Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:28

Сөз эркиндигинин баасы жана жоопкерчилик


«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы уюштурулган акциянын катышуучулары. 29-июнь, 2020-жыл.
«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы уюштурулган акциянын катышуучулары. 29-июнь, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчыга айтылган сындан «өзүн коргоого муктаж эмес» экендигин билдирди.

Өлкө жетекчисине сын айткан жарандык активисттерди, блогерлерди бийлик органдарына чакырып, суракка алып, кечирим суратуу мыйзамдуубу же муну сөз эркиндигине жасалган кысым катары кабыл алса болобу? Дегеле айтылган сөздүн жоопкерчилиги кандай болушу керек?

«Арай көз чарай» талкуусуна мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев, саясий серепчи Бурул Усманалиева жана жарандык активист Аркарбек Мамытов катышты.

«Азаттык»: - Аркарбек мырза, президенттин дарегине сын айткан жарандарды күч түзүмдөрүнө чакырып, суракка алып, кечирим суратуу фактылары болуп жатканы айтылып, жазылып келет. Мамлекеттик органдардын бул аракеттери жарандарды тартипке чакырууга канчалык жардам берип жатат? Бийликти сындагандар азайдыбы?

Аркарбек Мамытов: - Президенттин дарегине пандемия убагында көп сын айтылды, жазылып да жатат. Мен ким болбосун ага сын айтылышы керек, бирок сын конструктивдүү болушу керек деп эсептейм.

Ооба, кээ бир учурларда айрым адамдар жеке абройго шек келтире турган сын айткан, жазган учурлар болуп кетет. Сынга кабылган адам ким болбосун, президент болобу, жөнөкөй жаран болобу, анын абийири, ар-намысы баарынан бийик болушу керек, анын аброю, укугу мыйзам аркылуу корголушу зарыл. Эгер мамлекеттик органга, анын ишине тиешелүү сын айтылса, так далилдери турса андан жыйынтык чыгарганды үйрөнүшүбүз керек. Иштен оң натыйжа жаратууга кам көрүш керек.

Мисалы, президенттин ишине байланыштуу сын айткандарды мамлекеттик күч түзүмдөрү чакырып алып, түшүндүрүү иштерин жүргүзсө болот, бирок анын пикиринин эркиндигин чектеп же кысымга алууга эч кимдин укугу жок.

«Кыргызстан – Орто Азиядагы демократиянын аралчасы» деп аталганы - биздин мактанычыбыз. Ошондуктан биздеги укук коргоо органдары чакырып койсо эле сөз эркиндиги чектелип калат дегенден алысмын. Биздин коом сөз эркиндигине көнүп калды, артка кайтпайбыз.

«Азаттык»: - Бурул айым, президент Сооронбай Жээнбеков «милиция сындаган активисттерди суракка чакырып жатса, бул алардын иши» деди. Укук коргоо органдары өз ыйгарым укуктарынын чегинен чыкпай иш алып барууда десек болобу?

Бурул Усманалиева: - Биздин коомдо жоопкерчиликтүү эркиндик болушу керек. Биздин эркиндигибиздин баа-баркы Конституцияда бекитилген. Аны жоопкерчиликтүү колдонуу биздин укугубуз. Биз ал укукту Интерентте пост түрүндө жазып, аянтта митинг учурунда сүйлөп, же оюбузду социалдык тармакта видео аркылуу жазып, ачык таркатып колдонобуз.

Бардык жерде жеке адамдын аброюна асылбашыбыз керек, жоопкерчиликтин чеги ошол. Бийликке келдиңби, президентпи, депутатпы, сотпу, туура айтылган сынга чыдаш керек. Эгер адамдын кебете-келбетине, кайсы аймактан чыкканына асылып, жеке инсандык сапатын мазактап, «фейк» маалыматттарды таркатса, анын жоопкерчилиги болушу керек.

Пандемия маалында бийликке карата сын көп айтылганын адамдарда психологиялык чыңалуу көп болгону менен түшүндүрсөк болот.

«Азаттык»: - Байтемир мырза, президент өзүнүн дарегине айтылган сындан коргоого муктаж эместигин айтты. Мамлекеттик органдар кайсы учурда мамлекет башчыны коргоого алышы керек? Күч түзүмдөрүнүн бүгүнкү аракеттери канчалык мыйзамдуу?

Байтемир Ибраев: - Бардык укук коргоо органдарынын иши, аракеттери мыйзамдын негизинде гана болушу керек. Президент да «кандай гана сын болбосун факты менен сүйлөсөк» деп айтып жатат. Көп учурларда блогерлер баатыр болгусу келип фактысы жок эле чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатып жатышат. Адамды камабай туруп, андай көрүнүштөрдү териштирүүгө, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктары бар.

Президенттин аброюн коргоо Конституция боюнча прокуратурага берилген. Эгер президентке шек келген учур болсо, ал прокуратурага кат жүзүндө кайрылышы керек. Кайрылмайынча прокуратура ал ишке аралаша албайт. Азырынча президент андай кайрылуу жасаганын көргөн жокпуз. Ал эми милиция жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин «коомдук тартипти бузууга, аймак аралык кастыкты козутууга» багытталган жана жалпы эле коопсуздукка каршы келген маалыматтарды таркатып жаткандар менен иш жүргүзүүгө ыйгарым укуктары бар. Мен муну сөз эркиндигин чектөө деп эсептебейм. Алардын да максаты – мамлекеттин коопсуздугун, бүтүндүгүн, элдин биримдигин, тынчтыгын сактоо, бекемдөө.

Эгер адам өзү тараткан маалыматтын чын-бышыгын, так экендигин далилдей алса, жоопкерчилик менен, мекенчилдик сезим менен айтып жатканын билсе, андай адамдарды кечирим суратып, видеого жаздырып алып таркатуу мүмкүн эмес. Кечирим сурап жаткандар өз аракеттери туура эмес болгонун толук түшүнгөндөн кийин гана өз эрки менен элге кайрылып жатат деп ойлойм...

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Сөз эркиндигинин баасы жана жоопкерчилик (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:26 0:00
Түз линк

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG