыган.

Баарынан кызыгы, мамлекеттин карыздын түзүмүндө ички карыз болгону 14% гана түзөт. Бирок аны төлөөгө сырткы карыздан да көп акча кетип жатат.

Эмне үчүн ушундай болууда? Ички карыздардын пайыздык үстөгү өтөле жогору. Каржы министрлиги банктардын үстөк пайыздарына тете облигацияларды чыгарган. Башкача айтканда, өкмөт 15-20% жылдык үстөгү менен карыз алып жүргөн. Эми салыштырып көрүңүз, четтен келчү кредиттердин жылдык үстөгү 1-2% ашпайт.

Мына ушул жерде жемкорлуктун чырмалышкан желеси турушу мүмкүн. Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин 2018-жылдын күзүндө мамлекеттин карыздарынан “кимдир-бирөөлөр бизнес жасап” жатканын жоромолдогон жайы бар.

Өнүккөн өлкөлөр облигацияларды жылдык үстөгү 1-2% кылып эле чыгарат. Бирок кыргыз сомунун инфляциясы жогору экенин да эске ала кетүү зарыл.

Эми эмне?

2020-жыл коронавирус апааты менен башталды. Өкмөт башка чыгымдардын кыйласын кыскартышы мүмкүн, бирок төлөө мөөнөтү келип калган карыздарды кайтарбай коё албайт.

Быйыл августта министрлер кабинети 2020-2023-жылдарга эсептелген мамлекеттик карыздарды жөндөөнүн жаңы стратегиясын кабыл алып, анда мамлекеттик карыздарды кайтаруу өз маалында жана толук көлөмдө жүргүзүлөрү белгиленген.

Ошол эле учурда кыргыз бийлиги карыз берчүлөргө кредиттерди кайтаруунун мөөнөтүн артка жылдыруу өтүнүчүн айтууга өттү.

Илгери үмүт Кытайда турат. Мамлекеттин тышкы карыздарынын 43,2% Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына таандык, Кыргызстан ага 1 млрд. 775 млн. доллар карыз.

Карызды кайтаруу кыстап турган чакта кризистен жүдөгөн Кыргызстан жыл башынан бери бюджеттин жыртык-тешигин бүтөгөнгө дагы 330 миллиондон ашуун доллар карыз алды. Бул каражаттардын кыйласы кредит катары келген акча.

Макаланын түп нускасы орус тилинде жазылган.

XS
SM
MD
LG